Редакцияот 01.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 1-апрели № 178

Алыкул Осмоновдун ысымын Кыргыз

Республикасынын Улуттук китепканасына

ыйгаруу жөнүндө

 

Улуттук адабияттын өнүгүүсүнө олуттуу  салым  кошкон белгилүү кыргыз акыны  Алыкул Осмоновдун элесин  түбөлүккө калтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын 2014-жылдын 5-декабрындагы № 21-145 чечимин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алыкул Осмоновдун ысымы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына берилсин жана мындан ары ал «Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы» деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын  Улуттук китепканасы:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул  токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев