Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2005-жылдын 15-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы
Көкжар айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын
кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көкжар айыл өкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көкжар айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан 10,7 га жер берүү жөнүндө Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документациясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну зсепке алып, бөлүнгөн участкаларга курулуш курууга пландоо документацияларын иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |