Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-февралы № 34
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 135 «Коштоп иштегендердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчелүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгѳртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 135 «Коштоп иштегендердин эмгегин женге салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй ѳзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коштоп иштегендердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
- преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
- бүткүл тексти боюнча ар кандай сандагы жана жѳндѳмѳдѳгү «жалдоочу» деген сѳз тиешелүү сандагы жана жѳндѳмѳдѳгү «иш берүүчү» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пунктта:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- оор жумуштарда, иштөө шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда иштеген 18 жашка чыга элек кызматчыларга, эгерде негизги иши ушундай эле шарттар менен байланыштуу болсо, ошондой эле эмгек мыйзамдарында белгиленген башка учурларда;»;
тѳртүнчү абзацындагы «окутуучулук» деген сез «педагогикалык» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Башка ишканага, мекемеге, уюмга коштоп иштөөгө киришкен кызматкер иш берүүчүгө паспортун же өздүгүн күбөлөндүргөн башка документин көрсөтүүгө милдеттүү. Атайын билимди талап кылган ишке кабыл алууда иш берүүчү кызматкерден билими же кесиптик даярдыгы жѳнүндѳ дипломду же башка документти же болбосо тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсүн, ал эми оор жумушка, иштөө шарты зыяндуу же кооптуу жумушка кабыл алууда - негизги жумуш орду боюнча ишинин мүнөзү жана шарты жөнүндө маалымкатты талап кылууга укуктуу.»;
- 6-пунктта:
биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Коштолуп аткарылган иштин узактыгы жумуш күнүнде 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш.»;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пункттун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү «техникалык жактан негиздүү нормаларга таянуу менен» деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункту тѳмѳнкүдѳй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Эгерде кызматкердин коштоп иштеген жумушунда ар жылы тѳлѳнүүчү эмгек өргүүсүнүн узактыгы, негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсүнүн узактыгына караганда аз болсо, анда иш берүүчү кызматкердин өтүнүчү боюнча эмгек акысын сактабастан тийиштүү узактыктагы эмгек өргүүсүн берет.»;
- 10-пункттагы «Эмгек кодексинде» деген сөздөр «эмгек мыйзамдарында» деген сөздөргө алмаштырьшсын;
- 13-пунктта:
экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Коштолуп аткарылган иштин узактыгы жумуш күнүндө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш.»;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Проект
Статья 1.
Ратифицировать Протокол между Правительством Кыргызской Республики Правительством Китайской Народной Республики о реализации проекта реабилитации и реконструкции автомобильных дорог города Бишкек, подписанный 29 сентября 201 года в городе Бишкек.
Статья 2.
Министерству иностранных дел Кыргызской Республики в установление порядке уведомить Правительство Китайской Народной Республики о выполнении Кыргызской Республикой внутригосударственных процедур, необходимых для вступления в силу данного Протокола.
Статья 3.
Настоящий Закон вступает в силу со дня официального опубликования.
Президент
Кыргызской Республики