Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-январы № 2
Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарларды
максаттуу пайдалануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомунун (GIZ) арызынын негизинде “Ниссан-Патрол” маркасындагы, 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JNITCSY61Z0583251, кыймылдаткычынын
№ TD422219362 автоунааны “мамлекеттин пайдасына баш тартуу” бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул токтомдун
1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны мамлекеттин менчигине өткөрүп алсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине оперативдик башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны белгиленген тартипте оперативдик башкарууга өткөрүп алсын жана автоунаанын наркына баалоо жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаанын баасын белгиленген тартипте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |