Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 161
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын II бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-бап менен толукталсын:
"
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ыктыярдуу негизде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн адамдар, анын ичинде жеке ишмердик жүргүзгөн жактар үчүн социалдык камсыздандыруу кызматы - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 6-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөткөн региондук башкармалыктардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар: - Кыргыз Республикасынын жарандары; - чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган башка мамлекеттин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жана кайсыл бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигин далилдей албаган, Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүүгө уруксаты бар жарандыгы жок адамдар; - жеке ишкерлер - Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (убактылуу) жашаган, аймактык мамлекеттик статистика органдарында мамлекеттик каттоодон кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда патенти бар болсо аталган органдарда катталбастан өз ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар; - текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-майындагы № 278 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускама |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы | Камсыздандыруу полиси |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда берилет: - санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга) тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар, жабдылган ажатканалар бар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү үчүн орундар менен жабдылышы жана жылуулук, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыздалышы керек. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жайлардын көрүнүктүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга жана кызмат көрсөтүүлөргө убакыттын чеги (камсыздандыруу полисин тариздөө жана алуучуга берүү) - 15 мүнөткө чейин. Камсыздандыруу полиси бир айдан кем эмес жана 12 айга чейинки мөөнөткө берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабарлоо | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөр аркылуу алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылып; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан: www.sf.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - телефон боюнча; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан. - Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтардын ар бир кайрылган адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, телевидение боюнча, маалыматтык сайттарда; - мезгилдүү басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (www.sf.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдерде стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, расмий сайтында (www.sf.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда жана региондук башкармалыктарда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жекече табличкалар (бейдждер) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташы керек: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын кез карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгарган кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен пикир алмашуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн арыз ээси ишкердик кылган жери боюнча же жашаган жери боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук башкармалыктарына же Бишкек ш. соода базарларында атайын бөлүнгөн пункттарга кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: - ким экендигин ырастаган паспортун же документин; - патент (эгерде иш патенттин негизинде жүргүзүлсө); - социалдык коргоо күбөлүгүн; - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, чек же төлөм тапшырмасын; - ишке орношууга уруксат (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн). Камсыздандыруу полиси башка адам тарабынан сатылып алынса, арыз ээсинин атынан иш аракет кылуу укугун ырастаган нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта айтылган шарттарга жана мөөнөттөргө ылайыктыгы жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча кодулоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө шайкештиги; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү документтерди берүү боюнча маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын корпоративдик тармагы боюнча электрондук форматта берилиши мүмкүн |
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - белгиленбеген үлгүдөгү же кемтиги бар арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер берилгенде; - 16 жашка толо элек адамдарга; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер бербегенде |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыкканда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбесе, алуучу региондук башкармалыктын жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, мамлекеттик кызмат алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуу жана алуучуга жооптуу жиберүү мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Региондук башкармалык тарабынан кабыл алынган даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайта даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим менен канааттанбаганда же сапатсыз берилгенде алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимин соттук тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат |
";
- V бөлүк төмөнкү мазмундагы 4-бап менен толукталсын:
"
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен маалымат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап 3-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук башкармалыктары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөткөн региондук башкармалыктардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Социалдык камсыздандыруу органдарында каттоодон өткөн, социалдык коргоо күбөлүгү бар камсыздандырылган адам |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү алуунун укуктук негизи | ''Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 токтому менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускама |
5 | Берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы | Жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда берилет: - санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга) тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар, жабдылган ажатканалар бар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү үчүн орундар менен жабдылышы жана жылуулук, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыздалышы керек. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жайлардын көрүнүктүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун чектелген мөөнөтү - 15 мүнөткө чейин. Көчүрмөлөрдү тариздөөнүн мөөнөтү - 3 жумуш күндүн ичинде. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн чектелген мөөнөтү - 15 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабарлоо | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөр аркылуу алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга жана региондук башкармалыктарга жеке кайрылып; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан: www.sf.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (кат жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - телефон боюнча; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтардын ар бир кайрылган адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Берилүүчү кызмат тууралуу маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, телевидение боюнча, маалымат сайттарында; - мезгилдүү басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (www.sf.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдерде стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жекече табличкалар (бейдждер) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда бардык кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташы керек: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү, жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгарган кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен пикир алмашуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөрдү алуу үчүн арыз ээси мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: - паспорт; - эркин формадагы арыз; - социалдык коргоо күбөлүгү. Башка адам тарабынан алынганда арыз ээсинин атынан иш аракет кылуу укугун ырастаган нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта айтылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тууралыгы жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча кодулоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүсүнө дал келиши; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү документтерди берүү боюнча маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын корпоративдик тармагы боюнча электрондук форматта берилиши мүмкүн |
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - белгиленбеген үлгүдөгү же кемтиги бар арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер берилгенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер берилбегенде |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыкканда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбесе, алуучу региондук башкармалыктын жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат алуучунун аты жөнү, жашаган жери, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, мамлекеттик кызмат алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуунун жана алуучу жооп жиберүүнүн мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Региондук орган тарабынан кабыл алынган даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайта даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим менен канааттанбаганда же сапатсыз берилгенде алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимин соттук тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |