Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы № 18
Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Метеорология жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Метеорология жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Макулдашууну аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |