Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-майы № 277
Евразия экономикалык союзунун алкагында тарифтик саясаттын негиздерин кошкондо Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү жөнгө салуу тартибин ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органды аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 575-б буйругу менен бекитилген Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын ("жол картасын") жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 63-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарифтик саясаттын негиздерин кошкондо Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү жөнгө салуу тартибин ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |