Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен каралган тартипте аныкталат.".
2. Ушул токтом 2015-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |