Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттештирет.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат (мындан ары - Уюштуруучу).
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "№ 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Центр развития этнокультуры и конно-спортивной индустрии" при Государственном агентстве физической культүры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики;
англис тилинде: State enterprise "Center for development of ethnic culture and equestrian industry" under the state Agency of physical training and sports under the Government of the Kyrgyz Republic.
6. Ишкананын жайгашкан жери: 722102, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бактуу-Долоноту айылы.
2. Юридикалык статусу
7. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык өзгөчөлөнгөн каражаттары бар.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери бар.
10. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык обочолонгон мүлккө ээ, өз милдеттенмелери боюнча ошол мүлк менен жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди ала алат, сотто доочу жана жоопкер боло алат.
11. Ишкана уставдык максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
12. Ишкана иши Ишкананын уставдык максаттары менен милдеттерине ылайык келген бирикмелерге, фонддорго, союздарга, ассоциацияларга жана башка коммерциялык эмес уюмдарга Уюштуруучунун макулдугу менен катышууга укуктуу.
13. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- финансы-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен Ишкананын уставдык максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары ишкер байланыштарын жүзөгө ашырууга, Ишкананын ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн кызматкерлерди чет өлкөгө командировкага жиберүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасында кабыл алууга.
14. Ишкана эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына каршы келбесе, ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
3. Ишкананын максаттары, милдеттери жана ишинин түрлөрү
15. Ишкананын максаты болуп дүйнөнүн көчмөн элдеринин этникалык маданиятын, спортунун салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, бардык этносторду маданий жактан бириктирүү жана этноспортту эл аралык аренада кеңири жайылтуу, ата-бабалардын салттарына жана дүйнө элдеринин көчмөн маданиятынын жалпылыгына негизделген идеологияны өнүктүрүүгө түрткү берүү, ошондой эле Ишкананын Уставына ылайык коммерциялык ишти жүргүзүү саналат.
16. Ишкананын милдеттери:
- көчмөн элдердин байыркы салттуу оюндарын жайылтуу жана спорттун улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муундарды жана жаштарды көчмөндөрдүн көп кылымдан берки салттарынын, маданиятынын жана спортунун түрлөрүнүн негизинде патриоттуулук духта тарбиялоо;
- көчмөн элдердин спортунун бардык түрлөрү боюнча спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу;
- жарандарды өздөрүнүн элдик-этностук түпкүлүгүн, улуттук жана айырмаланган салттарын жана башка элдердин үрп-адатын билүүгө кызыктыруунун негизинде бириктирүү, улуттук жана жарандык ар-намыс, социалдык адилеттүүлүк, патриоттуулук жана өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчилик сезимин тарбиялоо;
- асыл тукум жылкы чарбачылыгын өнүктүрүү;
- мал чарба жана дыйканчылык продукцияларын өстүрүү, кайра иштетүү жана сатуу;
- жарандардын, чет өлкөлүк меймандардын жана туристтердин эс алуусун уюштуруу, маданий-жалпы, ат-спорттук иш-чараларды өткөрүү;
- жергиликтүү, республикалык жана эл аралык маанидеги маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- жергиликтүү, республикалык жана эл аралык маанидеги ат-спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
17. Ишкана төмөнкү иштин түрлөрүн аткарат:
1) маданият жана спорт чөйрөсүндө долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
2) дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катышуу;
3) дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык жана республикалык дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, спорттук-жалпы иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
4) жогорку класстагы спортсмендерин спорттук резервин, спорттук түрлөрү боюнча улуттук курама командаларды эл аралык мелдештерге, Дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына, Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азия оюндарына даярдоого көмөк көрсөтүү;
5) республикада дене тарбия жана спортту өнүктүрүү менен байланышкан региондор аралык жана республикалык дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук-жалпы иш-чараларды (фестивалдарды, конкурстарды, мелдештерди, олимпиадаларды, спартакиадаларды ж.б.) белгиленген тартипте уюштуруу жана өткөрүү;
6) спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрү үчүн окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө катышуу жана көмөк көрсөтүү;
7) республиканын калкына спорттук-ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө катышуу;
8) спорттун улуттук түрлөрү: "эр-эңиш", "салбуурун", "көк-бөрү", "ат чабыш" боюнча фестивалдарды жана республикалык чемпионаттарды уюштуруу;
9) бодо жана майда малды багуу жана асылдандыруу, алардын продуктуулугун жогорулатуу;
10) асыл тукум жылкыларды багуу, асылдандыруу жана сатуу;
11) мал чарба продукцияларын сатуу, алардан эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк товарларын өндүрүү, ошондой эле башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге товарларды жеткирип берүү;
12) өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон дары чөптөрдү чогултуу жана даярдоо, ошондой эле дыйканчылык продукцияларын өстүрүү, кайра иштетүү жана сатуу, менчик тоют базасын уюштуруу;
13) Ишкананын иштеши, анын өнөктөштөрүнүн муктаждыктары үчүн, ошондой эле Ишкананын дүң, майда дүң жана чекене соода жүргүзүүсү же башка чарба жүргүзүүчү жактарга жеткирип берүүсү үчүн зарыл болгон тышкы экономикалык жана коммерциялык ишти, экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруу;
14) материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана өнүктүрүү, өз күчү менен, ошондой эле субподрядчыларды тартуу менен куруу-монтаждоо, жасалгалоо жана башка подряддык иштерди жүргүзүү;
15) соода-өндүрүштүк ишти жүргүзүү, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди чыгаруу жана сатуу, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды (сатуу лицензияланган товарлардын түрлөрүн - лицензия болгон учурда) дүң, майда дүң жана чекене сатууну, ошондой эле чийки заттарды жана материалдарды, станокторду жана механизмдерди, транспорт каражаттарын жана башка. жабдууларды жеткирип берүүнү уюштуруу;
16) Ишкананын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү куруу, сатуу жана пайдалануу;
18) Ишкананын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү, анын ичинде материалдык дем берүү;
19) Ишкананы колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин коомдук жана башка структуралары менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартат;
20) өзүнүн иш чөйрөсүндөгү долбоорлорду, программаларды каржылоо;
21) ишканалардан, уюмдардан, жарандардан акча жана материалдык каражаттар түрүндө ыктыярдуу салымдарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу;
22) эс алуу зоналарын (парктарды, аквапарктарды, пляждарды, кемпингдерди ж.б.) уюштурат жана пайдалануу, бул зоналарда жана башка жерлерде ар кандай туристтик инвентарларды жана жабдыктарды, эс алуу үчүн инвентарларды, пляждык жабдууларды, кайыктарды, катамарандарды жана башка чакан кемелерди ижарага берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, акы төлөнүүчү токтоочу жайларды, балдар аянтчаларын, дискотекаларды, кино- жана видеозалдарды, аттракциондордун бардык түрлөрүн, оюн автоматтарын жана башка көңүл ачуу-оюн программаларын жана комплекстерин, фотоательенин, чачтарачтын, сулуулук салондорунун, мончолордун кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу;
23) кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү;
24) иштин белгиленген тартипте лицензияланууга (уруксат берилүүгө) тийиш болгон түрлөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын негизинде өз ишин жүргүзүүгө;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүү.
4. Ишкананы башкаруу
18. Ишкананын жогорку башкаруучу органы болуп Уюштуруучу саналат. Уюштуруучунун компетенциясына Ишкананы түзүү, анын ишинин максаттарын жана милдеттерин аныктоо, Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кайра уюштуруу жана жоюу кирет. Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга укуктуу.
19. Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамагенттик) ишке ашырат.
20. Ишкананы Мамагенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго (мындан ары - Фонд) сунушталган адамдардын ичинен Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу Директор башкарат. Ишкананын Директору Мамагенттиктин сунуштарынын негизинде Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
21. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган, ал Мамагенттиктин сунушу боюнча Фонд тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыз кылат, Ишкананын Директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын аткарат.
22. Ишкананын Директору:
- Мамагентикке отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- Уюштуруучу менен Мамагенттиктин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана башка финансылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Ишкананын директорунун орун басарынын, башкы бухгалтеринин, ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- Ишкананын ведомстволук мекемелери жөнүндө жобону, иштөө режимин жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- мыйзамдар, рыноктун конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурда ушул Уставга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Мамагенттикке киргизет;
- жылдык финансы-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансы-чарбалык иш жөнүндө отчетту белгиленген тартипте Мамагенттиктин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- финансылык отчеттун, болжолдук финансы-чарбалык көрсөткүчтөрдүн жана башка зарыл болгон маалыматтардын Мамагенттикке өз убагында берилишин камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
23. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттары менен мүлкүнүн эсепке алынышынын тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Ишкананын мүлкү, финансысы жана пайдасын бөлүштүрүү
24. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ага ишкердикти жүргүзүү үчүн бекитилген.
25. Ишкана тарабынан өткөрүлүүчү жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен каржыланат.
26. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген.
27. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Уюштуруучу тарабынан белгиленген чектерде ага бекитилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
28. Ишкана мүлктү уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык, экономикалык максатка ылайыктуулукту жана Уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат. Ишкана тарабынан профилдик эмес активдерди курууга жана сатып алууга жол берилбейт.
29. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда ага таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары кошууга же ал мүлктү Уюштуруучунун макулдугусуз башкача жол менен тескөөгө укуксуз.
30. Ишкана финансы-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен курган же сатып алган мүлк мамлекеттик менчикке түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилет.
31. Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Ишкана Мамагенттикке бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
32. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 пайыздан кем эмеси отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө андан ары республикалык бюджетке жиберүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго алыш-бериш эсебине которулууга тийиш.
6. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
33. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.
34. Ишкананы чарбалык коомго (акционерге) кайра уюштуруу мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
35. Ишкананы кайра уюштурууда же жоюуда бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
36. Ишкананын иштөө процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.