Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 88
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине Бишкек шаары, "Асанбай" кичирайону, Айтиев көчөсү, 2/1 дарегиндеги имаратты өткөрүп берүү жана Бишкек шаары, И.Ахунбаев көчөсү, 140 дарегиндеги имаратты мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндѳ
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Бишкек шаары, "Асанбай" кичирайону, Айтиев көчөсү, 2/1 дареги боюнча жайгашкан имаратты 0,586 га аянттагы жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп берсин;
- Бишкек шаары, И. Ахунбаев көчөсү, 140 дареги боюнча жайгашкан муниципалдык менчикке таандык имаратты жанаша жайгашкан жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынан мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацында аталган имаратты Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн жана Президентинин иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасы Кыргыз Республикасынын немецтеринин Элдик кеңешинин Кыргыз-немец үйүн Бишкек шаары, И.Ахунбаев кѳчѳсү, 140 дарегиндеги имаратка акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ жана эксплуатациялык чыгымдарга акы тѳлѳѳ менен жайгаштырсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясына тѳмѳнкүлѳр сунушталсын:
- Бишкек шаары, "Асанбай" кичирайону, Айтиев көчөсγ, 2/1 дареги боюнча жайгашкан имаратты 0,586 га аянттагы жер участогу менен муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу;
- жогоруда аталган имаратты белгиленген тартипте максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацында аталган объекттерди мамлекеттик каттоодон ѳткѳрсүн жана ГИЙИШТүγ укук ырастоочу документтерди берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнѳ кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |