Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 141 токтому менен бектилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Дубай шаары, 2014-жылдын 7-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттыгынын Өкмөтү мындан ары "Тараптар" деп аталып,
Туруктуу узак мөөнөттүү негизинде экономикалык жана техникалык кызматташтык тармактарында эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүнү каалап,
Экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө Тараптарды байланыштыруучу эл аралык макулдашуулардын жоболорун эске алып,
Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз кызыкчылыктарын билдирип,
Төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Макулдашуунун максаты
Макулдашуунун максаты болуп эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык тең жана өз ара пайданын негизинде экономика, соода чөйрөлөрүндө жана техникалык тармакта кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2-берене. Кызматташуунун тармактары
1. Тараптардын ортосундагы кызматташтык, чектелбестен, төмөнкү тармактарды камтыйт:
- Өнөр жай;
- Телекоммуникация;
- Транспорт;
- Интеллектуалдык менчикти коргоо;
- Соода жана инвестициялар;
- Саламаттыкты сактоо;
- Туризм;
- Инфраструктура;
- Айыл чарба;
- Энергетика;
- Илим жана технологиялар.
Өз ара макулдашыла турган экономикалык, техникалык жана соода кызматташтыктын башка чөйрөлөрү.
2. Тараптар эки тараптуу мамилелердин үзгүлтүксүз өнүгүүсүн жана эки мамлекеттин экономикалык саясаттарынын артыкчылыктарын эске алуу менен айрыкча пайдалуу боло турган башка чөйрөлөрдө кызматташуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.
3-берене. Кызматташуунун механизми
Эки тараптуу экономикалык мамилелерди бекемдөө максатында жана эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча башка пайдалуу чараларга тоскоол көрсөтпөстөн, Тараптар:
1. Өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты демилгелөөгө жана өнүгүүгө арналган жармаңке, көргөзмө, симпозиумдар жана башка жолугушуулар сыяктуу демилгелерде эки өлкөнүн жеке жана юридикалык жактарынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
2. Эки тараптуу кызыкчылыкты туудурган экономикалык жагдайга тийиштүү болгон маалымат боюнча мыйзамдар, экономикалык программалар, бизнес боюнча жана башка маалымат менен алмашууга бардык чараларды көрүшөт.
3. Эки тараптуу соодага, техникалык жана экономикалык кызматташтыкка тоскоол кылуучу көйгөйлөрдү таап, ушул көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды сунушташат.
4. Эки өлкөдө инвесторлор үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү жана стимулдарды, канчалык мындай чаралар эки мамлекеттин мыйзамдарына жана эл аралык жоболоруна ылайык келсе, ошончолук узак мөөнөткө беришет.
4-берене. Энергетика тармагындагы кызматташуу
Энергетика чөйрөсүндө, жекече алганда энергиянын кайрадан жандандыруунун булактарына жана энергетиканын натыйжалуулугуна тийиштүү болгон кызматташууну кеңейтүү максатында Тараптар:
1. Энергиянын кайрадан жандандыруунун булактарына жана энергетиканын натыйжалуулугуна инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу үчүн ылайыктуу саясаттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшөт.
2. Энергиянын кайрадан жандандыруунун булактары жана энергетиканын натыйжалуулук тармактарындагы укуктук ченемдик база боюнча маалымат менен алмашышат.
3. Эки өлкөнүн энергетика тармактарындагы профессионалдык ассоциациялар, өнөр-жай өндүрүүчүлөр жана инвесторлордун ортосундагы байланыштарды бекемдейт.
4. Эки өлкөнүн инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында пландар жана энергетикалык долбоорлор жөнүндө маалымат алмашууну демилгелешет.
5. Туруктуу өндүрүштү жана энергетиканы пайдаланууну камсыз кылууга багытталган технологияларды өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтүшөт.
6. Кайрадан жандандыруучу энергетикасы жана энергетиканын натыйжалуулугу боюнча тажрыйба алмашуу максатында конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
5-берене. Интеллектуалдык менчик
Улуттук мыйзамдардын жана эл аралык милдеттенмелердин чегинде Тараптар интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылышат жана чыңдашат.
6-берене. Биргелешкен экономикалык комиссияны уюштуруу
1. Тараптардын өкүлдөрүнөн турган, жана, зарыл болгон учурда, Тараптардын өлкөлөрүнүн ишканаларынын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен экономикалык комиссия бул Макулдашуунун 1-беренесинде белгиленген экономикалык, соода жана техникалык кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу координациялоо жана алдыга жылдыруу үчүн түзүлөт:
а) Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу;
б) Ушул Макулдашууда каралган, же мындан кийин Макулдашуучу Тараптардын ортосунда башкача түрдө макулдашылган чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү;
в) Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтыкка тоскоол болуучу чектөөлөрдү аныктоо жана аларды жеңүү үчүн чечимдерди сунуштоо.
2. Биргелешкен экономикалык комиссия Тараптардын бирөөсүнүн суроо-талабы боюнча жана башка Макулдашуучу Тараптын макулдугу менен жыйындарын эки өлкөдө кезеги менен өткөрөт.
3. Ар бир Тарап Төраганы дайындайт жана ар бир Төрага Комиссиянын тиешелүү бөлүгүнүн катчысын дайындайт.
4. Жыйындын датасы жана күн тартиби кабыл алуучу Тарап жагынан сунушталышы керек, анын катчысы Протоколду даярдоого жооптуу болот.
5. Конкреттүү маселелерди талкуулоо үчүн Биргелешкен экономикалык комиссия милдеттерин аныктоо менен жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимди кабыл ала алат.
6. Ар бир Тарап өзүнүн делегацияларынын Биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйынына байланышкан чыгымдарды өзүнө алат.
7-берене. Региондук жана эл аралык макулдашуулар
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттыгы катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден чыккан Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын жана милдеттенмелерин жана ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардагы эки мамлекеттин мүчөлүгүнөн келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
8-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Бул Макулдашууну чечмелөө жана аны аткарууга байланышкан талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу жөнгө салынат.
9-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча Протокол түрүндө киргизилиши мүмкүн.
10-берене. Күчүнө кирүү, колдонуу мөөнөтү, жаңыртуу, токтотуу
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүү үчүн керектүү болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу түрүндө билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу алгачкы беш (5) жылдык мөөнөттө күчүндө калат жана андан ары эгер Тараптын бири экинчи Тарапка анын күчүн токтотуу тууралуу анын мөөнөтү бүткөнгө чейин алты ай калганча чейин өзүнүн ниетин жазуу түрүндө билдирбесе автоматтык түрдө кийинки беш (5) жылдык мөөнөттөргө узартылат.
3. Бул Макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу билдирүүнү алган учурда, эгер Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, жоболорго ылайык түзүлгөн келишимдерден келип чыккан жана дагы деле ишке ашырылбаган милдеттенмелер ушундай келишимдер толук бойдон ишке ашырганга чейин күчүндө калат.
Жогоруда айтылгандарды ырастоо үчүн тийиштүү түрдө өздөрүнүн Өкмөттөрү тарабынан укук берилген төмөндөгү кол койгондор бул Макулдашууга кол коюшушту.
Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлгөн, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттыгынын Өкмөтү үчүн |