Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 747 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январы № 24 токтому менен бекитилди |
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобону жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутумун жүргүзүү саналат.
3. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде катталган жана сакталган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата жайылтылат.
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин эсепке алууну жана каттоону уюштуруу боюнча иштерди аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин тексттерин тийиштүү маалыматтар базасына андан ары топтоо үчүн электрондук маалымат базасын пайдаланат.
Бул ишти аткаруунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин эсепке алуунун бирдиктүү тутумун түзүү жана Кыргыз Республикасынын министрликтерине, административдик ведомстволоруна, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга тийиштүү укуктук маалымат берүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин бирдиктүү электрондук маалыматтар банкын жана кагаз жүзүндөгү укуктук маалыматтын тийиштүү фондун түзүү;
- Кыргыз Республикасынын министрликтерин, административдик ведомстволорун, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболору менен маалыматтык камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, анын ичинде электрондук түрүндө да жарыялоо.
5. Көрсөтүлгөн максаттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкү иштерди жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине инвентаризация (кайра эсепке алуу) жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин Бирдиктүү реестрге эсепке алуу жана киргизүү тартибин иштеп чыгат;
- Бирдиктүү реестрге киргизилүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтардын тизмегин аныктайт.
6. Бирдиктүү реестрди түзүү жана жүргүзүүнүн негизги критерийлери болуп Бирдиктүү реестрде камтылган укуктук маалыматтардын толуктугу, расмийлиги жана тууралыгы саналат.
7. Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен төмөнкүлөрдүн атынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Бирдиктүү реестрге эсепке алынууга жана киргизилүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын (мамлекеттер аралык келишимдер);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттер аралык келишимдер);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (өкмөттөр аралык келишимдер);
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун, ошондой эле башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын (ведомстволор аралык келишимдер).
8. Кыргыз Республикасынын алуусу чектелген маалыматтарды камтыган эл аралык келишимдери Бирдиктүү реестрдин атайын бөлүмүнө тиешелүү жашыруундуулук грифи менен киргизилет. Аталган документтердин түрлөрү жана аларды Бирдиктүү реестрге киргизүү тартиби “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
9. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин Бирдиктүү реестрге эсепке алуу жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору, ошондой эле башка тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан кагаз жүзүндө документтин түп нускасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү түрүндө жана аны менен бирге электрондук сактоочуларда электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилет.
10. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын парламенттер аралык жана ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине карата ишке ашырылат.