Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-апрели № 231
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Товардык кредиттерди тындырууну камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |