Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 50
Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу
фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү
жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнɵ кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |