Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-январы № 13
Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик медицина жаатында билим берүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик медицина жаатындагы билим берүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |