Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 226
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 113 "Айыл чарбасын каржылоо - 3" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Айыл чарбасые каржылоо - 3" долбоору боюнча республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен кыйла кеңири камтуу жана 2015-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн каражаттарды ыкчам жайгаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 113 "Айыл чарбасын каржылоо - 3" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
2-главасынын он экинчи абзацындагы "25" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |