Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-декабры № 753
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
эскертүүнүн 3-пункту “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына,” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |