Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 140 токтому менен бекитилген |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдарды менчигинин формасына карабастан аккредитациялоонун негизги принциптерин, жалпы талаптарын, тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
аккредитация - жыйынтыгы боюнча аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берилүүчү, аккредиттелген субъект белгиленген талаптарга ылайык келгенин күбөлөндүргөн, аккредитация субъектисин баалоонун жол-жоболору;
аккредиттелген уюм - ыйгарым укуктуу орган тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүгө компетенттүү деп табылган жана белгиленген тартипте аккредитация жөнүндө сертификатын алган уюм;
өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчет - аккредитация субъекти өз ишинин деңгээлинин белгиленген стандарттарга ылайыктыгын чагылдырган документ;
баалоо - аккредитация субъектисинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн белгиленген талаптарга сапаттык жана сандык жактан ылайык келүүсүн аныктоо боюнча иш;
аккредитация жөнүндө сертификат - аккредитация субъектисинин администрациялык, уюштуруучулук, функциялык жөндөмдөрү турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүгө ылайык экендигин ырастаган, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ;
аккредитациялоонун субъекти - менчигинин формасына карабастан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын күнү-түнү болуусу үчүн арналган (интернат тибиндеги балдар мекемелери, баш паанектер, балдар үйлөрү, пансиондор жана диний мекемелер) коммерциялык уюм;
ыйгарым укуктуу орган - турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарды аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган.
3. Аккредитациянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;
- аккредитацияланган субъекттердин иштеринин квалификациясынын деңгээлин аныктоо;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүү жагында атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү.
4. Аккредитациялоо төмөнкү принциптерге негизденет:
- аккредитациялоонун жол-жоболору, критерийлери жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
- аккредитациялоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгы;
- аккредитациялоону өткөрүүдө дискриминацияга жол бербөө;
- аккредитациялоо тутумунун биримдиги жана бүтүндүгү.
5. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын күнү-түнү болуусу үчүн арналган (интернат тибиндеги балдар мекемелери, баш паанектер, балдар үйлөрү, пансиондор жана диний мекемелер) менчигинин формасына карабастан, коммерциялык уюмдар аккредитациялоого жатат.
6. Аккредитациялоо баштапкы жана 3 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү кайталама болуп бөлүнөт.
7. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар аккредиттелген уюмдарга гана жиберилишет.
2. Ыйгарым укуктуу органдын укуктары жана милдеттери
8. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жактардан аккредитация өткөрүү үчүн зарыл маалыматтарды сурап алууга;
- өз ара макулдашуу боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле юридикалык жактардын өкүлдөрүн аккредитациянын субъектиси тарабынан берилген документтерди кароого тартууга;
- аккредитациялоо субъектисине баалоону жүргүзүүгө;
- аккредитацияланган уюмдарга мониторингди жүргүзүүгө;
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнөн, укук коргоо органдарынан жана башка юридикалык же жеке жактардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аккредитацияланган уюмдарга текшерүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.
9. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү милдеттерди аткарат:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине жана ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык так жүзөгө ашырат;
- чечимдерди кабыл алууда, көз карандысыздыкты жана калыстыкты, ошондой эле өзүнүн ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- аккредитациялоо тууралуу арыздарды карайт жана аккредитациялоо субъектисин аккредитациялоо тууралуу же аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу кабыл алынган чечимдерди маалымдайт;
- аккредитацияланган уюмдарга аккредитациялоо жөнүндө сертификатын жана ыйгарым укуктуу органдын актысынын бир нускасын берет;
- аккредитация жөнүндө сертификатты кайра алуу же жарактуулук мөөнөтүн токтотуп туруу тууралуу чечимди кабыл алат;
- аккредитация жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтото туруу же аккредитация жөнүндө сертификатты кайра алуу тууралуу кабыл алынган чечимди, негиздерин көрсөтүү менен аккредитацияланган уюмдарга маалымдайт;
- аккредитацияланган уюмдар тууралуу калкка маалымат берет.
3. Аккредитациялоодон өткөрүү тартиби
10. Ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына аккредитациялоо субъектилеринен арыздарды кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.
11. Аккредитациялоо субъектилерине коюлуучу талаптар:
- уюмдун штатында көрсөтүлүүчү кызматтардын мүнөзүнө жана талаптарына ылайык келген атайын кесиптик билими же даярдыгы бар кызматкерлердин болушу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн уюштуруучулук-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жана материалдык-техникалык жабдуулардын болушу;
- кызмат көрсөтүлүүчү жайлардын экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарга ылайык келиши.
12. Аккредитациялоодон өтүү үчүн аккредитациялоо субъектиси ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:
1) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты алуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен аккредитациялоо тууралуу арыз;
2) аккредитациялоо субъектисинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
3) салык төлөөчүнүн идентификациялык номурун көрсөтүү менен статистика жана салык органдарында социалдык камсыздандыруу органында арыз берүүчүнү каттоого коюу жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
4) балдарды багуу боюнча кызматтар көрсөтүлө турган же көрсөтүлүп жаткан жайларды колдонууга болгон укукту ырастаган документтердин көчүрмөлөрү жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген аталган жайлардын планынын көчүрмөсү;
5) аккредитациялоо субъектисинин жетекчиси жөнүндө маалымкат (аты-жөнү, билими жөнүндө маалымат, соттуулугу жоктугу);
6) кызматтарды көрсөтүү үчүн ченемдик-методикалык камсыз болгондугу жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтар;
7) өрткө каршы кызматтын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык мамлекеттик органдарынын арт коопсуздугунун мыйзамда белгиленген талаптарына жана көрсөтүлүүчү кызматтардын коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгы жөнүндө корутундуларынын көчүрмөлөрү;
8) көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги;
9) аккредитациялоо субъектисинин жетекчиси тарабынан эркин формада түзүлгөн өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчету.
13. Аккредитациялоо үчүн зарыл болгон жана ушул Жобонун 12-пунктунда каралган документтер (документ) берилбеген учурда аккредитациялоо тууралуу арыз четке кагылат.
14. Аккредитациялоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
15. Аккредитациялоо субъектилерине баалоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган эксперттик топторду түзөт жана алардын курамын бекитет.
Эксперттик топтун мүчөлөрү билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү, санитардык-эпидемилогиялык жана өрт коопсуздугуна көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
16. Эксперттик топтор көрсөтүлүүчү кызматтардын белгиленген талаптарга ылайык келишин баалашат, аныкташат жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна аккредитациялоо субъектисин баалоо жөнүндө отчетту беришет.
17. Ыйгарым укуктуу орган арыздын, берилген документтердин, эксперттик топтун отчетунун жана анын сунуштарынын, аккредитациялоо субъектиси даярдаган өзүн-өзү баалоо отчетунун негизинде корутунду даярдайт жана Комиссиянын кароосуна киргизет.
18. Аккредитациялоо жөнүндө же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди Комиссия арыз жана документтер келип түшкөн күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде кабыл алат.
Ыйгарым укуктуу органдын корутундусун кароодо Комиссия эксперттик топту тарта алат.
Эгерде чечим кабыл алуу үчүн кошумча экспертизаны өткөрүү талап кылынса, чечимди кабыл алуу 30 күндөн ашпаган мөөнөткө узартылат.
19. Комиссия тарабынан аккредитациялоо жөнүндө же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин негизинде ыйгарым укуктуу орган акт чыгарат жана аккредитацияланган уюмга 15 календардык күндүн ичинде 3 жылдык жарактуулук мөөнөттөгү аккредитация жөнүндө сертификатты берет.
20. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат тыкыр отчеттуулуктагы документ болуп эсептелет, эсептик номуру бар болот жана ушул Жобого ылайык толтурулат.
Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын бланкын алуу, эсепке алуу жана сактоо ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
21. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитация субъектилерине коюлуучу талаптарды сактабоо аккредитация жөнүндө сертификатты берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болот.
Аккредитация жөнүндө сертификатты берүүдөн баш тартуу боюнча даттануу сот тартибинде жүргүзүлөт.
22. Ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан чыгарылган актылар ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жайгаштырылат.
23. Кайра катталган учурда аккредитацияланган уюм 15 календардык күндүн ичинде аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайрадан тариздөө жөнүндө арызды берүүгө милдеттүү.
Аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайрадан тариздөө үчүн аккредитацияланган уюм ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берет.
24. Кайталап аккредитациялоо ушул бапта белгиленген тартипте аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтү бүтөөрүнө чейин 6 айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
4. Аккредитациялоо боюнча Комиссиянын ишин уюштуруу
25. Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. Комиссия он үч мүчөдөн турат.
26. Комиссиянын мүчөлөрү ички иштер, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык өнүгүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн бекитилет.
Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин аккредитация маселелерин тейлеген орун басары эсептелет.
27. Эгерде жыйынга Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса, Комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп саналат.
28. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү добуш беришсе Комиссиянын чечими кабыл алынган болуп эсептелет.
Комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынган чечим боюнча өзүнүн өзгөчө пикирин тариздөөгө укуктуу. Өзгөчө пикир оозеки жана жазуу жүзүндө билдирилиши мүмкүн жана Комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
29. Комиссия аккредитациялоо, аккредитациялоодон баш тартуу маселелери боюнча (баштапкы жана кайталама) чечимди корутунду түрүндө кабыл алат.
5. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтотуу же кайра алуу
30. Укук коргоо органдары, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү же башка юридикалык же жеке жактар тарабынан ыйгарым укуктуу органга аккредитацияланган уюмдардын көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатынын ылайык эместиги жөнүндө билдирилгенде алар текшерилиши мүмкүн.
31. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапаттары белгиленген стандарттарга ылайык келбегендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлүп жаткан кызматтардын шайкеш келбегендиги боюнча корутундунун негизинде аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
32. Аккредитацияланган уюмдарга аккредитация сертификатынын жарактуулугун токтотуп туруу жөнүндө чечим 10 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирилет.
33. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган мезгилде аккредитацияланган уюм кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу эмес.
34. Эгерде аккредитацияланган уюм аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечимди ага билдиришкен күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ушул чечимге негиз болгон себептерди жойгондугун далилдесе, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугу калыбына келтирилет.
35. Аккредитация жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечимге даттануу сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
36. Аккредитациялоо сертификатын кайра алып коюуга төмөнкүлөр негиз болот:
- аккредитацияланган уюмду жоюу жөнүндө чечим;
- ыйгарым укуктуу органга берилген документтерде жалган маалыматтар аныкталганда;
- аккредитациялоону токтотууга алып келген жагдайлар белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда.
37. Ыйгарым укуктуу орган аккредитация жөнүндө сертификатты алып коюу тууралуу чечимди бул үчүн негиздер аныкталган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде кабыл алат жана алып коюунун негиздерин көрсөтүү менен бул чечимди уюмга билдирет.
38. Сертификатты алып коюу тууралуу чечим чыгарган уюм 5 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга аккредитация жөнүндө сертификатты кайра берет.
Уюм аккредитациялоо тууралуу жаңы арызды аккредитация жөнүндө сертификат кайра алынган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин гана бере алат.
39. Аккредитациялоо жөнүндө сертификатын алып коюу тууралуу чечимге даттануу сот тартибинде жүргүзүлөт.
40. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн уюмду аккредитациялоодон баш тартылганда, аккредитация жөнүндө сертификатынын жарактуулугу токтотулганда же аккредитациялоо жөнүндө сертификаты кайра алынган учурларда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ыйгарым укуктуу органга макулдашуу боюнча ушул уюмда камкорчулукка алынгандарды башка аккредиттелген уюмга белгиленген тартипте которот.
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобого тиркеме |
Аккредитациялоо жөнүндө СЕРТИФИКАТ № ______________
Ушул сертификат ___________________________________________________
(уюмдун аталышы, юридикалык дареги)
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________ берилди
Юридикалык жактын уюштуруу документтеринин жана мамлекеттик каттоо
жөнүндө күбөлүгүнүн негизинде берилген
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
(юридикалык каттоо жөнүндө күбөлүктү берген органдын аталышы)
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүгө укук берилет
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
Аттестаттын жарактуулук мөөнөтү: ____________________________________
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси | _________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
Датасы: 20__-жылдын "___" _________________