Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 212
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 212 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилге кылышкан "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутунду берет.
Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине балдардын мектепке чейинки мекемелерине айрым салыктарды (киреше салыгын, сатуудан салыкты, жер салыгын) төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү, ошондой эле мектепке чейинки, мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн КНС салыгынан бошотулган берүүлөрдүн тизмесине кошуу боюнча толуктоолорду киргизүү каралууда.
Ушуну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, ал балдардын мектепке чейинки жеке мекемелерин ачкан жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу боюнча социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөм түзүп берет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси салык салууга бирдиктүү мамиле кылууга багытталгандыгын жана салык салуунун милдеттүүлүгүнүн, аныктыгынын, адилеттүүлүгүнүн принциптерине жана салык системасынын бирдейлигине негизделгендигин белгилөө зарыл.
Салыктык жеңилдиктерди берүү же салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларын салык төлөөдөн бошотуу бардык чарба субъекттери үчүн бирдей шарттарды жана адилеттүү жана тең бөлүштүрүү принциби боюнча айрым субъекттердин ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү шарттаган салык салуунун эң негизги адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет.
Өлкөдө учурдагы ченемдүү салык ставкаларын колдонууда мектепке чейинки жеке мекемелерге салыктык жеңилдиктерди берүү иштин бул чөйрөсүн өнүктүрүүдө аныктоочу фактор жана иштиктүү механизм болуп эсептелбейт. Практика көрсөтүп тургандай, балдарды жеке бакчаларга киргизүү үчүн ар айлык акы төлөмдүн наркы тарбиячылардын, тейлөөчү персоналдын, эмгек акысынын наркына, тамак-аш продуктуларынын, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана имаратты ижарага алуунун бааларына жараша түзүлөт, башкача айтканда бул сегменттеги салыктын үлүшү анча олуттуу эмес.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, айына бир мектепке чейинки жеке мекемеге салыктык өлчөмү анын бардык түрлөрүн кошкондо орточо эсеп менен 2,9 миң сомду түзөт. Бул сумманын көпчүлүк бөлүгү (58%) киреше салыгы болуп эсептелгендиктен, ага сунушталуучу жеңилдиктер колдонулбайт.
Ушуга байланыштуу, киреше салыгы, кошумча нарк салыгы, сатуу салыгы жана жер салыгы боюнча салыктык артыкчылыктарды берүү учурдагы мектепке чейинки мекемелердин финансылык туруктуулугу жана жаңыларын ачууга инвестициялык жагымдуулугу үчүн күтүлгөн натыйжаны алып келбейт. Ошондой эле салыктык жеңилдиктерди берүүдө жеке менчик балдар мекемелеринин ээлери тарабынан белгиленген нарктын төмөндөй тургандыгы шек туудурууда.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда салыктан бошотууга таандык кылынган субъектиси катары балдардын мектепке чейинки мекемелери (жеке бала бакчалар) аныкталган.
Ушуга байланыштуу "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "мектепке чейинки билим берүү уюму" деген түшүнүккө аныктама берилгендигин белгилөө зарыл, башкача айтканда мамлекеттин тапшырыгын, бала багууда, аны окутууда, тарбиялоодо, өнүктүрүүдө жана мектепке даярдоодо үй-бүлөнүн жана коомчулуктун суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлүүчү 6 айдан 7 жашка чейинки балдар үчүн арналган уюм.
Аталган Мыйзамдын 7, 9-беренелерине ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдары мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик түрүндө түзүлөт жана алар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- 6 айдан 3 жашка чейинки балдар үчүн ясли;
- 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын ясли-бакчасы;
- 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын бала бакчасы;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистешкен атайын бала бакча;
- балдар үйү;
- бөбөктөр үйү;
- балдарды өстүрүү борбору;
- үй-бүлөлүк балдар үйү;
- прогимназия;
- эне мектеби;
- жамааттык бала бакча;
- кыска мөөнөткө (күнүнө 3-5 саат) баруучу балдар үйү.
Мыйзамдын долбоорунда салык салуудан бошотулуп жаткан субъектке конкреттүү түшүнүк берилбегендиктен, келечекте ал ченемдик укуктук актыны тескери же карама-каршы колдонуу практикасы менен байланышкан кайчы пикирлерге алып келиши мүмкүн.
Ушуну менен бирге, жогоруда аталган Мыйзамдын долбооруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары коммерциялык эмес, башкача айтканда өздөрүнүн негизги максаты катары пайда көрбөгөн жана алынган кирешени катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүү жүргүзбөгөн уюмдар катары түзүлүүдө.
Ошол эле мезгилде, жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдары коммерциялык эмес уюмдар катары гана эмес, негизги максаты пайда алуу болуп эсептелген коммерциялык уюмдар болуп түзүлүшү мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 212
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 212 токтому менен жактырылган |