Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 30
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-райондордун акимдеринин ишин баалоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун системалуу баалоо жана жоопкерчилигин жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин акыркы жыйынтыктарга жетишүүгө багыттоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-райондордун акимдеринин ишин баалоо методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары - райондордун акимдери (мындан ары – жетекчилер) жыл сайын, 16-февралга чейин алардын отчеттук жылдагы ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн пландык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук мезгилдер (жарым жылдык) боюнча беришет;
- Методикага ылайык отчеттук мезгилде жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты даярдоого жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 10-күнүнө чейинки мөөнөттө жиберишет;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун ар жыл сайын, 30-мартка чейинки мөөнөттө, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
отчеттук мезгилде жетекчилердин бардык категориялары боюнча жыйынтыктарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн натыйжалары жана көрсөткүчтөрү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчеттук мезгилден кийинки үчүнчү айдын 10-күнүнө чейинки мөөнөттө берет;
Методиканы иш жүзүндө колдонуу боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгат жана бекитет;
Методиканы иш жүзүндө колдонууда жетекчилерге көмөк көрсөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан отчеттук мезгилде жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты берүүнүн формаларын эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
1. Бул Методика:
- министрлердин;
- мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын;
- администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - райондордун акимдеринин (мындан ары - жетекчилердин) ишин баалоо үчүн арналган.
2. Методика Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана жетекчилердин ишин баалоону камтыган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун натыйжалуулугун баалоонун бирдиктүү системасын түзүү алкагында иштелип чыкты.
3. Жетекчилердин ишин баалоо объективдүү жана текшерилүүгө тийиш болгон маалыматка негизделет. Ал иштин бекитилген багыттарын эске алуу менен дифференциялуу жүргүзүлөт жана төмөнкүлөргө багытталган:
- жетекчилердин бааларын салыштырууга жана салыштырып текшерүүгө;
- жетекчилердин иш процессин эмес, жыйынтыктарын баалоого;
- баалоонун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кадрдык саясатын корректировкалоо үчүн негиз катары колдонууга.
4. Жетекчилердин бардык категорияларынын ишин баалоо көрсөткүчтөрдүн, индикаторлордун системасынын жана тийиштүү уюштуруу механизминин негизинде жүргүзүлөт.
5. Баалоо жүргүзүүнү уюштуруу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) жетекчилердин баалоонун индикаторлоруна жетишүүсүнүн пландык көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитиши.
2) ушул маалыматтын булагы болуп саналган мамлекеттик органдар тарабынан Жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты даярдоо жана аны баалоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине) жиберүү.
3) Баалоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчилерди баалоонун индикаторлоруна жана натыйжаларына жетишүүнүн жыйынтыктарынын жалпыланышы.
4) Баалоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчилердин бардык категориялары боюнча жыйынтыктарды квалификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн жетекчилердин ишин баалоо индикаторлоруна жана натыйжаларына жетишүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү.
5) Баалоо ар бир жарым жылдык аяктагандан кийин жылына эки жолу жүргүзүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отчеттук мезгилге карата жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн бекитет.
7. Отчеттук мезгилде жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты даярдоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар ушул маалыматты баалоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберишет.
8. Баалоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- индикаторлорго жетишүүнүн жыйынтыктары жана жетекчилердин ишин баалоонун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты жалпылайт.
- жетекчилерге алардын отчеттук мезгилдеги ишин баалоонун баштапкы көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымдайт;
- индикаторлорго жетишүүнүн жыйынтыктары жана жетекчилердин ишин баалоонун көрсөткүчтөрү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизет.
9. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жетекчилердин ишин баалоонун жыйынтыктарын өзүнүн кадрдык саясатында негизги каражаттардын бири катары колдонот.
1-таблица
Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ишин баалоо критерийлери
№ | Көрсөткүч | Индикатор | Булак | Балл |
1. | Натыйжалуулук көрсөткүчү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иш планын аткаруу % | КРӨА | 15 |
Жетекчинин «жеке» планын аткаруу % | КРӨА | 15 | ||
2. | Мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруудагы салымы | Баалоонун интегралдык көрсөткүчү (КРӨ 2012-жылдын 17-февралындагы №105 токтомуна ылайык)
| ЭМ, КРӨА | 20 |
3. | Бюджеттик, атайын жана бюджеттен тышкары каражаттарды пайдалануу | Башка максаттарга сарптоого жол бербөө
| ФМ, Эсептөө палатасы, КРӨА | 5 |
Иштиктүү программалык бюджеттин болушу
| 5 | |||
Ведомствого караштуу чөйрөнү өнүктүрүүгө тартылган каражаттардын көлөмү
| 10 | |||
4. | Коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү
| Жетекчиге бекитип берилген иштин багытындагы тармактагы/ ведомстводогу, мамлекеттик органдагы коррупциялык эреже бузуулар | Башкы прокуратура | 10 |
5. | Демократиялуулук жана ачыктык (коомчулук менен байланыш) | ММКда жарыялоолордун саны | КРӨА | 10 |
6. | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана сапаттуу аткарылган документтердин санынын катышы, % | КРӨА | 10 |
| Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | ||
2-таблица
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн баалоо критерийлери
№ | Көрсөткүч | Индикатор | Булак | Балл |
1. | Жетекчинин жеке натыйжалуулугу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу боюнча жетекчинин «жеке» планын аткаруу % | КРӨА | 15 |
2. | Региондун республиканы өнүктүрүүдөгү салымы | Республиканын ИДПсындагы ДРП үлүшү | Улутстатком | 7 |
Калктын киши башына ДРП | Улутстатком | 8 | ||
3. | Региондук өнүгүүнү башкаруу
| Облустун райондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын болушу жана аткаруу % | ЭМ, КРӨА
| 10 |
Облусту өнүктүрүүгө тартылган каражаттардын өлчөмү
| ФМ, КРӨА
| 5 | ||
4. | Бюджеттик, атайын жана бюджеттен тышкары каражаттарды пайдалануу | Финансылык тартипти бузуу фактыларынын жоктугу
| ФМ, Эсептөө палатасы, КРӨА | 10 |
5. | Калктын социалдык маанайы
| Региондун жарандары тарабынан КРӨнүн дарегине жөнөтүлгөн даттануулардын санын азайтуу | КРӨА | 5 |
Региондо жаңжалдардын деңгээлин азайтуу: - жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы; -диний же этностук негиздеги; |
Этностор агенттиги, КРӨА | 5 | ||
6. | Коомдук коопсуздук | Региондо кылмыштуулук деңгээлин азайтуу | ИИМ, КРӨА | 5 |
7. | Адамдык өнүгүүнү башкаруу | Кадрлардын кетимдүүлүгү, % | МКК, АБО | 5 |
Персоналдын квалификациясын жогорулатуу | 3 | |||
Кадрлардын иштиктүү резервинин болушу | 2 | |||
8. | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана сапаттуу аткарылган документтердин санынын катышы | КРӨА | 10 |
9. | Демократиялуулук жана ачыктык (коомчулук менен байланыш) | ММКдагы жарыялоолордун саны
| КРӨА | 10 |
| Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | ||
3-таблица
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын - райондордун акимдерин баалоо критерийлери
№ | Көрсөткүч | Индикатор | Булак | Балл |
1. | ЖМА башчысынын жеке натыйжалуулугу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу боюнча райондун ЖМА башчысынын «жеке» планын аткаруу %
| КРӨА | 10 |
2. | Региондук (экономикалык) өнүгүү | Салык салынуучу базанын өсүшү | ЭМ МСК | 5 |
Районго тартылган инвестициялардын көлөмү | 5 | |||
Түзүлгөн жаңы иш орундардын саны | 5 | |||
Райондо ишке киргизилген жаңы ишканалардын саны | 5 | |||
Райондо токтоп турган ишканалардын санын азайтуу | 5 | |||
3. | Региондук (социалдык) өнүгүү | Орточо эмгек акынын өлкөдөгү эмгек акынын деңгээлине карата катышы | Улутстатком, Эмгекмин, БИМ, ССМ, СӨМ | 5 |
Калктын миграция деңгээлин азайтуу | 5 | |||
Катталган жумушсуздуктун санынын өсүү темпин азайтуу | 5 | |||
Райондогу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) орточо көрсөткүчүнүн республика боюнча ЖРТ орточо көрсөткүчүнө карата катышы, % | 3 | |||
Социалдык ооруларга дуушар болгон калктын санын азайтуу | 3 | |||
4. | Бюджеттик, атайын жана бюджеттен тышкары каражаттарды пайдалануу | Финансылык тартипти бузуу фактыларынын жоктугу
| Финансы министрлиги, Эсептөө палатасы, КРӨА | 5 |
5. | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана сапаттуу аткарылган документтердин санынын катышы, % | КРӨА | 5 |
6. | Адамдык өнүгүүнү башкаруу | Кадрлардын кетимдүүлүгү, % | ГКС АБО | 2 |
Персоналдын квалификациясын жогорулатуу | 3 | |||
Кадрлардын иштиктүү резервинин болушу | 2 | |||
7. | Калктын социалдык маанайы | Райондун тургундарынан райондук деңгээлдеги аткаруу бийлигинин үстүнөн КРӨ дарегине жиберилген даттануулардын санын азайтуу | КРӨА | 7 |
8. | Демократиялуулук жана ачыктык (коомчулук менен байланыш) | ММКда жарыялоолордун саны | Ыйгарым укуктуу өкүлдөр, КРӨА | 5 |
9. | Координация жана ЖӨБО менен кызматташуу
| Райондун ЖӨБО социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын болушу жана аткаруу % | ФМ, Этностор агенттиги
| 5 |
Айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин өсүшү | 5 | |||
Дотациядагы айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын санынын райондогу алардын жалпы санына карата катышы | 5 | |||
| Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | ||
4-таблица
Баалоо көрсөткүчүнүн чоңдугун эсептөө тартиби
Көрсөткүчтүн аталы-шы | Көрсөт-күчтүн балл менен максималдуу мааниси | Инди-катор-дун ата-лышы | Ушул индика-тордун балл менен салма-гы | Индика-торго жетишүү-нүн пландык мааниси | Индика-торго жети-шүүнүн иш жүзүн-дөгү маани-си | Инди-катор-го жети-шүү-нүн деңгээли % | Көрсөт-күчкө жети-шүүнү балл менен баалоо |
КА | КММ | ИА | ИС | ИПМ | ИИМ | ИЖД | КББ |
|
| ИА 1 | ИС 1 | ИПМ 1 | ИИМ 1 | ИЖД 1 |
|
ИА 2 | ИС 2 | ИПМ 2 | ИИМ 2 | ИЖД 2 | |||
*** | *** | *** | *** | *** | |||
ИА n | ИС n | ИПМ n | ИИМ n | ИЖД n | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10. Ар бир индикаторго жетишүү даражасы (мындан ары – ИЖД) Индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанисин (мындан ары – ИИМ) анын Пландык маанисине (ИПМ) бөлүү жолу менен эсептелет.
ИЖД n = ИИМ n / ИПМ n |
Эсептеген учурда ИЖД 1ден көбүрөөк болсо, ИЖД мындан аркы эсептөөлөрдө ИЖД 1 катары кабыл алынат. Эгер иш жүзүндөгү көрсөткүчтүн белгиси өзгөрсө (мисалы, «азаюу» пландаштырылса, ал эми иш жүзүндө «көбөйүү» болуп калса, ИЖД терс мааниге ээ болот жана ошого жараша андан аркы суммалоодо анын мааниси кемитилет.
11. Балл менен көрсөткүчкө жетишүүнү баалоонун (КЖБ) мааниси төмөнкү формула боюнча ИЖДга тиешелүү маанилерин кошуу жолу менен эсептелет:
КЖБ = (ИЖД 1 х ИС 1) + (ИЖД 2 х ИС 2) + (***) + (ИЖД n х ИСn) |
12. Жетекчилерди жалпы баалоо (мындан ары – ЖЖБ) баллда жетекчилердин бул категориясы үчүн бардык берилген көрсөткүчтөргө жетишүүнү баалоо суммасы катары эсептелет.
ЖЖБ = КЖБ 1 + КЖБ2 + *** + КЖБ к |
13. ЖЖБ максималдуу мүмкүн болуучу мааниси жетекчилердин бардык категориялары үчүн 100 баллды түзөт. Бул жетекчилердин рейтингдерин салыштыруу жана түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Рейтинг мамлекеттик органдардын бардык категориялары боюнча, ошондой эле ар бир категориянын ичинде жалпы жана өтмө катары түзүлүшү мүмкүн:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жетекчилери;
- администрациялык мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган мамлекеттик органдардын жетекчилери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары - райондордун акимдери.
14. Топтолгон баллга ылайык баалоонун төмөнкү квалификациясы киргизилет:
Жетекчилерди балл менен жалпы баалоонун цифралык мааниси (ЖЖБ) | Баалоо квалификациясы |
80 - 100 балл | Жакшы |
60 - 79 балл | Канааттанаарлык |
60 баллдан аз | Канааттанаарлык эмес |
Эскертүү:
текстте пайдаланылуучу терминдер жана кыскартуулар:
АБО | Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдары |
КРӨ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
КРӨА | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
Башкы прокуратура | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
Эсептөө палатасы | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы |
Улутстатком | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
МКК | Мамлекеттик кадр кызматы |
ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
Эмгекмин | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
СӨМ | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги |
Этностор агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Отчеттук мезгилде жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты даярдоо үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча), Улутстатком (макулдашуу боюнча), МКК (макулдашуу боюнча), ЭМ, ФМ, ИИМ, Эмгекмин, БИМ, ССМ, СӨМ, Этностор агенттиги, МСК
|
Ыйгарым укуктуу өкүлдөр | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | Жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ММК | Массалык маалымат каражаттары |
ИЖД | Ар бир индикаторго жетишүү даражасы |
ИИМ | Индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү мааниси |
ИПМ | Индикаторго жетишүүнүн пландык мааниси |
КА | Көрсөткүчтүн аталышы |
КММ | Көрсөткүчтүн балл менен максимум мааниси (салмагы) |
ИА | Индикатордун аталышы |
ИС | Бул индикатордун балл менен салмагы |
КЖБ | Көрсөткүчкө жетишүүнү балл менен баалоо |
ЖЖБ | Жетекчилерди жалпы баалоо |
ЖРТ | Жалпы республикалык тестирлөө |
ДРП | Дүң региондук продукт |
ДИП | Дүң ички продукт |
КРӨТ 2012-жылдын 17-февралындагы №105 токтому | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтому |