Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-январы № 9
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1994-ж., № 5, 157-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 126-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 127-статья менен толукталсын:
“127-статья. Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан жыйым алуу.
Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан жыйым алынат.
Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан алынуучу жыйымдын өлчөмү, аны эсептөө методикасы, жолдон өтүү үчүн жыйым алынуучу транспорттук каражаттардын категориялары, жыйымды эсептеп чыгаруу жана чогултуу тартиби, жыйым алууну контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан төмөнкү учурларда жыйым алынбайт:
- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда жапа чеккендерге акысыз таратылууга, же ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарга өткөрүп берилүү үчүн арналган товарларды ташууда;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык.
Кыргыз Республикасында катталган, коргоо жана укук тартибин камсыздоо максатында пайдаланылган, өрттөн сактоо ишин жүргүзүү үчүн атайын арналыштагы транспорт каражаттары, медициналык тез жардамдын, ошондой эле жол жана жол инфраструктурасын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жыйымдан бошотулат.
Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйымдан мотоциклдер, мопеддер, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган трактор, комбайндар бошотулат.
Транспорт каражаттарды ушул статьянын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жыйымдан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
2-берене
Кыргыз Республикасынын “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 321-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“- жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан жыйым алуу;”;
- экинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 71-статья менен толукталсын:
“71-статья. Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан жыйым алуу
Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан алынган жыйымдардан түшкөн акча Кыргыз Республикасынын Жол фондусуна кириштелет. Жыйымдарды алуунун жана бөлүштүрүүнүн өлчөмү, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьянын 3-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей укукта деген” сөздөр алып салынсын.
2. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүм менен толукталсын:
«Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынан жыйым алуу.

Транспорт каражаттарды ушул статьянын сегизинчи-онунчу бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жыйымдан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 23-статьянын эскертүүсүнүн экинчи абзацы “уюм” деген сөздөн кийин “, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жак” деген сөздөр менен толукталсын.
2. 461-статьянын биринчи бөлүгү “транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле жолдо жүрүү үчүн жыйым алуу эрежелерин бузууга байланыштуу” деген сөздөр менен толукталсын.
3. 20-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2291-статья менен толукталсын:
“2291-статья. Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйым алуу эрежелерин бузуу
Жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйым алуу эрежелерин бузуу -
жарандарга эсептик көрсөткүчтүн 100 өлчөмүндө; юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 1000 өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул статьянын алкагында транспорт каражаты деп Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында катталган жүк ташуучу транспорттук каражат же автобус, ошондой эле чет мамлекетте катталган транспорттук каражат түшүнүлөт.”.
4. 511-статьянын алтынчы бөлүгү “229-статьясында” деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин “2291- статьясында” деген цифралар жана сөз менен толукталсын.
5. 545-статьянын биринчи бөлүгү “конфискациялоо колдонулбаса” деген сөздөрдөн кийин “2291, бажы иши чөйрөсүндө табылган,” деген сөздөр менен толукталсын.
6. 567-статьянын төртүнчү бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү “жол кыймылынын коопсуздугуна шек келтирген” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле жолдон өтүү үчүн жыйым алуу эрежелери менен байланыштуу,” деген сөздөр менен толукталсын.
7. 568-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“2291-статьяда каралган укук бузуу үчүн салынган администрациялык айып төлөнбөгөн учурда, 2291-статьяда каралган укук бузууларга барабар бажы иши чөйрөсүндө табылган укук бузуу болгондо транспорт каражатын кармоо, ошондой эле транспорт каражатын бажы иши чөйрөсүнүн убактылуу кармоо складынын аймагына же бажы иши чөйрөсүнүн туруктуу аймагы болгон башка жерге токтотуу белгиленген тартипте иш каралганга чейин бажы органынын кызмат адамдары тарабынан аткарылат.”.
8. 614-статьяда:
- 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Транспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өтүүсү учурунда, 229-1-статьяда каралган административдик укук бузууда салынган айып Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткенге чейин төлөнүүгө тийиш.”;
- 2-пункттун биринчи сүйлөмү “банкынын” деген сөздөн кийин “, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан төлөм уюмдарына” деген сөздөр жана “улуттук операторунун” деген сөздөрдөн кийин “филиалдары жана бөлүмдөрүнүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункт “ички иштер органынын” деген сөздөрдөн кийин “ушул Кодексте каралган тартипте бажы органынын” деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене
Ушул Мыйзам, 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 2-бөлүгүнүн 1-беренесинен жана 4-беренесинен башкасы расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