Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-майы № 271
Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин 70 жылдыгына карата уюштурулган бирдиктүү юбилейлик сыйлык жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин чечимин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин 70 жылдыгына карата уюштурулган бирдиктүү юбилейлик сыйлык жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими, төмөнкүдөй эскертме менен:
"70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." бирдиктүү юбилейлик медалды Кыргыз Республикасында даярдоодо медалдын колодкасы кызыл түстөгү, туурасы 24 мм, ар бири 4 мм болгон эки кочкул кызыл түстөгү тилкеси бар жибек муар тасмасы менен капталат";
- "70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." бирдиктүү юбилейлик медалын тапшыруу тартиби тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тасманы даярдоону жана медалдарды 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тапшырууну уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын эскертмеси жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |