Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 135
Чγй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын Студенческое айылында жайгашкан бала бакчаны Чγй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймактык айыл ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчигине ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ
«Мγлккѳ муниципалдык менчик жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонд Чγй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын Студенческое айылында жайгашкан бала бакчаны Чγй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймактык айыл ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте ѳткѳрγп берсин.
2. Чγй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл ѳкмѳтγнѳ тѳмѳнкγлѳр сунушталсын:
ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык ѳткѳрγлγγчγ бала бакчаны муниципалдык менчикке кабыл алуу;
объектти белгиленген тартипте кайра мамлекеттик каттоодон ѳткѳрγγ;
- объектти максаттуу багыты боюнча колдонууну камсыздоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |