Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 145
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Аңчылык ресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн башкаруунун, коргоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-мартындагы № 179 "Айрым аңчылык участокторун жана мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
- экинчи абзацтагы "карамагына" деген сөз "ыкчам башкаруусуна болгон мүлкү, штаттык саны жана зарыл болгон каржылоосу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац "Ысык-Көл облусунун" деген сөздөрдөн мурун "4 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен" деген цифра жана сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац "Нарын облусунун" деген сөздөрдөн мурун "3 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен" деген цифра жана сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзац "Чүй облусунун" деген сөздөрдөн мурун "3 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен" деген цифра жана сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзац "Чүй облусунун" деген сөздөрдөн мурун "3 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен" деген цифра жана сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 14-пунктунда:
- "2052" деген цифралар "2065" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "1893" деген цифралар "1906" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |