Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-январы № 23
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын
коргоо жана пайдалануу боюнча 2015-2020-жылдарга карата концепцияны бекитүү жөнүндө
Тарыхый-маданий мурас объекттерин натыйжалуу пайдаланууну жана коргоону камсыздоо максатында, «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча 2015-2020-жылдарга карата концепция тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча 2015-2020-жылдарга карата концепцияны ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |