Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 02 февралы № 36

Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу);

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол (мындан ары – Протокол).

2. Жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун аткарылышына жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка билдирсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев