Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Ч Е Ч И М И
Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын жана 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2019-жылдын 1-февралы №02
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын,
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү: Мунарбек Эрмаматович Сыдыковдун, Орозобек уулу Максаттын;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Жыргал Нуржановна Мурзалиеванын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Максатбек Кульчороевич Есеналиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча ѳкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Чолпон Аскарбековна Бекбашеванын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын жана 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого М.М. Жорокуловдун өтүнүчү себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын жана 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ж.И. Саалаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 15-августунда жаран М.М. Жорокуловдун «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын жана 17-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 52-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 5, 8-бөлүктөрүнө ылайык, курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы жана курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.
Ошол эле учурда, кайрылуучу тарап Конституциянын жогоруда аталган талаптарына жооп берген жарандар талашылып жаткан ченемдердин талабына ылайык Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкер болуу үчүн үч этаптуу сынактан өтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде тогуз ай окуусу керек экендигин белгилейт.
М.М. Жорокуловдун айтымында талашылып жаткан ченемдер материалдык жактан камсыздалган жарандарга ылайыкталып, ал эми материалдык абалы начар болгон жарандарга тоскоолдук жараткан дискринимациялоочу ченемдер болуп эсептелет жана ошону менен бирге Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окууга байланыштуу боло турган чыгымдардын болжолдуу суммасын эсептеп, ѳз кайрылуусунда көргөзгөн.
Мындан тышкары, М.М. Жорокуловдун пикири боюнча «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы жана 17-беренесинин 2-бөлүгү судьялык кызмат ордуна талапкерлерге окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болуусун кошумча талап кылууда ѳлкѳнүн башка аймактарынан келген талапкерлердин материалдык чыгымдарын эске албастан, талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзбөйт, натыйжада жарандар мүлктүк абалы боюнча кодуланууда.
Кайрылуу субъекти, талашылып жаткан ченемдер судья болууну каалаган Бишкек шаарынын тургундарына ыңгайлашып, ал эми Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген талапкерлерди жашоо абалына карата дискриминациялоого багытталган деп эсептейт.
Жогоруда баяндалганга негизденип, арыздануучу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнѳ, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 52-беренесинин 4-бөлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу ѳндүрүшкѳ кабыл алынган.
Жоопкер тараптын өкүлү М.Э. Сыдыков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана тѳмѳнкүдѳй каршы пикирин билдирди.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талашылып жаткан ченемдери менен судья болууну каалаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына талапкердин мүлктүк же башка абалына карабастан бирдей талаптар белгиленген, окууга ѳтүү үчүн сынактын жана андан ары Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окуунун Бишкек шаарында же болбосо башка белгилүү бир аймакта ѳткѳрүлүүсү каралган эмес.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчѳтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги Чечиминде ишмердүүлүгүнүн милдетинен жана мүнѳзүнѳн, милдеттеринин алкагынан жана коом менен мыйзам алдындагы жоопкерчилик деңгээлинен алып караганда, судьянын кызматы ѳзгѳчѳ категорияга киргизилет деп кѳрсѳтүлгѳн.
Ошондой эле, М.Э.Сыдыков сот адилеттигин ишке ашыруу учурунда судьялар чечимдерди Кыргыз Республикасынын атынан чыгарышкандыктан судья – бул ѳзгѳчѳ кесип, ошондуктан аларга карата жогорку кесипкѳйлүк, компетенттүүлүк, жоопкерчилик жана тийиштүү даярдыктардан ѳтүү боюнча талаптарды коюу зарыл болуп эсептелет, анын натыйжасында адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин корголушуна жана жалпы эле мамлекеттеги мыйзамдуулуктун орношуна чоң ѳбѳлгѳ түзүлѳт деп белгиледи.
Жогорудагылардын негизинде М.Э. Сыдыков, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бѳлүгүнүн үчүнчү абзацы жана 17-беренесинин 2-бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнѳ, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 52-беренесинин 4-бөлүгүнѳ карама-каршы келбейт, себеби жаран М.М. Жорокулов тарабынан келтирилген жүйѳлѳр (сынакты жана окууну ѳткѳрүүнүн жол-жоболору жана тартиби, окуу ѳткѳрүлүүчү жай) талашылып жаткан ченемдер менен ѳз ара байланышта турбайт деген жыйынтык пикирин билдирди.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Орозобек уулу Максат М.Э. Сыдыковдун жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ѳкүлү Ж.Н. Мурзалиева кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченем боюнча кийинкидей пикирин билдирди.
Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздаган мамлекеттик бийлик бутактарынын биринин ѳкүлү катары судьянын жогорку статусу судьялык кызматты ээлѳѳгѳ талапкер болгон жарандардын квалификациясына жогорку стандарттарды, анын ичинде даярдык деңгээлине кошумча талаптарды коюуну шарттайт.
Сот ишинде тажрыйбасы жок адамдардын окутуудан ѳтүүсү кесиптик жана моралдык сапаттары боюнча сот адилеттигин ишке ашырууга даяр болгон жогорку квалификациялуу адистерди тандоо максатына негизделген. Ошентип, соттук корпусту компетенттүү жана кѳз карандысыз кызматкерлер менен камсыздоо боюнча мамлекеттин жана коомдун таламдары орундалууда. Бул максат тиешелүү конкурстун жүрүшү жана талапкерлерди даярдоочу окутуу процессинин болуусу менен жетилип, талапкерлердин материалдык жана уюштуруучулук мүнѳздѳгү кыйынчылыктары акталууда.
Талашылып жаткан ченемдерде камтылган кошумча талаптардын дискриминациялык мүнѳзү жѳнүндѳ жүйѳлѳр орунсуз, анткени алар адамдардын экономикалык статусуна карата чектѳѳгѳ жол бербейт. Талаптар бир гана билимге, эмгек стажына, жаш куракка карата коюлат деп белгиледи Ж.Н.Мурзалиева.
Ошол эле учурда, Ж.Н.Мурзалиеванын пикири боюнча, сертификат алган талапкерлер андан ары Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши аркылуу тандоодон ѳтүүдѳ белгилүү бир суроолор келип чыгат.
Маселен, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окуган жана окууну ийгиликтүү аяктагандыгы жѳнүндѳ сертификат алган талапкерлерде судьянын кызмат ордуна дайындалууга эч кандай кепилдиктер жок. Тажрыйба кѳрсѳткѳндѳй Судьяларды тандоо боюнча кеңештин тандоосундагы балл коюу системасы бул талапкерлерди судьялык стажы бар талапкерлерге салыштырмалуу тең эмес абалга коет. Алар кѳбүн эсе рейтинг боюнча тѳмѳн орун алып, Кыргыз Республикасынын Президенти жогору турган талапкерлерди кайра кайтарган учурда гана дайындалууга үмүт кыла алышат. Ошол себептен бир жылга чейин ѳндүрүштѳн ажыратылып окутуудан ѳтүү өзүн актабай калып жатат.
Бул учурда эки жактуу кырдаал түзүлѳт, мамлекет талапкерлерди окутуунун маанилүүлүгүн эске алып, бул үчүн олуттуу финансылык чыгымдарды тартат, ошол эле учурда окутуудан ѳтүп, жыйынтыгында сертификат алган талапкерлерге судьянын кызмат ордуна дайындалышына кепилдик бере албайт. Натыйжада бул бюджеттик каражаттардын рационалдуу эмес сарпталышына алып келүүдѳ. Ушундай эле рационалдуу эмес мамиле талапкерлердин ресурстарына карата да түзүлдү.
Ушуга байланыштуу Ж.Н. Мурзалиева судьянын кызмат ордуна талапкер жарандардын укуктарын коргоо максатында окутуунун форматын кечки, дистанциялык окутуу аркылуу оптималдаштырууну мүмкүн деп эсептейт.
Ж.Н.Мурзалиеванын пикири боюнча, жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн өкүлү М.К. Есеналиевдин талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу тууралуу пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларына белгилүү бир чектѳѳлѳр белгилениши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талашылып жаткан беренелеринде судья кызмат ордуна талапкерлер үчүн тиешелүү кошумча талаптар каралган, тактап айтканда окутуунун соңунда тапшырылуучу экзамендин жыйынтыктары боюнча берилүүчү сертификаттын болуусу талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бѳлүгүнүн экинчи абзацына ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.
Ошону менен бирге, Конституциянын кѳрсѳтүлгѳн беренесинин 2-бѳлүгүнүн үчүнчү абзацы эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт деп караштырат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде М.К. Есеналиев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талашылып жаткан беренелеринин ченемдери кемсинтүүчү болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнѳ, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 52-беренесинин 4-бөлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ѳкүлү кайрылуучунун ѳтүнүчүндѳ келтирилген ѳлкѳнүн алыскы аймактарынан келген талапкерлердин окууга сарпталган чыгымдарынын эсебин эске алганда, талашылып жаткан ченемдерде камтылган кошумча талаптар талапкерлердин абалынын начарлашына алып келет деп, мыйзамдык деңгээлде судьянын кызмат ордуна талапкерлерди окутуунун, анын талапкерлер үчүн жеткиликтүүлүгүн эске алган уюштуруу механизмдеринин жана процедураларынын жок экендигин белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү М.Н. Сапиянова кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн негизсиз деп эсептеп, тѳмѳнкүдѳй ѳз пикирин билдирди.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык Мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана белгилүү бир чектѳѳлѳр белгилениши мүмкүн.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери менен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарын ээлѳѳгѳ биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мѳѳнѳтү он жылдан ашса, талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болуусу тууралуу кошумча талап белгиленген.
Судьянын кызмат ордуна талапкер болушкан адамдар мѳѳнѳтү бир жылга чейинки окутуудан ѳтүүгѳ тийиш, бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек ѳргүүсү берилет. Окутуунун жыйынтыктары боюнча экзамен тапшырылып, жарактуулук мѳѳнѳтү үч жылды түзгѳн сертификат берилет. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет. Окутуу акысыз жүргүзүлүп, угуучулар окуу методикалык каражаттар менен камсыздалышат.
М.Н. Сапиянованын пикири боюнча судьялыкка талапкерлерди атайын программа менен кошумча окутуу жана судьялык кесипке даярдоо компетенттүү, жогорку деңгээлдеги квалификацияга ээ адистердин судьянын кызматына дайындалышын камсыздоого багытталган. Мындай талаптар эл аралык-укуктук стандарттарга да жооп берет. Мисалы, соттук органдардын кѳз карандысыздыгына тийиштүү БУУнун Негизги принциптеринде соттук кызматка тандалган адамдар бийик моралдык сапаттар менен ыктарга, ошондой эле укук жаатында тиешелүү даярдык жана квалификацияга ээ болушу зарылдыгы каралган.
Судья деп Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте сот адилеттигин жүзѳгѳ ашырууга ыйгарым укуктуу жана ѳзүнүн милдеттерин кесипкѳй негизде аткарган адамдар саналат. Судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчѳтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.
Жогорудагылардын негизинде М.Н. Сапиянова талашылып жаткан ченемдерде судьянын кызмат ордуна талапкерлерге карата каралган кошумча талаптар кодулоо катары бааланышы мүмкүн эмес деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ѳкүлү Ч.А. Бекбашева кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул эмес экенин билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү М.Н. Сапиянова келтирген жүйѳлѳр менен бир ѳңчѳй аргументтерди келтирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы жана 17-беренесинин 2-бөлүгү саналат:
«15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби
3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, төмөнкүдөй кошумча талап белгиленет – талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу.
17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар
2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стаждары бар адамдарга, ошол эле убакта алардын конкурска катышууга арыз бергендиги менен судьялык кызматтан бошотулган же судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу он жылдан ашса, анда төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгиленет: квалификациялык экзаменди (мындан ары - экзамен) берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу. Экзамен талапкерлерди окутуунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат. Сертификат үч жыл бою жарактуу. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет».
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2008-жылдын 15-июлундагы № 51 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы).
Аталган принциптин конституциялык-укуктук мааниси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бир катар чечимдеринде чечмеленген.
Атап айтсак, 2018-жылдын 19-сентябрындагы чечимге ылайык кодулабоо конституциялык принциби – бул инсандын антропологиялык же социалдык өзгөчөлүктөрүнө карай укуктарын, эркиндиктери менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөөгө же кемсинтүүгө конституциялык тыюу салуу деп түшүнүү керек. Мында, укук субъектилеринин укуктары менен милдеттеринде айырмачылыктарга алып келүүчү укуктук жөнгө салууну ар кандай дифференциациялоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын сактоо менен ишке ашырылуусу керек, ага ылайык эгерде алар чындап объективдүү, негиздүү жана конституциялык маанилүү максаттарды көздөгөн болсо, ал эми бул максаттарга жетишүү үчүн киргизилип жаткан чектѳѳлѳр аларга өлчөмдөш болсо андай чектѳѳлѳргѳ жол берилет.
Көрсөтүлгөн конституциялык принцип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгүндө бекемделген мамлекеттик кызмат чѳйрѳсүндѳгү тең укуктуулук жана кодулабоо прициби менен байланышта каралууга тийиш. Аталган принципке ылайык жарандарга мамлекеттик кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөр кепилденет, бул болсо жарандардын каалаган мамлекеттик кызматты эч кандай кодулоосуз ээлөө укугун билдирет. Бирок, бул – жаран талап кылууга укуктуу, ал эми мамлекет талап кылган кызмат менен аны камсыз кылууга милдеттүү дегенди түшүндүрбөйт. Мамлекеттик кызмат тармагында, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгүнүн ѳзгѳчѳлүгү менен шартталган өзгөчө талаптарды жана чектөөлөрдү орнотуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укуктарды жана эркиндиктерди бузуу же чектөө катары каралбайт. Мамлекеттик кызмат тармагындагы укуктук жөнгө салуунун мындай спецификасы туруктуулук, кесипкөйлүк, иш-билгилик, ордун басуучулук, алмашуучулук жана анын тутумун дайыма жакшыртуу принциптерин ишке ашырууну камсыз кылат. Белгилүү кызматтык орунга иштөөнүн шарттарына тиешелүү чектөөлөргө укуктук жөнгө салуунун бардык тармактарында жол берилет жана ал ишмердүүлүгүнүн спецификасына, түрүнө жана шарттарына жараша ар кандай категорияларга таандык болгон жактардын укуктук статусунун айырмасына байланыштуу. Бул учурда, мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилип жаткан объективдүү жана негизделген, жалпы маанилүү конституциялык максаттарга ылайык чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тең укуктуулук жана кодулабоо принцибин бузуу катары каралышы мүмкүн эмес. Мындай укуктук кѳз карашты Конституциялык палата өзүнүн 2014-жылдын 30-апрелиндеги, 2015-жылдын 18-февралындагы чечимдеринде белгилеген.
3. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат, андагы мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү (мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине) принцибине негизделген (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгү, 3-беренеси).
Сот бийлиги мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары, укукту, мамлекеттик жана коомдук турмуштун укуктук калыптанууларын ар кандай бузуулардан, аларды ким жасаганына карабастан коргоого милдеттүү. Сот бийлигинин коомдук-укуктук милдеттерин аткаруусуна байланыштуу берилген конституциялык-укуктук статусунан улам судьяларга жогорулатылган талаптар коюлат – дасыккан кесипкөйлүк, компетенттүүлүк, жоопкерчилик, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү даярдыктардын, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон билимдер жана көндүмдөрдүн болуусу.
Судьялардын компетенттүүлүгү принцип катары, соттук тутумдун курулушу жана иштешинин негизги башаты катары каралат. Судьялардын укуктук квалификациясын талап кылуу көптөгөн эл аралык-укуктук документтерде бекитилген.
Алсак, сот органдарынын көз карандысыздыгына тийиштүү БУУнун Негизги принциптеринде «сот кызматына тандалган адамдар бийик моралдык сапаттар жана жөндөмдөргө, ошондой эле укук жаатында тиешелүү даярдык жана квалификацияга ээ болуусу керек» деп жар салынат.
Бул судьяларга укуктун жардамы менен социалдык талаш-тартыштарды чечүү боюнча маанилүү мамлекеттик функциялардын жүктѳлүшү жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү Баш мыйзамда, эл аралык актыларда жана мыйзамдарда судьяга карата коюлган бардык талаптарга жооп берген адамдарга ишеним артуу менен шартталган.
Ушуга байланыштуу судьянын укуктук даярдыгынын деңгээли, анын квалификациясы, компетенттүүлүгү судьялык функциянын өзөгү болуп саналат, анткени алардан жумушунун тикелей натыйжасы катары – чыгарылуучу соттук актылардын жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты гана эмес, ошондой эле коомдун сот бийлигине болгон ишениминин деңгээли да кѳз каранды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ѳзүнүн 2015-жылдын 15-апрелиндеги Чечиминде милдеттердин спецификасына жана ишмерликтин мүнөзүнө, иш-милдеттерге жана мыйзам менен коомдун алдында жоопкерчиликтин деңгээлине жараша судьянын кызматы өзгөчө категорияга бөлүнүп чыгарылат деп көрсөткөн. Ушуга байланыштуу, судьянын кызмат ордуна жогорулатылган талаптар коюлат. Алар инсандык сапаттарына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку стандарттарды белгилөө жана судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү аркылуу чагылдырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна талапкер адамдарга талаптарды бекиткен (94-берене). Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгүндө судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптарды конституциялык мыйзам менен белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын келтирилген диспозитивдик ченеминин мааниси боюнча мыйзам чыгаруучуга судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген талаптардан тышкары кошумча талаптарды белгилөө ыйгарымы берилген.
Аталган конституциялык ченемди жүзөгө ашырууда мыйзам чыгаруучу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 15 жана 17-беренелерине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу талап кылынган кошумча толуктоо киргизген.
Сертификатты алуу үчүн зарыл болгон окутуунун негизги шарттары жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 5-4 беренесинде регламенттештирилген. Ага ылайык судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окутуудан өтүүгө тийиш, бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуу аяктаганда квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
Мыйзам чыгаруучу, кайрылуунун субъекти талашып жаткан ченемдерди кабыл алып жатып, өзүнүн дискрециясынын алкагында, биринчи кезекте судьялык корпусту квалификациялуу жана компетенттүү курам менен камсыз кылууда жарандардын жана коомдун кызыкчылыгын жетекчиликке алган. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүндө камтылган укуктук компетенттүүлүк принциби мыйзам чыгаруучунун судьялардын өзгөчө статусун эске алып, аларга сот бийлигинин алып жүрүүчүлөрү катары квалификациясына жогорку стандарттарды жана башка талаптарды, анын ичинде даярдык деңгээли боюнча талаптарды коюшун болжойт.
Жарандардын судьянын компетенттүүлүгүнөн жана профессионалдуулугунан күмөн саноосу коомдук бийликтин алып жүрүүчүсү катары алардын аракеттеринин мыйзамдуулугунан жана негиздүүлүгүнөн шектенүүлөрдү туудурушу мүмкүн, анткени сот адилеттигин жүзөгө ашыруу негизги конституциялык институттардын, мамлекеттүүлүктүн пайдубал элементтеринин бири болуп саналат.
Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу судьялардын кызмат ордуна талапкерлер үчүн кошумча талаптарды орнотууда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге болгон конституциялык талаптардын негизинде жаткан принциптерди жетекчиликке алышы керек болчу, тактап айтканда алар мамлекеттик кызматка кирүүдѳ тең укуктуулук, бирдей мүмкүнчүлүктѳр принциптерине ылайык келиши керек эле (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бѳлүгү). Мында, Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде окутууга талапкерлерди кабыл алуунун азыркы кездеги тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган талаптарын аткаруу катары каралышы мүмкүн эмес экенин белгилей кетүү керек.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемдерди кабыл алууда жана судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге карата кошумча талапты орнотууда, судьянын бош кызмат ордун ээлөөдө көп сандаган талапкерлердин конкурска катышуусу үчүн реалдуу тоскоол болуп калган жана социалдык жана мүлктүк абалына байланыштуу мүмкүнчүлүктѳрдүн айырмачылыгына алып келген бир катар жагдайларды эске алган эмес.
Алсак, судья кызматына талапкерлерди окутуу күндүзгү форма боюнча гана жүргүзүлөт, бул болсо окууга кабыл алынган иштеген адамдар үчүн узак мөөнөткө эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсүн алууну шарттайт, анткени аталган конституциялык мыйзамга ылайык окуу мезгили бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул жерде эки учур талашсыз: биринчиден, бардык эле мекеме жетекчилери же башка жумуш берүүчүлөр узак мөөнөткө эмгек өргүүсүнө жиберүүгө даяр эмес, себеби мындай учурда башка кызматкерлерге түйшүк көбөйөт, экинчиден, эгерде эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилген күндө да ал адам эмгек акысы түрүндөгү кирешесинен айрылып калат. Эгерде бул адамда айлык эмгек акысынан башка өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн багуу үчүн башка киреше булактары жок болсо, бул жагдай окуу үчүн дал мүлктүк абалы боюнча чыныгы тоскоолго айланат.
Бул жагдай судьялык кызматка талапкерлерди окутуу Бишкек шаарында, аймактардан келип окугандардын жашоосу үчүн тиешелүү шарттары жок Сот адилеттигинин жогорку мектебинде ѳткѳрүлгөндүгү, бул болсо окуу мөөнөтү бүткүчөктү турак жай жалдоо зарылдыгын шарттоосу менен да оорлошот. Мындай учурда турак жай жалдоо кирешесинин жалгыз булагы эмгек акысы болуп саналган, окуу мезгилине эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсүн алгандыгы үчүн анысынан да айрылып калган, аймактардан келген талапкерлер үчүн кошумча каржылык жүк болуп калат. Бул өңдүү шарттарда окууга кыйла артыкчылыктуу мүмкүндүктөр сырттан каржылык колдоосу барлар же каржылуулар үчүн түзүлүп, мүлктүк абалы ар кандай адамдар үчүн тең эмес шарттардын келип чыгуусуна өбөлгө түзүлөт.
Аракеттеги тутум сот корпусун талапкерлердин квалификациялуу жана компетенттүү курамы менен камсыз кылууга багытталса да, Сот адилеттигинин жогорку мектебине окууга адамдардын абдан чектелген санын кабыл алуу, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15 жана 17-беренелеринде көрсөтүлгөн кошумча талаптарды эске алганда, судьялык бош кызмат ордуна талапкер болгон катышуучулардын санын кыйла кыскартат. Натыйжада судьялык кызматка нагыз татыктуулардын тандалышына да терс таасирин тийгизет.
Андан тышкары, окутуунун аракеттеги тутуму талапкерлерди окутууга бюджеттик каражаттарды сарптоонун майнаптуулугу жагынан караганда өзүн актабайт, анткени, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттын болуусу талапкердин келечекте судья кызматын ээлөөсүнө кепилдик бербейт.
Баяндалгандардын негизинде талашылып жаткан ченемдердин судьянын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо чөйрөсүнө мындай тандап таасир этүүсү жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген кодулоодон коргоо жана мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей болуу укугун бузууда. Талашылып жаткан ченемдер судьянын кызмат ордуна талапкер болгон жарандар үчүн алардын мүлктүк жана социалдык абалына жараша олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.
Судьялык бош кызмат ордуна талапкерлер сот адилеттигин тиешелүү деңгээлде жүргүзүү үчүн терең теориялык билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ болуусу абзел экендиги талашсыз. Бирок мындай көндүмдөрдү алуу үчүн уюштуруу камылгаларын түзүү жарандардын укуктарын мүлктүк жана социалдык абалы боюнча кемсинтүүсүз жүзөгө ашырылууга тийиш. Демек, судьялардын кызмат ордуна талапкер адамдардын ошол орунга ылайык келүүсүн баалоо жалаң гана Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебиндеги окутуудан ѳткѳнүн тастыктаган сертификатка ээ болуу фактысына негизделбестен, алардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын, эмгекке болгон мамилесин, алардын ишкердик сапаттарын эске алууга мүмкүнчүлүк берген бирдей критерийлерди колдонуу менен жүзѳгѳ ашырылышы керек.
Мындай мамиле окшош шарттарда турган адамдарга бирдей мамиле жасоо зарылдыгын белгилеген тең укуктуулук жана адилеттүүлүк конституциялык принциптерине да ылайык келет. Бул принциптерди сактоо бирдей же окшош шарттарда турган адамдардын укуктарына акталбаган, объективдүү жана алгылыктуу эмес айырмачылыктарды киргизүүгѳ тыюу салууну билдирет.
Келтирилген конституциялык талаптарга ылайык мамлекеттин мойнунда сапаттуу жана дасыккан кесипкѳй судьялык корпусту алуу милдетине жооп берген жана ошол эле учурда жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүсүндѳгү тең укуктуулукту кепилдеген талапкерлерди тандоону жана судьяларды даярдоону камсыздоо милдети турат. Бул милдетти аткаруу максатында мамлекет мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, ар ким мамлекеттик кызматка кирүүдө тең укуктуу деген принциптерге ылайык келе турган квалификациялык талаптарды орнотууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдердин («Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы, 17-беренесинин 2-бөлүгү) жѳнгѳ салуучулук таасиринин күчү аталган конституциялык Мыйзамдын 5-4, 21-1 беренелери менен тутумдук байланышта турат деп белгилейт. Аларда судьянын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан ѳтүшүнүн талаптары жана аларды конкурстук тандоонун эрежелери орнотулган. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык арыздануучунун кайрылуусунда кѳрсѳтүлгѳн ченемдердин гана конституциялуулугуна баа бергенине карабастан, талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугуна баа берүү конституциялык Мыйзамдын алар менен тутумдук байланышта турган беренелеринин колдонулуусуна да таасир этет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы, 17-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 52-беренесинин 4-бөлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы