Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 131
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандар менен юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- I бөлүм төмөнкү мазмундагы 12-бап менен толукталсын:
«
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту
| |||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары | Балдарды жана жаштарды спорттун түрлөрү боюнча машыктыруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 1-бап, 121-пункт | |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Дене тарбия жана спорт жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Жеке жактар – балдар, өспүрүмдөр, 28 жашка чейинки жаштар. | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 45-берене; “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30 майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”; 2012-жылдын 20-февралындагы №125 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомдору | |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Спорттук разряд/наамды алуу; спорттун белгилүү түрү боюнча ыкмаларга ээ болуу | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары
| Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: -санитардык-эпидемиялогиялык эрежелерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген спорт объекттери болгондо; - спорттук жабдуулары жана шаймандары болгондо; - дасыккан машыктыруучулар болгондо; - бардык жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кириши (даараткана, жуунуучу жайлар), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттар, жайларда) пандустар, туткалардын болушу; - кезектүүлүк принциби боюнча; Уюмдар күтүү жайларына, (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо – сырттагы) дааратканаларга, жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот. Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА, таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДМЧА), ошондой эле жашы жете электер, улгайган жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, кош бойлуу аялдар менен келгендер кезексиз тейленет. | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрү
| Документтерди кабыл алуунун жана арыздарды тариздөө үчүн белгиленген убакыт – 30 минута; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү жөнүндө маалымат спорттун култивацияланган түрлөрүнүн негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин маалымат тактачаларында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат | |
Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү маалымдар кылуу
| |||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген дене тарбия жана спорт мекемелеринен; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - коомдук кабылдамалар аркылуу; - ЖМКлар аркылуу; -маалыматтык керегелер, китепчелер; Маалымат расмий жана мамлекеттик тилдерде берилет | |
9. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты таркатуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган адамдын акысыз алуусуна кепилдик берилет. Көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - телефон байланышы; - маалыматтык керегелер, буклеттер, китепчелер; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамалары - ЖМК; Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат көрсөтүүчү мекемелеринин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын керегелерине, расмий сайтында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | |||
10 | Келгендер менен баарлашуу |
| |
11 | Купуялыкты камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеси | Эркин формадагы арыз; спорттун түрү менен машыгууга врачтын жазуу жүзүндөгү уруксаты; жашы жете электер үчүн ата-энелердин эркин формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты; инсандын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү; фотосүрөт 3х4 (4 даана); жашаган жеринен маалымкат | |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысынын наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулук; - аныктыгы жана өз убагында болуусу, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайыктуулугу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, улуту жана туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу; -спорттук ченемдерди/натыйжаларды аткаруу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөр | Арыз берүү этабында жарым-жартылай көрсөтүлөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына ылайык келбегенде жана сакталбаганда; - спорттук тайпалар толуп калганда | |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнүнөн, жашаган дарегинен, телефон №, ошондой эле колтамгасынан жана датасынан турууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө кайрылууну кароонун жана арыз берүүчүгө жөнөтүүнүн мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш; Керектөөчү кызмат көрсөтүүдө карама-каршылыктар келип чыккан учурда жетекчиликке кайрылууга акылуу; кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу. | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты ар бир 3 жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш. | |
».
- III бөлүм төмөнкү мазмундагы 6-бап менен толукталсын:
«
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары | “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” күбөлүктөрүнүн дубликаттарын берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-бап, 92-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Дене тарбия жана спорт жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Спорт чеберлери, эл аралык класстагы спорт чеберлери, эмгек сиңирген спорт чеберлери (күбөлүктөрүн бузуп же жоготуп алгандар). |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери
| “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын токтому менен бекитилген “Бирдиктүү спорттук классификация” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн түпкү натыйжасы | “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” күбөлүктөрүнүн дубликаттары |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары
| Келгендерге кызмат көрсөтүү төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолсуз кириши (даараткана, жуунуучу жайлар), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттарга, жайларда) пандустар, туткалардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча; Уюмдар күтүү үчүн жайларга, (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо – сырттагы) дааратканаларга, жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот; Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрү
| Документтерди кабыл алуунун жана арыздарды тариздөө үчүн белгиленген чектүү убакыт – 30 минута; - күбөлүктөрдүн дубликаттары 30 күндүн ичинде таризделет. - документтерди берүү убактысынын чеги – 30 минута. |
Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө маалымат берүү
| ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамаларынан; - дене тарбия жана спорт жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын аймактык дене тарбия жана спорт бөлүмдөрүнөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - ЖМКдан; -маалыматтык керегелерден, китепчелерден. Маалымат расмий жана мамлекеттик тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты таркатуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган киши акысыз алганга кепилдик берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - телефон байланышы жана маалыматтык керегелер; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамалары; - ЖМК; Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат көрсөтүүчү бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын керегелерине, расмий сайтында жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр
| ||
10 | Келгендер менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык бөлүмдөрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык көрнөкчөлөр болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлер аты-жөнү жана кызматты көрсөтүүчү жеке көрнөкчөлөргө (бейджиктерге) ээ болууга тийиш; Калк менен сүйлөшүү убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди ойлонуштуруу жана аргументтерди келтирүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, ийкемдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдарга (көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА), таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, ооруктун эмгекчилерине, кош бойлуу аялдарга жана жашы жете электер менен келгендерге кызмат көрсөтүүлөр алар үчүн ыңгайлуу формада өткөрүлөт |
11 | Купуялыкты камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тараптын аракеттеринин тизмеси | Үлгү боюнча эркин (басма же электрондук формада) арыз (арыздын бланкы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз берилет); - фотосүрөт 3х4 (2 даана); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция; |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы
| Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн монополияга каршы саясат жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан буйрук чыгаруу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын керегелерине, расмий сайтында жайгаштырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулугу; - аныктыгы жана өз убагындалыгы, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык келиши; - жынысы, улуту, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттык белгиленген шарттарына ылайык имаратка, жайга мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызматкерлердин зарыл документтерди толтурууда жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөр | Арыз берүү этабында жарым-жартылай көрсөтүлөт жана натыйжасын билүү жөнүндө датасын көрсөтүү менен кабарлоо берилет. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - 12-пунктта көрсөтүлгөн документтер жок болгондо; - “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” деген спорттук наамдарды берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругу болбогондо |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай аткарылбаган учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнүнөн, жашаган дарегинен, телефон №, ошондой эле колтамгасынан жана датасынан турууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө кайрылууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн анын жообун алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге же аны сапатсыз көрсөтүүгө канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты 3 жылда бир жолу каралып турууга тийиш. |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |