Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-майы № 282
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан жер участогун (Бозымчак кени) “Kazakhmys Gold Kyrgyzstan” (Казахмыс Голд Кыргызстан) жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6 жана 384-статьяларына, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 5-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 42 “Жер участогун бир категориядан башкасына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жана убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө” токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына таандык аянты 52,0 га жер участогун, анын ичинде 16,65 га - бадалдуу, таштак жайыт жерлер, 1,60 га - токой аянттарынын жерлери, 0,84 га - суу жана булак алдындагы, 0,04 га – жол жана мал айдап чыгуучу жолдордун алдындагы, 32,87 га - башка жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 710 АЕ лицензиясынын колдонуу мөөнөтүнө Бозымчак алтын кенинин объекттерин жана курулмаларын курууга бөлүнгөн аймакты кеңейтүү үчүн “Kazakhmys Gold Kyrgyzstan” (Казахмыс Голд Кыргызстан) жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - “Казахмыс Голд Кыргызстан” ЖЧК) ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- “Казахмыс Голд Кыргызстан” ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимдерин түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын “Казахмыс Голд Кыргызстан” ЖЧКнын төлөп берүүсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы менен бирдикте көрсөтүлгөн жер участокту жеринде бөлүүнү жүргүзсүн.
4. “Казахмыс Голд Кыргызстан” ЖЧКга белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- берилген жер участогунда экологиялык жана техникалык коопсуздук, алтын кенин коргоо жана өздөштүрүү боюнча эксперттик корутундулары менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |