Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 77
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
15-январындагы № 9 «Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы маселелерди жөнгө салуу максатында «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 «Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторунда:
- Эскертүүлөрдө:
2-пункттагы «17.9.1.2-2001 ГОСТтун» деген цифралар жана аббревиатура «30775-2001 ГОСТ» деген цифраларга жана аббревиатурага алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарда:
- преамбуладагы «Мамлекеттер аралык 17.9.1.2-2001 ГОСТу «Жаратылышты коргоо. Калдыктар менен иштөө. Калдыктарды классификациялоо. Идентификациялоо жана коддоштуруу. Негизги жоболор» деген сөздөр менен цифралар «Мамлекеттер аралык 30775-2001 ГОСТу «Ресурстарды сактоо. Калдыктар менен иштөө. Калдыктарды классификациялоо, идентификациялоо жана коддоштуруу. Негизги жоболор» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы «17.9.1.2. 2001 ГОСТу» деген цифралар жана аббревиатура «30775-2001 ГОСТу» деген цифраларга жана аббревиатурага алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |