Редакцияот 23.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-апрели № 249

Астана шаарында 2014-жылдын 15-декабрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын укук коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Астана шаарында 2014-жылдын 15-декабрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын укук коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө протокол бекитилсин.

2. Жогоруда аталган Протоколду ишке ашырууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына белгиленген тартипте кабарласын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев