Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 18-февралы № 72

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй  толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

- “жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу, өткөрүү жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иш-чараларды ишке ашырат;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункттун 3-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 187 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев