Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралы № 40 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти (мындан ары - Жаратылыш ресурстары департаменти) жөнүндө жобо Жаратылыш ресурстары департаментинин ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.

2. Жаратылыш ресурстары департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары -Мамлекеттик агенттик) ведомстволук бөлүмү, жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.

3. Жаратылыш ресурстары департаменти юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында атайын эсептери болот. Менчигинин түрү - мамлекеттик. Мамлекеттик мүлк Жаратылыш ресурстары департаментине оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
4. Жаратылыш ресурстары департаментинин түзүмүндө республиканын региондорунда 7: Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй өкүлчүлүктөрү бар.
5. Жаратылыш ресурстары департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Жаратылыш ресурстары департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен эриш-аркак жүзөгө ашырат.
7. Жаратылыш ресурстары департаментин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүргүзүлөт.
8. Жаратылыш ресурстары департаментинин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти";
- расмий тилде: "Департамент охраны и использования природных ресурсов Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".

9. Жаратылыш ресурстары департаментинин юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 87.
2. Жаратылыш ресурстары департаментинин максаты жана милдеттери
10. Жаратылыш ресурстары департаментинин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш ресурстарын сактоону, кайрадан калыбына келтирүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

11. Жаратылыш ресурстары департаментинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жаратылыш ресурстарынын абалын баалоо, аларды талдоо жана өзгөрүүлөрүн болжолдоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
- аңчылыкты жана балык уулоону, аңчылык жана балык чарбаларын, туристтик жана таксидермикалык ишти жүргүзүүнүн уюшкан формаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- жаратылыш ресурстарын сактоо чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык долбоорлор менен программаларды, келишимдер менен макулдашууларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышуу;
- жаратылыш ресурстарынын абалы жөнүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана башка кызыкдар жактардын маалымдуулугун кеңейтүү.

3. Жаратылыш ресурстары департаментинин функциялары
12. Жаратылыш ресурстары департаменти жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
а) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты, эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, башка материалдарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана Мамлекеттик агенттикке киргизет:
мергенчилик жана балык чарбаларын жүргүзүү эрежелери;
жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелери, ченемдери, ыкмалары, мөөнөттөрү, лимиттери жана квоталары;
жаратылыш ресурстарын сактоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу стандарттары, ченемдери, эрежелери, мамлекеттик программалары;
аңчылык, балык уулоо үчүн жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун башка түрлөрү үчүн жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин тизмелери;
жаратылыш ресурстарын пайдалануучулардан билүүсү талап кылынган айрым маалыматтарды камтыган бирдиктүү окуу куралдары жана башка маалымат материалдары, анын ичинде аңчылык минимуму;
мамлекеттик мергенчилик күбөлүктөрдү эсепке алуу жана берүү эрежелери, шарттары, тартиби;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо зоналарын, кайрадан калыбына келтирүү участокторун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштеши;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акынын ченемдери жана юридикалык жана жеке жактардын жаратылыш ресурстарына келтирген зыяны үчүн доонун өлчөмдөрүн эсептөөнүн тарифтери;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жана алар жашаган чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү шарттары, мөөнөттөрү жана тартиби;
жаратылыш ресурстарын сактоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндө инвестицияларды жана технологияларды тартуу;
б) координациялоо жана башкаруу чөйрөсүндө:
- жаратылыш ресурстарын коргоону, кайрадан калыбына келтирүүнү жана пайдаланууну координациялайт;
- төмөнкүлөр боюнча юридикалык (менчигинин түрүнө карабастан) жана жеке жактардын ишин координациялайт:
жеке жактардын аңчынын статусун алышы жана алардын аңчылык кылуу укуктарын ишке ашыруусу;
мергенчилик чарбасын жүргүзүү, аңчылык кылуу жана балык уулоо;
жапайы жаныбарлардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын санынын эсебин жүргүзүү;
кайтаруучу жана биотехникалык иш-чараларды пландаштыруу, уюштуруу жана жүргүзүү;
питомниктерди, кайрадан калыбына келтирүүчү участокторду түзүү жана алардын иштеши;
- аңчылык иттер жана алгыр куштар менен аңчылыктын салттуу жана улуттук түрлөрүн, таксидермикалык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле алар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- менчигинин түрүнө карабастан, аракеттери жана иши жаратылыш ресурстарына таасир эткен жеке жана юридикалык жактардын, Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча белгиленген тартипте чара көрөт;
- жаратылыш ресурстарын кайтарууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- жаратылыш ресурстарын жана алар жашаган/өскөн чөйрөнү пайдаланууну көзөмөлдөө постторунун жана чарба жерлеринин ишин белгиленген тартипте уюштурат жана координациялайт, алардын ишин жүзөгө ашырууга катышат;
- юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактыларына, жаратылыш ресурстарына зыян келтирген, мыйзамга туура келбеген башка аракеттерине белгиленген тартипке бөгөт коет, аныктайт төлөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларга жол бербөө, аныктоо жана токтотуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке жактар менен эриш-аркак аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- жаратылыш ресурстарын сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү администрациялык мыйзам бузуулар, жаратылыш ресурстарына зыян келтирген бейукук башка аракеттер жөнүндө материалдарды белгиленген тартипте карайт;
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- аңчылыкты жана балык уулоону, аңчылык чарбасын жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салат;
- мамлекеттик мергенчилик күбөлүктү, аңчылык жаныбарларын олжолоого жолдомолорду жана атып алуу карточкаларын/жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын, анын ичинде балык жана башка суу биологиялык ресурстарды пайдаланууга уруксатты, колдо багылган жапайы аңчылык жаныбарларынын жана алгыр куштардын идентификациялык карталарын (паспортун) белгиленген тартипте берет, алып коет жана жоет (жараксыз деп табат);
- чарбалар аралык аңчылык жүргүзүүнү координациялайт жана жүзөгө ашырат;
- айрым мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын (аңчылык чарба ишин) жүргүзүү укуктарын юридикалык жактардын алышына конкурс өткөрүүнү даярдоону жана уюштурууну жүзөгө ашырат;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө юридикалык жактар менен келишимдерди белгиленген тартипте түзөт жана бузат;
- балык чарбасын жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрүн Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттерине пайдаланууга бекитип берүү боюнча ишке катышат;
- биотехникалык (кайрадан өндүрүү) жана кайтаруу иш-чараларын жүргүзүү боюнча аңчылык жана балык чарбалары чөйрөсүндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин пландарын макулдашат;
- жаныбарлардын жугуштуу ооруларын, анын ичинде адам менен жаныбарлар үчүн жалпы ооруларды табуу, пайда болушуна жана жайылышына жол бербөө боюнча мамлекеттик ветеринардык кызматтар (органдар) менен бирдикте ветеринардык-санитардык, алдын алуучу чараларды жана иш-чараларды уюштурат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле аларды жоюу боюнча чара көрөт;
- чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгиленген тартипте аңчылык жаныбарларын олжолоого атып алуу карточкаларынын/жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдаланууга уруксаттын жана олжо барактарынын бланктары менен камсыз кылат;
- аңчылыктын натыйжалары боюнча толтурулган олжо барактарын күбөлөндүрөт;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча лимиттерди белгилөө жана квоталарды бөлүштүрүү сунуштарын белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттикке киргизет;
г) ишти колдоо чөйрөсүндө:
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн абалы жана аларды пайдалануу жөнүндө мамлекеттик маалымат базасын жүргүзүүнү, бул маалыматтарды талдоону, маалымкаттарды даярдоону жүзөгө ашырат;
- жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана таратууну жүзөгө ашырат, республикада жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан өндүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
- өз компетенциясынын чектеринде жаратылыш ресурстарын кайтаруу, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш ресурстарын изилдөө, аңчылыкты жана балык уулоону жүзөгө ашыруу, мергенчилик жана балык чарбаларын жүргүзүү чөйрөсүндө чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга, белгиленген тартипте экологиялык маалымат чогултууга жана алмашууга; эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын атынан иш алып барууга катышат;
- жаратылыш ресурстарын сактоого, кайрадан калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган макулдашууларды, келишимдерди чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен түзүү боюнча сунуштарды Мамлекеттик агенттикке киргизет.

13. Жаратылыш ресурстары департаменти мыйзамдарга ылайык башка функцияларды, ошондой эле Мамлекеттик агенттик өткөрүп берген функцияларды аткарат.
4. Жаратылыш ресурстары департаментинин укуктары жана милдеттери
14. Жаратылыш ресурстары департаменти өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик мергенчилик күбөлүктү, аңчылык жаныбарларын олжолоого жолдомолорду жана атып алуу карточкаларын/жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый ресурстарын, анын ичинде балык жана башка биологиялык суу ресурстарын пайдаланууга уруксатты, колдо багылган жапайы аңчылык жаныбарлардын жана алгыр куштардын идентификациялык карталарын (паспортун) белгиленген тартипте бергендиги үчүн акы алууга;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин карамагындагы мергенчилик жерлеринде биотехникалык иш-чараларды зарылчылыкка жараша жүргүзүүгө;
- моделдүү мергенчилик участокторун түзүүгө жана аларда жапайы жаныбарларды олжолоону (кармоону, атып алууну) жүргүзүүгө, анын ичинде илимий максаттарда жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик агенттик, Жаратылыш ресурстары департаменти берүүчү уруксат документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарынын ок атуучу куралын алып жүрүү жана сактоо укугуна уруксатын (бар экендигин жана мыйзамдуу алынгандыгын) текшерүүгө;
- текшерилип жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, буюмдарын, кол буюмун, багажын, аңчылык, балык уулоо/чогултуу куралын, олжолонгон продукциясын жана башка буюмдарын белгиленген тартипте текшерүүгө;
- жаратылыш ресурстарын сактоо жана пайдалануу, аңчылык жана балык чарбаларын жүргүзүү, аңчылык кылуу жана балык уулоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун, юридикалык жана жеке жактардын жаратылыш ресурстарына жана алар жашаган/өскөн чөйрөгө зыян келтирген укукка жат башка аракеттеринин фактылары боюнча белгиленген тартипте протоколдорду (актыларды) түзүүгө;
- мамлекеттик, өндүрүштүк жана коомдук аңчылык контролунун келип түшкөн материалдарын жана маалыматтарын карап чыгууга кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилүүчү айып акы салууга; зарыл болгон учурда күнөөлүү адамдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарынын кароосуна берүүгө;
- жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу шайманын (курал, капкан, тор ж.б.), пайдаланган автотранспорт жана башка жүрүү каражаттарын белгиленген тартипте убактылуу кармоого жана аларды соттун чечими боюнча алып коюуга;
- жаратылыш ресурстарына алар жашаган/өскөн чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн белгиленген тартипте доо коюуга жана доону өндүрүп алууга;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулардын бетин ачкан адамдарга - протоколдорду (актыларды) түзүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөгү сыйлыктарды төлөөгө;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон (алынган) объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды юридикалык жана жеке жактардан алып коюуга; аларды белгиленген тартипте пайдаланууга, сатууга же жок кылууга;
- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайра калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча эрежелердин, башка талаптардын жана ченемдердин бузууларын четтетүү жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- өз функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, башка уюмдардан суратууга жана алууга;
- сот органдарында өз алдынча, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин тапшыруусу боюнча доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана иш-аракет кылган юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардан же иши менен иш-аракети жаратылыш ресурстарына таасир тийгизген башка жактардан укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмө бөлүктөрдү, ошондой эле аныкталган отчеттуулукту белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, кайрадан өндүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагынан аңчылыкты пайдалануучулардын ишин текшерүүгө;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү боюнча юридикалык жактарга консультациялык жана методикалык жардам, финансылык жана башка кызмат көрсөтүүгө;
- жаратылыш ресурстары жөнүндө билимдерди пропагандалоого жана жайылтууга; Жаратылыш ресурстары департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар менен эриш-аркак аракеттенүүгө;
- тейленүүчү тармакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын илимий институттарынын, жогорку окуу жайларынын жана башка кызыкдар юридикалык жана жеке жактардын кызматкерлерин тартууга;
- ички чарбалык аңчылыкты уюштурууга жана жүргүзүүгө катышууга;
- жаратылыш ресурстарын жана алар жашаган/өскөн чөйрөнү кайтаруу боюнча адамдарды ыктыярдуу негизде ишке тартууга, штаттан тышкаркы инспекторлор тармагын түзүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу жана көбөйтүү боюнча адистешкен питомниктерди, таксидермикалык өнөрканаларды, адистешкен дүкөндөрдү, аңчылардын жана балыкчылардын коомдук бирикмелерин түзүүгө жана иштешине көмөктөшүүгө;
- көмөкчү чарбаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте форма кийимдерин кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспортту, байланышты, кол кишендерди, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды) сактоого, алып жүрүүгө, пайдаланууга, кызматтык милдеттерин аткарууда кара күч колдонууга укуктуу.
16. Жаратылыш ресурстары департаменти өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык гана жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын кыйшаюусуз сакталышына жетишүүгө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн кайтаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө укук бузуулардын алдын алууга, бетин ачууга жана жоюуга, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуучуларга карата таасирдүү укук колдонуу чараларын көрүүгө;
- жаратылыш ресурстарынын абалы жөнүндө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, калкка жана башка кызыкдар жактарга өз учурунда жана ишеничтүү маалымдоого.
17. Жаратылыш ресурстары департаменти жана анын кызматкерлери белгиленген милдеттерди жана функцияларды аткарбагандыгы, жол берилген укукка жат аракеттер (аракетсиздик) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Жаратылыш ресурстары департаментинин ишин уюштуруу
18. Жаратылыш ресурстары департаментине директор башчылык кылат, ал Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
19. Жаратылыш ресурстары департаментинин директорунун орун басары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (бөлүмдөрдүн, секторлордун, өкүлчүлүктөрдүн) жетекчилери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
20. Жаратылыш ресурстары департаментинин ишине Мамлекеттик агенттик контролдук кылат.
21. Жаратылыш ресурстары департаментинин түзүмү жана штаттык ырааттамасы Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилет.
22. Иштин маселелерин карап чыгуу жана чечүү үчүн Жаратылыш ресурстары департаментинде 5 адамдан турган Техникалык кеңеш түзүлөт. Жаратылыш ресурстары департаментинин Техникалык кеңешинин персоналдык курамы Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилет.
23. Жаратылыш ресурстары департаментинин компетенциясына кирген маселелерди чечүү, көйгөйлөрдү ар тараптан талкуулоону камсыз кылуу жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн башка кеңештер (илимий-техникалык, редакциялык-басылма, ж.б.), топтор, комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Кеңештердин персоналдык курамы, ошондой эле алар жөнүндө жоболор Жаратылыш ресурстары департаментинин буйругу менен бекитилет.
24. Жаратылыш ресурстары департаментинин директору:
- Жаратылыш ресурстары департаментинин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (бөлүмдөрүнүн, секторлорунун, өкүлчүлүктөрүнүн) ишине жетекчилик кылат жана аны уюштурат;
- Жаратылыш ресурстары департаментине жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин өкүлчүлүктөрүнүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн пландарын бекитет;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин Техникалык кеңешинин жыйындарын өткөрөт;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин өкүлчүлүктөрү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кирешелери менен чыгашаларынын сметасын Мамлекеттик агенттиктин бекитүүсүнө сунуш кылат;
- Мамлекеттик агенттиктин директору тарабынан дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу штаттык бирдиктерди кошпогондо, Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин тутумундагы айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Мамлекеттик агенттиктин сыйлыктары, төш белгилери, анын ичинде "Айлана-чөйрөнү коргоонун отличниги" теш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйлоого сунуш кылуу жөнүндө Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине өтүнүч кылат;
- өз компетенциясынын чектеринде Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлерине тартип жазасын колдонот;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлери түзгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген протоколдорду (актыларды) жокко чыгарат;
- мамлекеттик органдарда, сотто, башка мекемелер менен уюмдарда Жаратылыш ресурстары департаментинин өкүлү катары чыгат;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлерин квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Жаратылыш ресурстары департаментинин кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүгө, алардын эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарын жана Мамлекеттик агенттик өткөрүп берген укуктарын жүзөгө ашырат.
25. Жаратылыш ресурстары департаментинин директору жокто анын функцияларын орун басары аткарат.
6. Эсепке алуу жана отчеттуулук
26. Бухгалтердик, статистикалык эсепке алууну жана отчеттуулукту Жаратылыш ресурстары департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
7. Жаратылыш ресурстары департаментин өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу
27. Жаратылыш ресурстары департаментин өзгөртүп атоо, өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Жаратылыш ресурстары департаментинин иш процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралы № 40 токтому менен бекитилген