Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 93
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мамлекеттик сырды сактоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна, "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 9-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, улуттук маалыматтык ресурстарды коргоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
5-пункт "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги'' деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |