Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2018-жылдын 17-октябры № 07-р
Бермет Анарбековна Джолдошалиева, Ахмат Киргизбаевич Алагушев, Надежда Ивановна Алишева, Бегаим Джолдошбековна Усенова, Алтынай Бакытбековна Исаеванын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап – Бермет Анарбековна Джолдошалиеванын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Айнура Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев жана Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Ахмат Киргизбаевич Алагушевдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Аида Туйукбаевна Мамбетованын, Света Садыковна Болджурованын;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Максатбек Кульчороевич Есеналиевдин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаевдин катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бермет Анарбековна Джолдошалиева, Ахмат Киргизбаевич Алагушев, Надежда Ивановна Алишева, Бегаим Джолдошбековна Усенова жана Алтынай Бакытбековна Исаеванын өтүнүчтөрү бул ишти кароого себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 16-апрелинде Б.А. Джолдошалиеванын «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин экинчи бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, 104-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Президентин ар-намысын жана аброюн соттук коргоодо негизделбеген артыкчылыктарга ээ кылууда, алар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан сотко кайрылууга жана анын кызыкчылыктарын көздөөгө милдеттендирет.
Кайрылуу субъекти белгилегендей, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Президентине ар-намысты жана абройду коргоо жөнүндө жарандык доолордо жогорулатылган деңгээлдеги коргоону берет, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык абалынын негизинде гана соттук процесстин башка катышуучуларын бирдей эмес абалга коёт да, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципке карама-каршы келет, ошондой эле мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ кылат.
Б.А. Джолдошалиева Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн коргоонун Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүзѳгѳ ашырылышы чектен тыш жана негизделбеген коргоо чарасы болот деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Президенти, анын ар-намысына жана аброюна шек келди деп эсептеген жагдайларда, ал башка жарандар сыяктуу эле сот органдарына өз алдынча кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин сот отурумдарына жеке катышуусунун зарылдыгы жок, анткени ал анын кызыкчылыктарын сот органдарында көздөө үчүн ишеним катты тиешелүү түрдѳ тариздѳѳгѳ укуктуу.
Арыздануучу өз өтүнүчүндө, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандардын укуктарына тиешелүү алып салууларга жана чектөөлөргө жол берет, бирок алар укуктун улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана чектелишин караштырган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндѳ белгиленген критерийлерге туура келиши керек деп белгилейт.
Бирок, талашылып жаткан ченем аталган конституциялык максаттардан келип чыкпайт. Жарандардын укуктары менен милдеттеринде айырмачылыктарга алып келген ар кандай дифференциацияга, эгер ал объективдүү орундалган, негизделген жана конституциялык маанилүү максаттарды көздөсө, ал эми бул максаттарга жетишүү үчүн колдонулган укуктук каражаттар аларга өлчөмдөш болгондо гана жол берилет. Ошенткенде да, мамлекет башчысынын ар-намысы менен аброюн коргоо маселелеринде жол берилүүчү артыкчылыктар зарыл жана ылайыктуу деп эсептелиши мүмкүн эмес, анткени бул артыкчылык мамлекеттик функцияларды натыйжалуу аткаруу менен байланыштуу эмес.
Б.А. Джолдошалиеванын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброю бардык башка адамдарга таандык ар-намыс менен абройдон эч нерсеси менен айырмаланбайт да, кайсы бир башка адамдын ар-намысы менен аброюнан баалуу же артыкча болушу мүмкүн эмес, демек, аларды коргоо жалпы тартипте жана Кыргыз Республикасынын Президентинин статусуна байланышкан кайсы бир өзгөчө артыкчылыктарды бербестен бирдей негиздерде жүргүзүлүшү керек.
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо боюнча ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 4-бөлүгүнүн алкагында мыйзамда белгиленген учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарынын соттогу өкүлчүлүгү катары жүзөгө ашырылат деп эсептейт. Бул ченемдин мазмунунан прокуратура органдары сотто Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыктарын эмес, мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөөгө укуктуу деген келип чыгууда. Арыздануучу болжогондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бир да ченеми мамлекеттин кызыкчылыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыгын, төтөн анын ар-намысы менен аброюн коргоону бирдей деп тааныбайт.
Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуу субъекти талашылып жаткан жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, 104-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 28-майындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 14-майында А.К. Алагушев, Н.И. Алишева, Б.Дж. Усенова, А.Б. Исаеванын «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 60, 104-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өңчөй өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучулар өзүлѳрүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды көрсөтүүдө жана мисал катары Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо боюнча соттук доолорун келтиришүүдө.
Кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченемдин негизги максаттарынын бири болуп Конституциянын өзүндө белгиленген жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей деген жана чектөөлѳрдү киргизүүгө тыюу салган конституциялык принциптерге ылайык келбеген мамлекет башчысынын ар-намысы менен аброюн коргоонун атайын инструменти болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоонун формасын жана ыкмасын орнотуу саналат деп эсептешүүдө. Андан тышкары, көрсөтүлгөн ченем пикир айтуу жана маалымат эркиндигин негизсиз жана өлчөмсүз чектөө болуп эсептелет; Кыргыз Республикасынын жарандык укугунун маңыздуу негиздерин бузууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу, ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ (31-берененин 1, 2-бөлүктөрү, 33-берененин 1-бөлүгү). Ошол эле убакытта ушул укуктар менен эркиндиктерди жүзөгө ашыруу жеке жактардын ар-намысы менен аброюн жана юридикалык жактардын ишкерлик кадыр-баркын урматтоо зарылдыгы менен шартталган. Ошону менен, Конституция мамлекетти пикирди эркин билдирүү жана маалыматты жайылтуу эркиндиги менен ар-намыс, аброй жана ишкердик кадыр-баркты коргоо зарылдыгы ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылган бузулган укуктарды коргоонун акылга сыяр жана адилеттүү механизмин караштырууга милдеттендирет.
Арыздануучулар белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясы (60-берене) мамлекет башчысынын өзгөчө статусун караштырганы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кадыр-баркын коргоонун кандайдыр-бир атайын принциптерин орноткон эмес. Бул мааниде укуктук статустун салынган негизи жалпы укуктук принциптерге ылайык келүүдө. Президент – бул конституция менен орнотулган орган, мамлекеттик бийликтин институту, арыздануучулардын пикири боюнча, ал жеке эмес коомдук-укуктук мамилелердин субъекти болуп туруп, ар-намыс менен абройго ээ боло албайт, анткени бул категориялар жарандардын мүлктүк эмес жеке укуктарына таандык.
Кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Президентинин жана прокуратурасынын укуктук статусун түзгөн Конституциянын жоболоруна ылайык келбейт деп эсептешүүдө. Мында мыйзам менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө болуп эсептелген чараларды колдонуу үчүн негиздер түптөлгѳн, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгүн бузууда.
Кайрылуу субъекттери бир катар эл аралык актыларга, ошондой эле эл аралык уюмдардын сунуштамаларына шилтеме жасашып, мамлекеттин жогорку кызмат адамынын ар-намысы менен аброюн коргоо үчүн мыйзам менен атайын чараларды белгилөөдө пикирди эркин билдирүү жана маалымат эркиндигине болгон укуктарды чектөөнүн өлчөмдөштүгүнүн конституциялык принциби бузулууда деп эсептешүүдө.
Арыздануучулар ар-намыс жана абройду коргоо боюнча тараптардын мамилелерине прокуратуранын ѳкүлдѳрүн талашылып жаткан ченемде каралгандай өз алдынча талаптарды коюу мүмкүндүгүнүн коштоосунда катыштыруу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин негиздерине ылайык келбейт, аларга ылайык жарандык мыйзамдар мамилелердин катышуучуларынын бирдейлигин жана эрк автономиясын таанууга негизделет деп белгилешет.
