Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-январындагы № 22 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Киностудия) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыкчам башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
2. Киностудия Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин (мындан ары – Кинематография департаменти) карамагында иштейт жана ага баш ийет.
3. Киностудия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Киностудиянын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Казыналык тутумунда эсептери, мөөрү, фирмалык аталышы жазылган бланктары, штампы жана башка атрибуттары бар.
5. Киностудиянын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси”;
- расмий тилде: “Государственное учреждение «Национальная киностудия “Кыргызфильм” им. Т. Океева” Департамента кинематографии при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.
6. Кыскача аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение “Национальная киностудия “Кыргызфильм” имени Т.Океева”.
7. Киностудиянын юридикалык дареги: 720030, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Динара Асанова көчөсү, № 1 үй.
8. Киностудиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- киноискусствосунун мыкты көркөм чыгармаларын жаратуу үчүн Киностудиянын материалдык-техникалык базасын, кинематографисттеринин кесиптик потенциалын пайдалануу;
- улуттук киноискусствосунун жакшы салттарын чагылдырган жана өнүктүргөн жогорку көркөм деңгээлдеги киночыгармаларды жаратуу;
- кино-видеофильмдерди жана башка фильмопродукцияларды чыгарууну уюштурууну жана технологиясын өркүндөтүү;
- мамлекеттик заказ линиясы боюнча улуттук фильмдерди, менчик чарбалык ишинен түшкөн каражаттардын эсебинен киновидеофильмдерди, министрликтердин жана административдик ведомстволордун, башка юридикалык жана жеке жактардын заказы боюнча киновидеофильмдерди, чет мамлекеттердин киностудиялары менен биргелешкен киновидеофильмдерди чыгарат;
- киновидеочыгармаларды жаратуучулардын чыгармачылык потенциалынын ачылышына шарттарды түзүү, таланттуу кинематографисттерди табуу жана колдоо.
9. Киностудия негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- көркөмдүк жактан кыйла келечектүү сценарийлерди карайт жана алардын негизинде кино-видиофильмдерди жаратуу жолу менен аларды ишке ашырат;
- фильмдерди чыгаруунун жылдык жана кварталдык программасын иштеп чыгат жана бекитет;
- бухгалтердик, ыкчам жана статистикалык эсепти ишке ашырат, өндүрүштүк жана финансылык-чарбалык иштерине талдоо жүргүзөт;
- материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту капиталдык жана күндөлүк оңдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- уставдык максаттарга жетүү үчүн жабдууларды, инвентарларды, транспорттук каражаттарды жана башка материалдык баалуулуктарды сатып алат;
- чыгармачыл, инженердик – техникалык жана башка кызматкерлердин кадрларын түзөт, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;
- техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу жана өндүрүштүк санитария боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- киноөндүрүшүнүн зыяндуу калдыктарынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрөт;
- фильмдерди чыгаруу жаатында чет өлкөлүк кинофирмалар менен кызматташуу боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
- кинематография жаатында эл аралык кинофестивалдардын ишине, кеңешмелерге, симпозиумдарга, конференцияларга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иштин башка түрлөрүн ишке ашырат.
10. Киностудия өзүнө ыкчам башкаруу укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
11. Киностудия өзүнө берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Жободо аныкталган иш үчүн пайдаланат.
12. Киностудия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өндүрүштүк иш жаатында:
- мыйзамдарда белгиленген тартипте мыкты сценарийге конкурс жарыялоого жана өткөрүүгө;
- кино-видеофильмдердин жана башка фильмопродукциялардын өндүрүшүнүн тематикалык планын түзүүгө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- өндүрүш программасын түзүүгө, бекитүүгө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- кино тартуу топторун түзүүгө;
- продукцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, өндүрүш калдыктарын сатууга;
- киновидиопродукциянын өндүрүшүнө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда чийки заттарды, материалдарды, негизги каражаттарды сатып алууга;
- анын компетенциясына кирген уюштуруу, өндүрүш, финансы, кадр жана башка маселелерди өз алдынча чечүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында финансылык-экономикалык иш жаатында:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фильмопродукциянын наркын аныктоого жана көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды бекитүүгө;
- штаттык ырааттаманы иштеп чыгууга жана Кинематография департаментине бекитүүгө берүүгө;
- кирешелер менен чыгашалардын сметасын (финансылык планын), капиталдык оңдоо иштерине жана капиталдык салымдарга сметаларды, жалпы студиялык чыгымдардын пайызын иштеп чыгууга жана Кинематография департаментине бекитүүгө берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киностудиянын кызматкерлерин сыйлоого;
- өндүрүштүк программанын чегинде жана киновидеопродукциянын өндүрүшүнө чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде финансы каражаттарын өз алдынча жөнгө салууга;
- маалыматтык, коммуникациялык, консультациялык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
3) кадрлар жаатында:
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Киностудиянын кызматкерлерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга;
- Киностудиянын штаттык ырааттамасына ылайык кызматкерлердин санын, алардын кесиптик жана квалификациялык курамын аныктоого;
- консультацияларды жүргүзүү, Киностудиянын кызматкерлерин окутуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдердин негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн адистерди тартууга;
- конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн Киностудиянын кызматкерлерин командировкаларга жиберүүгө;
- Киностудиянын кызматкерлерин алардын квалификациясын жогорулатуу максатында окутууга.
13. Киностудия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кинематография департаментинин чечимдеринин негизинде өндүрүштүк программага киновидеофильмдерди жана башка фильмопродукцияларды киргизүүгө;
- Киностудиянын ыкчам башкаруусундагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- финансылык-чарбалык жана өндүрүштүк иштерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- Кинематография департаментине Киностудиянын иши, өндүрүштүк жана финансылык-чарбалык иши жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду, киновидеофильмдердин өндүрүш процессинде талап кылынуучу документтердин тизмегин берүүгө;
- ыкчам башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланылышын камсыз кылууга, өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди аткарууга.
14. Киностудиянын мүлкүн негизги фонддор, жүгүртүлүүчү каражаттар жана Киностудиянын балансында көрсөтүлүүчү башка материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Киностудия ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ.
16. Киностудия мамлекеттик мекеме катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чекте өзүнүн мүлкүнө ыкчам башкаруу укугунда ээлик кылат, башкарат жана тескейт.
17. Киностудиянын каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- фильмдерди чыгарууга жана дубляждоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары;
- заказдык киновидефильмдерди жана башка фильмопродукцияларды чыгарууга юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттары;
- юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн акысыз жана кайрымдуулук төлөмдөрү, гранттары жана башка каражаттары;
- чарбалык иштин натыйжасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган кирешелер.
18. Киностудиянын чарбалык ишинин натыйжасында түшкөн кирешелер салыктар жана башка төлөмдөр бюджетке төлөнгөндөн кийин Киностудиянын өз алдынча тескөөсүнө түшөт жана Киностудиянын уставдык максаттарына жумшалат: Киностудиянын материалдык- техникалык базасын өнүктүрүүгө, маданий-жалпы иш-чараларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өкүлчүлүк жана башка чыгымдарга.
19. Киностудиянын кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участогу Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
20. Кинематография департаменти Киностудиянын ишин координациялайт.
21. Киностудиянын ишин Кинематография департаментинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
22. Киностудиянын директорунун бир орун басары болот, ал Кинематография департаментинин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Киностудиянын директору:
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле юридикалык жактар менен кызматташууда Киностудиянын кызыкчылыгын коргойт;
- ишти жетектейт жана Киностудияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кинематография департаментинин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Киностудияны башкаруудагы өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде чечимдерди чыгарат, Киностудиянын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Киностудиянын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, мамлекеттик бюджеттин каражаттарын, ошондой эле Киностудиянын ишин ишке ашыруу боюнча башка каржылоо булактарынан алынуучу каражаттарды тескөөчү жана алуучу функцияларын аткарат;
- Кинематография департаментинин бекитүүсүнө көркөм, техникалык жана экономикалык Кеңештерге талапкер адамдарды сунуштайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде чарбалык жана эмгек контракттарын жана макулдашууларды түзөт, ишеним каттарды берет;
- Киностудиянын кызматкерлерин эмгек ишинде жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Киностудиянын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иштерди аткарат;
24. Киностудиянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Киностудиянын директору тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
25. Киностудияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Киностудиянын иши токтотулган учурда иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.