Сравнение редакций…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2015-жылдын 26-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө
“Улуттук” статусуна ээ мамлекеттик маданий мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси болуп өзгөртүлүп түзүлүү менен кайра уюштурулсун.
2. “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. “Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле кайра уюштуруу менен байланышкан тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- үч айлык мөөнөттө кайра уюштурулуучу ишкананын өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө жободо:
15-пункттун алтынчы абзацындагы “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик ишканасынан” деген сөздөр “Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башкаруу схемасында:
“ишканасы” деген сөз “мекемеси” деген сөз менен алмаштырылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
“Улуттук” статусуна ээ мамлекеттик маданий мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси болуп өзгөртүлүп түзүлүү менен кайра уюштурулсун.
2. “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. “Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле кайра уюштуруу менен байланышкан тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- үч айлык мөөнөттө кайра уюштурулуучу ишкананын өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө жободо:
15-пункттун алтынчы абзацындагы “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик ишканасынан” деген сөздөр “Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)