Арыздануучулардын пикири боюнча, талашылып жаткан ченем прокурорго Президент менен кеңешпестен, анын макулдугун албастан, ошону менен анын эркинин автономдуулугун чектеп, өз демилгеси менен кайсы жарандарга же ММКга каршы ар-намысты жана абройду коргоо жөнүндө доо арыздарды берүү чечимин кабыл алууга, ошондой эле моралдык зыяндын ордун тургузуу жөнүндө талаптарды, андай талаптардын ар кандай суммаларын коюу менен демилгелөөгө жол берүүдө.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 60, 104-беренелерине карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 13-июнундагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Б.А. Джолдошалиева, А.К. Алагушев, Н.И. Алишева, Б.Дж. Усенова жана А.Б. Исаеванын кайрылууларында бир эле ченемдин конституциялуу эместигин таануу тууралуу маселе коюлганына жараша, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык судья-баяндамачынын 2018-жылдын 21-июнундагы аныктамасы менен көрсөтүлгөн иштер бир өндүрүшкө бириктирилген.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү А.Т. Мамбетова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок, аларды негизсиз, ал эми талаптарды канааттандырууга жатпайт деп эсептеп, төмөндөгү тыянактарды келтирди.
Мамлекет башчысы ээлеген саясий кызматынан жана коомдук-саясий ишмердигинен улам жеке адамдарга салыштырмалуу коомчулук тарабынан көбүнесе даражада сынга кабылат. Сын объективдүү жана конструктивдүү да, ошондой эле мамлекет башчысынын жана бүтүндөй мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирген жалган менен кордоону да камтыган болушу мүмкүн.
А.Т. Мамбетова Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн коргоо жеке артыкчылык эмес, ал коомдук-укуктук мүнөзгө ээ, мамлекет башчысына ал тарабынан аткарылган мамлекеттик функцияларга жараша мыйзамдын жогорулатылган кепилдигин камсыз кылуу менен коомдук кызыкчылыктарга кызмат кылат деп эсептейт.
Ошондой эле Президенттин кызмат ордун ээлеген жарандын статусу башка жарандардын укуктук статусунан кыйла айырмалуу болот. Мамлекет башчысынын конституциялык-укуктук статусуна байланыштуу мамлекет башчысынын ар-намысы менен аброюн жаманатты кылган маалыматтарды жайылтуу бүтүндѳй мамлекеттин кадыр-баркына залака келтирип (анын ичинде эл аралык аренада да), аны шайлаган бүтүндөй элди да кордошу мүмкүн.
Мына ошон үчүн, жоопкер тараптын ѳкүлүнүн пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу жазык жоопкерчилигине тартуудан кол тийгистик менен бир катар, мамлекет башчысын анын ар-намысы менен аброюн жаманатты кылган маалыматтарды жайылтуудан коргоо механизмин да караштырган.
Жоопкер тараптын өкүлү Башкы прокурордун Президенттин мыйзамдуу өкүлү катары катышуусу тараптардын тең укуктуулугун бузуу катары эсептелиши мүмкүн эмес деп белгилейт, анткени прокурор жарандык сот өндүрүшүндѳ жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөп катышат, жазык сот өндүрүшүндө мамлекеттик айыптоону колдойт, мында, тараптар бирдей процесстик укуктарды колдонушат жана милдеттерди алышат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык прокуратурага мыйзамда белгиленген учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын сотто өкүлчүлүк кылуу жүктөлгөн. Ал эми мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Президенттин кызмат ордун ээлеген жарандын кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылууну караштырат.
Жоопкер тарап Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык прокурор мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда процесске кирет. Мындай мыйзам болуп «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы эсептелет.
Жогоруда баяндалганга негизденип, жоопкер тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын өтүнүчтѳрүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү С.С. Болджурова А.Т. Мамбетованын жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков талашылып жаткан ченемдерде адамдын укуктарын кайсы бир белгиси боюнча чектеген же жокко чыгарган кандайдыр бир тыюу салуулар жок, ошондой эле инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектеген же басмырлаган тыюу салуулар жок деп эсептейт.
Н.А. Касымбеков Президенттин ар-намысын жана аброюн жаманатты кылган маалыматты жайылтуу инсан катары ага гана зыян алып келбестен, Кыргызстандын элине жана жалпы мамлекеттин кадыр-баркына залалын тийгизиши мүмкүн деп белгилейт.
Ушуга байланыштуу ал Президенттин ар-намысы менен аброюн коргоо менен алек болгон мамлекеттин кызмат адамынын жоктугу Президентке өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууга жол бербейт, анткени ал өзүнүн ар-намысы менен аброюн коргоо боюнча соттордогу талаш-тартыштарга кѳбүрѳѳк убакыт менен күч-кубатын жумшоого мажбур болот деп эсептейт.
Н.А. Касымбековдун пикири боюнча, Президенттин ар-намысы менен аброюн сотто коргоону мыйзам чыгаруучу Башкы прокурорго жүктөгөн, анткени Башкы прокурор өзүнүн функциялары жана ыйгарым укуктарынан улам анын ар-намысы менен аброюн натыйжалуу коргоону камсыз кыла алат.
Н.А. Касымбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинде кепилденген жеке турмуштун кол тийбестигине, ар-намыс менен абройдун корголушуна болгон укукту бузуу менен пикирин билдирүү эркиндигинен эч ким кыянаттык менен пайдаланбаш керек деп белгилейт. Пикирди эркин билдирүү укугунун чеги жеке турмуштун кол тийбестигине болгон укук, ар-намыс менен абройду коргоо укугу башталган жерден бүтөт. Пикирди эркин билдирүү укугу инсандын ар-намысы менен аброюн коргоо укугунан эч салмактуу да эмес, артыкчылыкка да ээ эмес.
Ушуга байланыштуу ал, конституциялык бийлик органы, Президенттин кызмат ордун конкреттүү жеке жак (инсан, адам, жаран) ээлегенден кийин анын ар-намысы менен аброюна жалган айтуу менен кордоонун натыйжасында ички сезимине зыян келтирилиши мүмкүн деп эсептейт. Демек, Президент – бул Конституция менен орнотулган орган, мамлекеттик бийликтин институту жана коомдук-укуктук мамилелердин субъекти болуп саналганына карабастан, ал конкреттүү жеке жак катары ар-намыс менен абройго ээ.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 60-беренесине, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, 104-беренесине карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү М.К. Есеналиев талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.Т. Мамбетованын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбековдун жүйөлөрү менен өңчөй жүйөлөрдү келтирген.
М.К. Есеналиев кайрылуучу тараптын Президент ар-намыс менен абройго эгедер болушу мүмкүн эмес дегени негизсиз, анткени Кыргыз Республикасынын Президенти болуп жаран шайланат, ал ээлеген кызматына жараша Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен өзгөчө статуска ээ кылынат деп белгилеген.
Башкы прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо боюнча кызыкчылыктарын көздөө ченемсиз же негизсиз коргоо чарасы болуп саналбайт, анткени ал Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен процесстин башка катышуучулары сыяктуу эле укуктарга ээ болот.
Жогоруда баяндалганга негизденип, М.К. Есеналиев, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 60-беренесине, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, 104-беренесине карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т. Айтбаев талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо үчүн Башкы прокурордун сотко кайрылуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 104-беренесинин 4, 6-бөлүктөрүнө ылайык келет деп эсептейт.
У.Т. Айтбаев Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыгында доо арыз берүүдө талашылып жаткан ченемден тышкары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин да жетекчиликке алган, аларга ылайык прокурор укуктарды, эркиндиктерди жана мыйзам менен корголуучу мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга укуктуу деп белгилеген. Мында, мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо арызы прокурор тарабынан кызыкдар адамдын суранычына карабастан берилиши мүмкүн.
У.Т. Айтбаев сот өндүрүшүндөгү тараптардын процесстик мүмкүнчүлүктөрү мыйзамда караштырылган колдонуудагы механизм тараптардын сот өндүрүшүндөгү атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принцибин орноткон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесине ылайык келет дейт.
Талашылып жаткан ченемдин ар ким өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү тууралуу ал өз пикирин эркин билдирүү укугу кошумча бул укукту жүзөгө ашырууга байланышкан милдеттерди болжойт жана жүктөйт деп белгилеген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысы менен аброюнун корголушуна укуктуу, демек мамлекеттин баш мыйзамы ар кимдин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин да ар-намысы менен аброюн коргоону кепилдейт.
Баяндалганды эске алуу менен, У.Т. Айтбаев талашылып жаткан ченем Башкы прокурордун Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо үчүн сотко кайрылуусу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдик жоболоруна карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкү мазмундагы 4-беренеси саналат:
«4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн коргоо
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин коргоосу астында болот. Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы жана аброю мыйзам менен корголот.
Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, эгерде прокурордук башка чаралар зарыл болгон натыйжаларды бербесе, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын ар-намысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү. Мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдуу өкүлү болуп таанылат, ал процесстик мыйзамдарда каралган доочунун, жоопкердин, жапа тартуучунун бардык укуктарынан, анын ичинде өз ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүү укугунан пайдаланат жана ишти сотто алып барууга анын ыйгарым укуктары атайын күбөлүктү (ишеним катты) талап кылбайт.».
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык «Эркин Тоо» гезитинин 2003-жылдын 25-июлундагы № 55-56 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысы менен аброюнун корголушуна укуктуу (29-берененин 1-бөлүгү). Бул конституциялык ченем эркин ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугу менен тутумдаш байланышта турат (31-берененин 1-бөлүгү, 33-берененин 1-бөлүгү).
Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууда коомдук жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугунун сакталышынын өзөктүү шарттары катары башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин бузууга жол бербөө принцибине жараша массалык маалыматтын эркиндиги жана цензурага тыюу салуу менен камсыздалган жогоруда белгиленген конституциялык орнотмолордун жүзөгө ашырылуусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын орнотмолорун ээрчүүнү болжойт. Кадыресе, ар бир адамга инсандын ар-намысын коргоо максатында жеке турмушунун кол тийбестиги, өзүнүн ар-намысы менен аброюн коргоо укугу, мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын жеке турмушу тууралуу маалыматты анын макулдугусуз жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт деп кепилденет (29-берененин 1, 3-бөлүктөрү).
Ар-намыс менен абройго болгон укук адамдын жогорку баалуулугу катары кабыл алынат, ал ар кимге төрөлгөндөн таандык жана аны инсан катары индивидуализациялайт. Мындай мамиле адамдын ар-намыс менен абройго болгон укугунун универсалдуу табиятын көрсөтүүдө. Бул укук адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттардын бири болуп эсептелет, ал Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 12-беренесинде, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 17-беренесинде жана бир катар башка эл аралык-укуктук актыларда бекитилген.
Ар-намыс менен абройду урматтоо укугун адамдын материалдык эмес, ажырагыс укугу катары жарыялоо менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге бул укуктарды коргоо мүмкүндүгүн кепилдейт (29-берененин 4-бөлүгү, 40-берененин 1, 2-бөлүктөрү).
3. Бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жөнүндө конституциялык жобо укуктук мамлекеттин пайдубалдарынын бири болуп эсептелет. Бул принциптин конституциялык-укуктук мааниси Конституциялык палатанын 2013-жылдын 16-ноябрындагы, 2014-жылдын 7-октябрындагы, 2015-жылдын 8-апрелиндеги, 2016-жылдын 11-майындагы, 2017-жылдын 22-февралындагы, 2017-жылдын 19-апрелиндеги чечимдеринде бир нече жолу чечмеленген. Ошентип, бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген конституциялык принцип жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалынын негизинде, ошондой эле адамдын жана жарандын коомдук жана жеке турмушунун ар кыл чөйрөсүндөгү укуктук мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдигинин бузулушуна алып келген башка жагдайларына негизделген кандайдыр бир айырмачылыкты, жокко чыгарууну же артыкчылык берүүнү мыйзамда орнотууга жол бербестигин болжойт.
Көрсөтүлгөн чечимдерде адамдын жана жарандын укуктук мүмкүнчүлүктөрүнүн теӊдиги принцибин сактоо киргизилүүчү чектөөлөр объективдүү жана акылга сыяр акталбаган бир эле категорияга таандык адамдардын укуктарына мындай айырмачылыктарды киргизүүгө тыюу салууну билдириши керек, ал эми укук субъекттери бирдей шарттарда турган учурда бирдей абалда болуусу керек деп белгиленген.
Формалдуу бирдей субъекттерге бирдей мамилени болжогон конституциялык принцип ар кандай категорияларга таандык адамдарга өңчөй кепилдиктерди берүү зарылдыгын шарттабайт, ал эми мыйзам алдындагы бирдейлик нагыз айырмачылыктарды жана аларды мыйзам чыгаруучу тарабынан эсепке алууну жокко чыгарбайт.
Ага ылайык мыйзам чыгаруучу аткарган функцияларына, корголуучу кызыкчылыктарга жана башка жагдайларга жараша тиешелүү субъекттер үчүн жалпы тартиптен белгилүү алып салууларды жана жеңилдиктерди орнотууга укуктуу, алар укук ченемдүү жана жалпыга маанилүү конституциялык максаттарга өлчөмдөш болуусу керек.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мааниси жана мазмуну боюнча конституциялык-укуктук статуска ээ болгон жана мамлекеттик маанилүү функцияларды аткарган айрым кызмат адамдарга ар кандай укуктук статусту орнотуу зарылдыгына байланыштуу теңдик принцибинен чегинсе болот.
Ошентип, талашылып жаткан ченем, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген жана кодулоого жол бербөө принциптеринен (Конституциянын 16-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү) чегинүү болуп жатып, ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин статусу менен шартталган башка максаттарды көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин статусун элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти чагылдырган мамлекет башчысы катары аныктаган (60-берене).
Кыргыз Республикасынын Президенти саясий жактан легитимдүү болуп, эл тарабынан шайланып, коомдук бийликтин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында бүтүндөй элдин кызыкчылыктарынын жүзөгө ашырылуусун көздөйт жана камсыз кылат. Бул сапатта бийликтин бардык бутактарын координациялоо жана бириктирүү функциялдарын аткарып жатып, өлкөнүн Президенти мамлекеттик бийликти эл менен бириктирүү функциясын камсыз кылат.
Бул мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу тутумунда өзүнчө институт болуп туруп, кайсы бир бийлик бутагынын курамына кирбестен мамлекеттик бийлик тутумунда – өзгөчө орунга жана ролго ээ дегенди билдирет.
Мамлекет башчысынын мындай конституциялык-укуктук статусу мамлекеттик бийлик тутумунун биримдигин жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча анын ыйгарым укуктарынын көлөмүн алдын ала аныктайт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык-укуктук статусун эске алганда, мамлекет башчысынын ар-намысын жана аброюн коргоонун өзгөчө процесстик тартиби мыйзамдар тарабынан караштырылышы мүмкүн. Мындай тартип мыйзам тарабынан камсыз кылынган, коомдук-укуктук мүнөзгө ээ болгон жана Президент тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик функциялар менен анын Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген статусуна жараша ага жогорулатылган коргоону камсыз кылууга багытталган укуктук кол тийгистиктин элементтеринин бири катары колдонулат.
Президенттин ар-намысы менен аброюн Башкы прокурор тарабынан коргоо зарылдыгы бир гана максатты көздөйт, ал Президентке бүткүл коомдун кызыкчылыгы үчүн, Конституция менен мыйзамга гана баш ийип, эркин жана көз карандысыз чечим кабыл алып, сырттан кийлигишүүсүз иштөөгө реалдуу мүмкүнчүлүк берген шарттарды түзүү болуп саналат.
Андан тышкары, өлкөнүн Президентинин ар-намысы менен аброюн өзгөчө процесстик коргоону киргизүү зарылдыгы, диффамация коомчулуктун алдында мамлекеттик (коомдук) бийликтин кадыр-баркына зыян келтиргенине жана тике адамдын өзүнө багытталбастан, мамлекет башчысынын функциясын аткарган атайын конституциялык-укуктук статуска ээ болгон кызмат адамына багытталганына байланыштуу болот. Ушуга байланыштуу, Президенттин ар-намысы менен аброюн коргоо Президенттин өзүнүн инсандыгына кол салуудан гана эмес, мамлекеттик бийликтин маанилүү институттарынын бирин коргоону болжойт жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн зарыл болгон пайдубал түзүүчү катары мамлекеттүүлүктү бекемдөө максатын көздөйт.
Демек, Президенттин ар-намысы менен аброюн коргоонун процесстик тартибин президенттик институттун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптен укук ченемдүү алып салуу катары кароо зарыл, бул Президентке мамлекеттик жана коомдук маанилүү функцияларды натыйжалуу жана тиешелүү деңгээлде аткарууга жол берет.
5. Ар-намыс менен абройду урматтоо укук жана адеп-ахлак ченемдерине, мамлекет, коом жана инсан ортосунда, ар кандай инсандар жана социалдык топтор ортосундагы эркиндик жана өз ара жоопкерчилик принциптерине негизделген мамилелердин мүнөзүнө таандык. Мамлекет анын органдарынын жана кызмат адамдарынын атынан аларды жүзөгө ашыруу боюнча, инсандын ар-намысы менен аброюн коргоону камсыз кылуу боюнча тиешелүү милдеттерди алат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы прокуратура органдарына башка функционалдык курамдан тышкары, мыйзамда белгиленген учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына сотто өкүлчүлүк кылууну жүктөйт (104-берененин 4-пункту).
Көрсөтүлгөн ченем прокуратуранын укук коргоочулук ишмердигин аныктайт. Мындай ишмердик адамдын же мамлекеттин укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуу фактыларын аныктоого, алдын алууга, болтурбоого жана четтетүүгө, ошондой эле бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн прокуратуранын ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылууга тийиш. Андай мыйзамдардын бири болуп «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саналат, анын 4-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна мамлекет башчысынын ар-намысын жана аброюн коргоо жүктөлгөн. Бул конституциялык-орнотулган ыйгарым укуктардын алкагында Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо үчүн сотко кайрылат.
Башкы прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысы менен аброюн коргоо кызыкчылыгында берилген доо арызды берүү жана колдоо мүлктүк эмес укуктарды коргоо жаатында жарандык укук бузуулар менен күрөшүүнүн процесстик формасы болуп эсептелет. Бул мааниде прокурордун жарандын-укуктук мамилелерге «кийлигишүү» укугу жалпы эрежелерден алып салуу болуп саналат. Бул мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу, коомдук кызыкчылыктарды коргоо сыяктуу мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашыруу зарылдыгынан келип чыгат.
Андан тышкары, сөз эркиндиги жана массалык маалымат каражаттарынын активдүү ишмердиги шарттарында мамлекет башчысынын ар-намысына жана аброюна, ошондой эле анын ишкердик кадыр-баркына шек келтирүү коркунучу өсүүдө, алар кийин, эгер жайылтылган маалыматтар чындыка жатпаса, жаңылыш пикирди ушул эле мамлекеттин жарандарында гана эмес, дүйнөлүк коомчулукта да түзүшү мүмкүн.
Мында, Башкы прокурор жарандык процессте өлкө Президентинин соттогу өкүлү катары ошол эле процесстик укуктарга ээ болот, жана башка жарандар сыяктуу эле, кайсы бир алып салууларсыз же артыкчылыктарсыз доогердин бардык милдеттерин көтөрөт деп белгилеп кетүү зарыл.
Демек, кайрылуучу тараптын талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, тактап айтканда сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда тараптардын атаандыштыгы жана тең укуктуулугуна карама-каршы келүүсү жөнүндө жүйөлөрү негизсиз.
6. Ар-намыс менен абройго болгон укукту өзгөчө субъективдик укук катары кароо керек, анткени анын маңызы ар бир жарандын ар-намысы менен аброюнун кол тийгистигине болгон укугунда жана бардык башка жеке жана юридикалык жактардан бул укукту бузуудан карманууну талап кылуу мүмкүнчүлүгүндө камтылат. Ар-намыс менен аброй мүмкүн болуучу укук бузуунун натыйжасында келечекте пайда боло турган нерсенин өбөлгөсү эмес, ал адамдын күнүмдүк кайсы бир бузууларсыз орундуу абалында бар болгон жеке байгерлиги, башкача айтканда, ар-намыс, аброй жана ишкердик кадыр-баркка укуктун болушу анын бузулушу мүмкүнбү дегенге көз каранды эмес. Бузуу учурунда укуктун өзү пайда болбойт, ал укукту коргоо зарылдыгы гана келип чыгат.
Мында ар-намыс, аброй жана ишкердик кадыр-баркка болгон укук абсолюттук субъективдүү укук болуп саналат, себеби, ыйгарым укуктуу адамдын субъективдүү укугуна адамдардын белгисиз тобунун милдеттери дал келет. Бул жалпы милдеттин маңызы, мурда белгиленгендей, индивиддин же юридикалык жактын ар-намысына, аброюна жана ишкердик кадыр-баркына кол салуудан карманууда камтылат. Ошентип, мамлекет жарандардын да, юридикалык жактардын да ар-намысын, аброюн жана ишкердик кадыр-баркын бул социалдык байгерликтерге кол салуудан кармануу жалпы милдетин орнотуу жана алар бузулган учурларда соттук коргоону берүү менен коргойт.
Ошентип, субъективдүү укук – ар-намыс менен абройду коргоо, укуктук мамиленин элементи катары укуктуу адам көз кырын салууга укуктуу болгон милдеттүү адамдын жүрүм-турумунун чектерин аныктагандай эле, укуктуунун жүрүм-турумунун, уруксат берилгендин чегин аныктайт. Ошентип, укуктуу адам көз кырын сала алган милдеттүү адамдын жүрүм-туруму, эгер милдеттүү адамда өзүнүн бузулган укугун калыбына келтирүү ниети болгон учурда гана пайда болот.
Бирок, Башкы прокурорго Президентке маалым кылбастан жана анын макулдугусуз ар-намысын жана аброюн коргоо укугун берген талашылып жаткан ченем, ага доочунун же болбосо жоопкердин процесстик укук жана милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча кенен дискрециялык ыйгарым укуктарын берет, ѳз кезегинде бузулган укукту калыбына келтирүүнүн диспозитивдүүлүгүн эске алганда Башкы прокурор тарабынан бул укукту ишке ашыруу мамлекет башчысынын макулдугун талап кылат.
Ушуга байланыштуу, Башкы прокурор талашылып жаткан ченем менен ага берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында жарандык-укуктук тартипте, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын ар-намысын жана аброюн коргоо үчүн Президенттин макулдугу менен гана сотко кайрыла алат. Ар-намысты жана абройду коргоо жөнүндө доодо моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселе да коюлушу мүмкүн экенин эске алганда, анын өлчөмүн түздөн-түз өлкө башчысы аныкташы керек.
Болбосо, Конституция менен кепилденген укуктар жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарды сотто коргоону өз ыктыяры менен чечүү укугу бузулат, анткени Башкы прокурор ал адамдын ыктыярына каршы анын ар-намысын жана аброюн коргоо үчүн, моралдык зыяндын суммасын өз алдынча аныктап, сотко кайрылат, жыйынтыгында бул мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципке айкалышпай калууда.
Мында, саясий жана коомдук инсандардын доктринасына ылайык жеке адамдарга салыштырмалуу саясатчылардын аракеттерин жана сөздѳрүн сындоонун чеги кеңири чечмеленет. Коомдук адамдар алардын инсан катары ар-намысы менен аброюнун чегин бузбаган деңгээлде сынга көтөрүмдүү болушу керек экенин белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндѳ эл аралык пактка ылайык сөз эркиндигине болгон укукту пайдалануу өзгөчѳ милдеттерди жана өзгөчѳ жоопкерчиликти салат, ал эми бул укукту пайдаланууга чектөө «башка адамдардын укуктары менен кадыр-баркын урматтоого» арналат (19-берене). Демек, адамдын ар-намысы жана аброю сөз эркиндигине болгон укукту массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынанбы, башка субъекттер тарабынанбы кыянаттык менен пайдалануу учурлары үчүн мындай укукту кайсы бир деңгээлдеги чектөө болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъекттеринин талашылып жаткан ченемде прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыгып кетүүдө, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнү туюндурган чараларды колдонуу үчүн негиздер түптөлгөн деп айткандары негизсиз болууда. Ага ылайык, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугусуз анын ар-намысы менен аброюн коргоого жана моралдык зыяндын өлчөмүн аныктоого жол берген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 60-беренесине, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, 104-беренесине карама-каршы келбейт деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн соттук тартипте мүмкүн болуучу моралдык зыяндын суммасын аныктоо менен коргоого Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан анын макулдугун алууну жана талашылып жаткан ченемди калган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33 жана 104-беренелерине ылайык келтирүүнү караштырган өзгөртүүнү демилге кылсын.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы