Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 210
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин штаттык санын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлер киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 2-пункттагы "680" жана "241" деген цифралар тиешелүү "674" жана "247" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу иш-чараларын, анын ичинде ишке орноштуруу жана кызматкерлерди бошотуу боюнча маселелерди чечүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн;
өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом pacMj^u^gjJfgijpir^aH күндөн он күн өткөндөн
кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |