Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы № 287
Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык
бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет;
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет;
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул отчет жана Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |