Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацы "социалдык кызматкерлерге" деген сөздөрдөн кийин ", улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттардын, балдардын, чоңдордун психоневрологиялык үй-интернаттарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн кызматкерлерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом, менен бекитилген "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн административдик-чарба жана медициналык кызматкерлеринин типтүү штаты" деген 11-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Үй-бүлө тибиндеги балдар үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
"11-тиркеме
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (койканын саны 1ден 6га чейин) | Штаттык бирдиктердин саны (койканын саны 7ден 10го чейин) | Штаттык бирдиктердин саны (койканын саны 11ден 15ге чейин) |
1 | Директор | 1,0 | 1,0 | 1,0 |
2 | Бухгалтер | 0,5 | 1,0 | 1,0 |
3 | Социалдык педагог | 0,5 | 1,0 | 1,0 |
4 | Мугалим - дефектолог | 0,25 | 0,5 | 1,0 |
5 | Психолог | 0,25 | 0,5 | 1,0 |
6 | Дарылоочу дене тарбия боюнча нускоочу | 0,25 | 0,5 | 1,0 |
7 | Эмгек боюнча нускоочу | 0,5 | 0,5 | 1,0 |
8 | Санитарка - бала багуучу | 3,0 | 3,0 | 3,0 |
9 | Чарба башчысы | 0,5 | 1,0 | 1,0 |
Эскертүү.
От жаккычтын кызмат орду 1 штаттык бирдикте жылытуу мезгилине киргизилет (ноябрь-март айларында).".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Үй-бүлө тибиндеги балдар үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |