Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 19-майындагы № 353
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жер участокторуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 "Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жободо:
- 6-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пункт "бөлүүдө" деген сөздөн кийин "же кошууда" деген сөздөр менен, "бөлүү" деген сөздөн кийин "же кошуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жер участогунун жалпы аянты, анын ичинен жерлердин түрлөрүн көрсөтүү менен аянты;";
бешинчи абзац "максаттуу" деген сөздөн мурун "категориясы жана" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"жер участогунун аянты;";
он тогузунчу абзац "бөлүнүп" деген сөздөн мурун "жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусунун колу коюлуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
жыйырма экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде тиешелүү масштабдагы бир нече участоктордон турган бекитилүүчү аянттарды бир планга жайгаштырууга мүмкүн болбосо, анда бир каттоо зонасынын идентификациялык коддорун көрсөтүү менен жер участокторунун кошумча пландары чийилет; мында кошумча барактар укукту күбөлөндүрүүчү документтин сериялык номерин көрсөтүү менен жергиликтүү каттоо органынын жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүчү бир укук күбөлөндүрүүчү документте болушу мүмкүн.";
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтин акыркы барагындагы түзүү датасы жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу тарабынан толтурулат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-1 - 19-3-пункттар менен толукталсын:
"19-1. Эгерде берилген документтер ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылышы мүмкүн.
19-2. Жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылган учурда, арыз ээсине баш тартуунун себептери жөнүндө кабарландыруу жиберилет. Кабарландыруунун бир нускасы кыймылсыз мүлктүн ушул бирдигине мурда ачылган каттоо ишине тиркелет.
19-3. Жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартуу мамлекеттик каттоонун жогорку органында же сотто даттанылышы мүмкүн.";
- 22-пунктта:
биринчи абзацтагы "Жерди", "жана жергиликтүү каттоо органында кала турган экинчи нускага да" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Укукту күбөлөндүрүүчү документтердин эсептен чыгарылган бланктары он жылдан кийин жок кылынат. Мында актылар жергиликтүү каттоо органында сакталышы керек.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"24-1. Жер участогун бөлүүдө же кошууда мурда берилген жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жергиликтүү каттоо органына берилет жана жерге жайгаштыруу ишине тиркелет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июлундагы № 457 "Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акттын; Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акттын; Жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктүн тексттеринде:
- "максаттык багыты" деген сөздөр "жана категориясы" деген сөздөр менен толукталсын;
- "берилген" деген сөз "түзүлгөн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттеги "пайдалануу багыты" деген сөздөр "максаттык багыты жана категориясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна (үлүшүнө) жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктө:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "(үлүшүнө)" деген сөздөр алып салынсын;
- "райондук мамлекеттик администрациясынын" деген сөздөр алып салынсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |