Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-майы № 280
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына тиешелүү жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Р.И.Якуповдун арызын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 292-б буйругун көңүлгө алуу менен, жер участогун натыйжалуу пайдалануу жана мал чарба фермасын куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын жараны Рашит Иршатович Якуповдун жеке менчик укугуна таандык “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына тиешелүү аянты 2,59 га болгон жер участогу айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн “кайрак айдоо” айыл чарба жерлеринин түрүнөн “башка жерлерге” которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |