Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору (мындан ары - Борбор) электрондук башкаруу жана мамлекеттик башкарууну реформалоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү аркылуу координациялоону жана мониторингдөөнү ишке ашырууга чакырылган.
Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин ишин камсыздайт.
1. Жалпы жоболор
1. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
2. Борбордун уюштуруусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
3. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору";
- расмий тилде: "Центр электронного управления Правительства Кыргызской Республики".
4. Борбор түздөн-түз башкаруу укугунда негизделген, "мекеменин" уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген. юридикалык жак болуп саналат.
5. Борбор түздөн-түз башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого милдеттүү.
6. Борбор негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында эсептешүү эсебине ээ болот.
7. Борбор мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөргө, белгиленген үлгүдөгү штамптарга, бланктарга жана башка өзгөчө белгилери бар каражаттарга ээ болот.
2. Борбордун максаттары жана милдеттери
8. Борбордун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекет үчүн мамлекеттик саясатты эң натыйжалуу ишке ашырууга жетишүү, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарда электрондук башкаруу жана мамлекеттик башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүн реформалоо жана өнүктүрүү;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ишин стратегиялык пландаштыруу жана координациялоо.
Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды натыйжалуу киргизүү боюнча иштерди камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын калкы жана бизнес коомчулугу үчүн электрондук форматта мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү максатында мамлекеттик башкаруу системасын инновациялык өзгөртүүгө көмөк берген маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын бирдиктүү архитектурасын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайдаланылуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды жана тиркемелерди долбоорлоо, интеграциялоо жана борборлошкон башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Борбордун функциялары
9. Борбор төмөнкү функцияларга ээ болот:
- электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин стратегиялык пландаштыруу, координациялоо жана мониторингдөө;
- ведомстволор аралык жана ведомстволук маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инфратүзүмдөр, автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жана жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны калыптандыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфратүзүмүндө интеграциялануучу локалдуу жана глобалдуу маалыматтар сактагычтарды түзүү боюнча ишти уюштуруу;
- техникалык-экономикалык негиздөөнү иштеп чыгуу, техникалык адистешүүнү жана техникалык милдеттерди, изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизалоону уюштуруу жана өткөрүү, маалыматтык системаларды жана технологияларды талдоо жана баалоо боюнча, ошондой эле программалык жана алардын аппараттык каражаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чектеринде маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагындагы илимий изилдөө жана инновациялык иштерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин иштерине катышуу;
- маалыматтарды иштетүүнүн бирдиктүү улуттук борборун, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын иштеп чыгуу үчүн шарттарды, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү продуктуларды жана технологияларды сертификатташтыруу үчүн шарттарды түзүү;
- интеграцияланган мамлекеттик веб-ресурстарды, электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын, кадрлардын эсебин алуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик системаларды, финансылык башкаруунун бирдиктүү системаларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаларды өнүктүрүү жана башкаруу үчүн шарттарды түзүү;
- программалык-аппараттык чечимдерди, жалпы мамлекеттик маалыматтык-коммуникациялык регистрлерди жана реестрлерди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан тышкарыда ар кандай маалыматтык ресурстарды жана стандартташтыруунун маалыматтык схемаларын киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин мониторингдөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык ресурстардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш үчүн электрондук башкарууну жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жагында сунуштарды даярдоо;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө илимий-техникалык жана инвестициялык долбоорлордун мамлекеттик тапшырыкчысынын функцияларын ишке ашыруу;
- электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышуу;
- ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин буйруктарынын жана Борбордун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлорун даярдоо жана иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана Борбордун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча анын орун басарларынын маселелерди кароодогу зарыл болгон аналитикалык, маалымкаттык жана башка материалдарды даярдоо;
- Борбордун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башкаруу мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо;
- Борбордун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жана анын орун басарларына даректелген министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, администрациялык ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн каттарды жана кайрылууларды кароону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка функцияларды жана иштин түрлөрүн ишке ашыруу.
4. Борбордун укуктары жана милдеттери
10. Борбордун укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- Борбордун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
- жарыяланууга жатпаган маалыматтын коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо шартында Борбордун компетенциясына киргизилген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, илим изилдөө жана башка уюмдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана адистерди ишке тартууга;
- Уюштуруучу менен макулдаштыкта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкарыда ушул жободо белгиленген милдеттерге ылайык өз ишин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- Борбордун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана окутуунун башка формаларын белгиленген тартипте уюштурууга жана өткөрүүгө;
- аларда иштөө үчүн зарыл болгон адистерди жана эксперттерди тартуу менен белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүүгө;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана ресурстар тармагында илимий изилдөө жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле Борбордун милдеттерине жана функцияларына ылайык жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө.
11. Борбордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- бардык иштегендерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликти көтөрүүгө;
- салык органдарына Борбордун отчетторун өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөөгө.
Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда жана маалыматташтыруу, маалыматты коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиялык кызыкчылыктарына зыян келтирилген, ошондой эле бул тармакта жарандардын укуктары бузулган учурда өзүнүн аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти көтөрөт.
5. Борборду башкаруу
12. Борбордун ишин башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - ИКТ боюнча кеңеш) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу директор ишке ашырат.
13. Директордун Борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон бир орун басары болот.
14. Директордун орун басары Борбордун директору жокто Борбордун директорунун милдеттерин аткарат.
15. Директордон жана директордун орун басарынан башка Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналышпайт.
16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлери алардын кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты ала алышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жарыялагандыгы үчүн жекече жоопкерчиликтүү болушат.
17. Борбордун директору:
- Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткарууну камсыздайт;
- ишеним катсыз Борбордун атынан иш жүргүзөт, бардык мамлекеттик органдарда, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерди анын кызыкчылыктарын көздөйт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарын берет, банктарда эсептешүү эсептерин ачат, банк жана финансы документтерине кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- штаттык ырааттаманы бекитет жана Борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Борбордун кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана колдоо көрсөтүү чараларын көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерин социалдык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздайт;
- Борбордун кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн жиберет;
- ушул жободо белгиленген Борбордун милдеттери менен функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
6. Борбордун мүлкү
18. Борбордун мүлкү мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
Борбор мүлктү өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга укуктуу.
19. Борборду финансылоонун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык бюджет;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
20. Борбор алган кирешелер, ошондой эле өзүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк Борбордун өз алдынча башкаруусуна келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
7. Борбордун отчеттуулугу
21. Борбор өз ишин бекитилген иш пландарынын негизинде ишке ашырат жана жыл сайын ал боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин алдында отчет берет.
22. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин натыйжаларынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
23. Борборду жоюу жана өзгөртүп түзүү уюштуруучунун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана шартта сот тарабынан ишке ашырылат.
24. Борборду өзгөртүп түзүүдө жана жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
25. Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 5-июну № 345 токтомдун редакциясына ылайык)

15. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелбейт.