Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Ч Е Ч И М И
Александр Анатольевич Рябушкиндин кайрылуусуна байланыштуу «ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан ... жеке жак тарабынан» деген сөздөр менен баяндалган «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2019-жылдын 20-февралы №04-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын,
кайрылуучу тарап – Александр Анатольевич Рябушкиндин кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Жаныл Сыргаковна Дюшеевнанын, Джылкыайдар Сарыгулович Джумабековдун;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Венера Шаршеналиевна Бектурованын, Мирбек Исамаматович Арзиевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Айзат Бактыбековна Шадыканованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Манас Болотович Сарымсаковдун катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
А.А. Рябушкиндин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.О. Осмонованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 13-августунда А.А. Рябушкиндин «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн жана ага тиркелген материалдардан келип чыккандай, А.А. Рябушкин тарабынан 2016-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында № 14051 күбөлүгү менен ырасталган «Zanoza» товардык белгиси катталган.
Бирок жеке ишкер С.М. Джумалиев Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына караштуу Аппеляциялык кеңештин 2017-жылдын 6-июнундагы чечимин жараксыз деп таануу жана 2016-жылдын 27-сентябрындагы А.А. Рябушкиндин атына «Zanoza» товардык белгисинин каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына карата кайрылган.
С.М. Джумалиев өзүнүн доосунда «Zanoza» товардык белгисин А.А. Рябушкиндин атына каттоонун мыйзамсыздыгы жөнүндө белгилеген, себеби ал каттоо учурунда жеке ишкер эмес болуучу. «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык товардык белгиге карата өтүнмө ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык же жеке жак тарабынан берилет. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгү товардык белги юридикалык жактын, ошондой эле ишкерлик кылып жүргөн жеке жактын атына катталышы мүмкүн деп белгилеген.
Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2017-жылдын 4-декабрындагы чечими менен С.М. Джумалиевдин жогоруда көрсөтүлгөн административдик доосун канааттандыруудан баш тартылган. Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 14-мартындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2017-жылдын 4-декабрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын 25-майындагы токтому менен биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун жогоруда аталган актылары жокко чыгарылган, иш болсо, Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна жаңы кароого жөнөтүлгөн.
Кайрылуунун субъекти, С.М. Джумалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын аракеттерине даттанууда шилтеме жасаган «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна карама-каршы келет деп болжойт. Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемдери жеке ишкердин статусуна ээ болбогон жеке жактарды алардын мүлктүк белгиси боюнча укуктарын чектөөгө багытталган жана 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренеге ылайык келбейт, анткени Кыргыз Республикасында адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек жана өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугу бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келбейт.
Арыздануучунун пикири боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин ченемдери да өтүнүүчүдөн ишкерчилик менен алек болгонун күбөлөндүргөн документтерди жана далилдерди талап кылууга тике тыюу салат жана өз жүйөлөрүнѳ негиздеме катары Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 51 Мыйзамы менен ратификацияланган 2006-жылдын 28-мартындагы Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишиминин 3-беренесинин (4)-пунктун келтирүүдө, анда бир дагы келишим түзгөн тарап өтүнмөгө карата (1) жана (3)-пункттарда жана 8-беренеде көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган шарттарды аткарууну талап кылбайт деп бекитилген. Арыздануучу болжогондой, Сингапур келишиминин 3-беренесинин (1) жана (3)-пункттары жана 8-беренеси өтүнүүчүгѳ жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүү талабын койбойт.
Кайрылуунун субъекти Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы жана Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Келишим (TLT) өңчөй талаптарды камтыбайт деп да белгилейт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуучу тараптын өкүлү Ж.С. Дюшеева соттук отурумда ѳз талаптарын тактады жана «ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан ... жеке жак тарабынан» деген сөздөр менен баяндалган «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун гана конституциялуулугун кароону жана арыздануучунун ѳтүнүчүн канааттандырууну суранган.
А.А. Рябушкиндин башка ѳкүлү Дж.С. Джумабеков ѳтүнүчтѳ келтирилген талаптарды колдоду жана аларды канааттандырууну суранды.
Жоопкер тараптын өкүлү В.Ш. Бектурова кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн жараксыз, ал эми талаптары канааттандырууга жатпайт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мында «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан кыйшаюусуз сакталууга жатат деп бекитилген.
Ушуга байланыштуу жоопкер тараптын өкүлү Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишиминин 3-беренесине шилтеме жасап, келишим түзгөн ар кандай тарап өтүнүүчүдөн өтүнмөдѳ бул беренеде көрсөтүлгөн бардык же айрым талаптардын, анын ичинде өтүнүүчүнүн, эгер андайы бар болсо, анык жана жалган эмес өнөр жай же соода ишканасы бар болгон мамлекеттин аталышын кѳрсѳтүү тууралуу талаптын камтылышын талап кыла алат деп белгилеген.
Андан тышкары В.Ш. Бектурова Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын 4-беренесине ылайык Бирикменин ар бир өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарына же Бирикме өлкөлөрү ортосунда түзүлгөн көп тараптуу макулдашууларга ылайык туура таризделген улуттук өтүнмө берүүнүн күчүнө ээ болгон ар бир өтүнмө берүү артыкчылыкка болгон укуктун пайда болуусу үчүн негиз болуп эсептелет деп аныкталганын көрсөткөн.
В.Ш. Бектурова товардык белгинин укуктук табиятынан келип чыксак, товардык белги бир өндүрүүчүнүн товары башка өндүрүүчүлөрдүн товарынан айырмалануу үчүн ишкерчилик чөйрөдө колдонулат деп белгилеген. Ошон үчүн товардык белгинин ээлери болуп ишкерчилик субъекттери гана саналышы мүмкүн.
Ошондой эле, ал кайрылуунун субъекти беренелерин шилтеме катары келтирилген Сингапур келишими мамлекет өтүнүүчүдөн өнөр жай же соода ишмердигин жүзөгө ашырып жатканын, ошондой эле тийиштүү далилдерди көрсөтүүнү талап кыла албай турган ченемдерди гана белгилейт деп баса белгилеген. Бирок бул келишим товардык белгилерге ээ болууга укуктуу адамдардын чөйрөсүн белгилебейт.
Баяндалганды эске алуу менен В.Ш. Бектурова «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Жоопкер тараптын башка өкүлү М.И. Арзиев В.Ш. Бектурованын жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын өкүлү (андан ары - Кыргызпатент) А.Б. Шадыканова «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси өтүнмөнүн мазмунуна жана ага тиркелүүчү документтерге карата коюлуучу талаптардын толук тизмесин бекитет. Мында товардык белгини алууга болгон өтүнмөнү Кыргызпатентте каттоо стадиясында экспертиза жасоодо өтүнүүчүнүн жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо фактысын текшерүү жүзөгө ашырылбайт. Бирок өтүнүүчүнүн товардык белги алууга каттоодон өтүү үчүн өтүнмөсүн берүүдө анын статусун ырастаган документтер көрсөтүлүшү жана өтүнмөнүн материалдарына тиркелип кошо берилиши мүмкүн.
Ошондой эле, А.Б. Шадыканова Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишимин, Кыргыз Республикасы 2002-жылдын 23-апрелиндеги № 75 Мыйзамы менен кошулган Товардык белгилер боюнча келишимди (TLT) кошкондо, Кыргыз Республикасы товардык белгилер чөйрөсүндө бир катар эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат. Жогоруда аталган эл аралык келишимдерге ылайык келишим түзгөн бир да тарап өтүнмө каралып жаткан учурдун бүткүл мезгилинде ар кандай күбөлүк же соода реестринен көчүрмө талап кыла албайт.
Андан тышкары, Кыргызпатенттин өкүлү жогоруда аталган Мыйзамдын 43-беренесине ылайык, эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимде Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат, анткени алар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз Республиккасынын Юстиция министрлигинин өкүлү М.Б. Сарымсаковдун көз карашы Кыргызпатенттин өкүлүнүн көз карашы менен өңчөй.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгү, 6-беренесинин 1-бөлүгү саналат:
«3-статья. Товардык белгини укуктук жактан коргоо. Товардык белгиге карата өзгөчө укук
Товардык белги юридикалык жактын, ошондой эле ишкерлик кылып жүргөн жеке жактын атына катталышы мүмкүн.
6-статья. Товардык белгини каттоого өтүнмө
Товардык белгиге карата өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык же жеке жак тарабынан Кыргызпатентке берилет.».
«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 1998-жылдын 28-январындагы № 8-9 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ (42-берененин 1-бөлүгү).
Бул, эгер менчик ээсинин аракеттери мыйзамга карама-каршы келбесе жана башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, анда ал өз мүлкүнө карата ар кандай аракеттерди өзү билип жасоого укуктуу дегенди билдирет. Бул шарттар интеллектуалдык менчикке да жайылтылат, ал адамдын ой-жүгүртүү ишмердигинин жыйынтыгы катары жарандык укуктук мамилелердин объекти болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык корголот.
Келтирилген конституциялык жоболор мамлекеттин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү саясатынын негизин түзөт, анын ичинде интеллектуалдык ишмердиктин жана индивидуалдаштыруу каражаттарын, товардык белгилерди жана кызмат көрсөтүү белгилерин кошкондо, пайдаланууга байланыштуу анын укуктук жөнгө салынуусу өзүнүн карамагында болот.
Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу интеллектуалдык продукттарга субъективдүү укуктарды натыйжалуу коргоого, ошондой эле нагыз ишмердикте интеллектуалдык продукттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керек.
Тийиштүү укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашырып жатып, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон тийиштүү эл аралык келишимдердин талаптарын, маселен, 1883-жылы кол коюлган, 1967-жылы кайра каралган жана 1979-жылы толукталган Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясынын, Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндөгү Келишимдин (TLT), Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндөгү Сингапур келишиминин, Интеллектуалдык менчикке болгон укуктардын соода аспектилери боюнча Макулдашуунун (ТРИПС) (Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Макулдашууга 1С тиркеме) талаптарын эске алуусу керек.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык товардык белгилер жарандык укук объекттерине таандык жана жарандык мыйзамдарда караштырылган башка индивидуалдаштыруу каражаттары менен бирге алар интеллектуалдык ишмердүүлүктүн каражаттарына теңештирилет жана мамлекеттик каттоодон өтүү шарты менен алар интеллектуалдык менчик объекттери деп таанылып, укуктук коргоого алынат (22, 1037, 1038, 1108-беренелери).
Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлардын чыгарылган жерин каттоого байланыштуу укуктук коргоо жана аны пайдалануу менен пайда болгон укуктук, экономикалык жана уюштуруу мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинде жана «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.
Бул Мыйзамдын 2-беренесинде товардык белги жана тейлөө белгиси - бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр деп көрсөтүлгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн аныктамадан товардык белгилер жана тейлөө белгилери товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү индивидуалдаштыруу каражаттары катары кызмат кылат. Индивидуалдаштыруу каражаттарынын укуктук табияты жана маңызы ишкерчилик субъекттери чыгарган продукциясын обочолонтуу үчүн шарттуу белгилерди колдонушат. Товардык белги товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) индивидуалдаштыруу каражаты катары сатып алуучу үчүн товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) конкреттүү өндүрүүчү менен элестейт жана товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) сапаты тууралуу тийиштүү түшүнүктү калыптандырат. Андан тышкары, товардык белгини каттоого таандык жана Реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан товардык белги Реестрде катталган күндөн тартып же товардык белгини каттоого өзгөртүүлөр Реестрге киргизилген күндөн тартып бир ай ичинде расмий бюллетенде жарыяланат («Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренеси). Бул атаандаш товардык белгилеринин, башка индивидуалдаштыруу каражаттарынын ээлерине, ошондой башка кызыкдар адамдарга алар тууралуу маалымат алууга, өңчөй товарлардан жана кызматтардан өзүнүн товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн ажыратууга жардам берет.
Ошентип, мамлекет тарабынан ар ким үчүн өзүнүн мүлкүнө, анын ичинде интеллектуалдык менчикке ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө конституциялык укугун жүзөгө ашырууда шарттар түзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 32-беренесине ылайык жарандык мамилелердин катышуучуларынын индивидуалдаштыруу каражаттары болгон товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары менен бирге интеллектуалдык менчиктин объекттерине таандык болот. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1037-беренесине ылайык интеллектуалдык менчик объекттери интеллектуалдык иштин натыйжаларына; граждандык карым-катнашка катышуучулардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына; интеллектуалдык ишмердүүлүктүн башка натыйжалары жана ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда граждандык карым-катнашка катышуучулардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына бөлүштүрүлөт.
Ушуга байланыштуу, интеллектуалдык менчик укугу чөйрөсүндө мыйзамдар жогоруда аталган объекттерге менчик укугуна ээ болуучу субъекттерди конкреттештирбеген соң, аларды интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана жарандык карым-катнашка катышуучулардын жекече түргө өткөрүү каражаттарына ээ болгон субъекттер деп айырмаланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1037-беренесинин 1-пунктчасына ылайык интеллектуалдык иштин натыйжалары болуп илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармалары, аткаруулар, фонограммалар жана уктуруу уюмунун берүүлөрү, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалар жана маалыматтар базасы, интегралдык микросхемалардын топологиялары, ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жайлык үлгүлөр, селекциялык жетишкендиктер, ачыла элек маалыматтар (коммерциялык жашыруун сыр), анын ичинде өндүрүштүк сырлар (ноу-хау) саналат.
Ушундан улам, интеллектуалдык иштин натыйжасы болуп объективдүү формада көрүнгөн жана анын мүнөзүнө жараша илим, адабият, искусство чыгармасынын, ой табылганын же чыгармачылык ой-жүгүртүүнүн натыйжасы катары өнөр жай үлгүсүнүн продукту саналууга тийиш. Ал эми ушул эле берененин 2-пунктчасына ылайык граждандык карым-катнашка катышуучулардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү индивидуалдаштыруу каражаты катары фирмалык аталыштар, товардык белгилер (тейлөө белгилери), товарлардын чыккан жеринин аталыштары кирет.
Ушуга байланыштуу, индивидуалдаштыруунун маңызы субъектти (объектти) ага гана таандык болгон тийиштүү белгилерди андан табуу жолу менен жалпы массадан ажыратууда тураарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы индивидуалдаштыруу каражаттары таандык болгон жарандык укук объекттери коммерциялык жүгүртүүнү чектөө менен чагылдырылган аларды колдонуунун жалпы өзгөчөлүгүнѳ ээ деген тыянакка келүүдө.
Товардык белгини пайдалануунун милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1110-беренесинин талаптарынан да келип чыгууда.
Мындай талапты улуттук мыйзамдарды орнотуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Париж конвенциясынын 5-беренесинин С(1)-бөлүгүндө: «Эгер катталган товардык белгини пайдалануу өлкөсүндө ал милдеттүүлүк болсо, анда каттоо жокко чыгарылышы мүмкүн», Интеллектуалдык менчикке болгон укуктардын соода аспектилери боюнча Макулдашуунун (ТРИПС) (Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Макулдашууга 1С тиркеме) 19-беренесинин 1-пунктунда: «Эгер товардык белгини пайдалануу шарты каттоону күчүндө калтыруу үчүн талап болуп саналса, анда каттоо жокко чыгарылышы мүмкүн» деп айтылууда.
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин жогоруда келтирилген тексттеринен улам, эгер коргоодогу товардык белги кайсы бир убакыт ичинде колдонулбаса, анда улуттук мыйзамдар анын укуктук корголушун токтотулушу мүмкүн болгон эрежесин орнотууга укуктуу.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин товардык белгини каттоонун аракети товардык белги соттун чечиминин негизинде ал катталган күндөн тартып үч жыл катары менен үзгүлтүксүз пайдаланылбай калганга байланыштуу товардык белгинин каттоосунун токтотулуу мүмкүндүгүн караштырган 1110-беренеси мыйзам чыгаруучунун товардык белгини пайдалануу чөйрөсүн тактоого багытталган баштапкы оюн ырастоодо.
Биринчи кезекте, «ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан ... жеке жак» деген талашылып жаткан ченемдик жобо ѳзүндѳ кандайдыр бир тыюу салган же уруксат берген императивдик көрсөтмөнү камтыбастан, тактоо мүнөзүндө берилген. Укук ченемдерин конкреттештирүү укук жаратуу ишмердигинин зарыл жагдайы жана абстрактуу мазмундагы юридикалык ченемдердин конкреттүү жана даректүү деңгээлге которуу боюнча ченем жаратуучу органдын объективдүү шарттуу, укуктук жөнгө салуунун тактыгын жана аныктыгын көтөрүүгө багытталган мыйзам ченемдүү ишмердиги болуп саналат.
Талашылып жаткан ченемдик жобо укук ээсинин ишмердик чөйрөсүн конкреттештирип, товардык белгинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу жана жарандык мамилелер чөйрөсүндө ар кандай кыянатчылыкты жокко чыгаруу максатында ишкерчилик менен ажырагыс байланышын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарандардын кепилденген укуктары менен эркиндиктеринин чектөөсү катары каралышы мүмкүн эмес.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналаары белгиленген.
Келтирилген конституциялык жобо мыйзам чыгаруучу үчүн товардык белгинин укуктук коргоосун Кыргыз Республикасы тарабынан ушул чөйрөдө белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдердин ченемдери менен макулдашуу зарылдыгы менен шартталат. Аны менен мамлекет жарандарга Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген, ошондой эле мамлекеттик эл аралык милдеттенмелеринен келип чыккан укуктарды жана эркиндиктерди кепилдейт.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 51 Мыйзамы менен ратификацияланган Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндөгү Сингапур келишиминин 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык бир да келишим түзгөн тарап өтүнмөгө карата (1) жана (3) пункттарда жана 8-беренеде көрсөтүлгөн шарттардан айырмалуу шарттардын аткарылышын талап кыла албайт. Маселен, өтүнмө каралып жаткан бүткүл мезгилине карата өтүнүүчүдөн төмөнкүлөр сыяктуу шарттар талып кылынышы мүмкүн эмес: ар кандай күбөлүктү же соода реестринен көчүрмөнү көрсөтүү; өтүнүүчү өнөр жай же соода ишмердигин жүзөгө ашырып жатканын көрсөтүү, ошондой эле өтүнмөдө аталган товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө ылайыктуу ишмердикти жүзөгө ашырып жаткан ишмердиктин тийиштүү далилдердин, ошондой тиешелүү далилдерди көрсөтүү.
Көрсөтүлгөн эл аралык келишимди жүзөгө ашырууда «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 9-бөлүгүндө товардык белгини каттоого тапшырууда өтүнмөгө тиркелүүчү документтердин толук тизмеси берилген, анын ичинде өтүнүүчү тарабынан ишкерлик кылганын далилдей турган бир да документ көрсөтүлгөн эмес.
Бул ыйгарым укуктуу орган өтүнүүчү тарабынан ишкерлик кылганын жана каттоого тийиштүү товардык белгини пайдалануу үчүн зарыл түрү менен алектенүүсүн текшербейт дегенди билдирет. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченемде конкреттештирүүчү ченемдик жобонун болуусу товардык белгинин каттоосун сот тарабынан мүмкүн болуучу жокко чыгарууга байланыштуу бардык аманаттар товардык белгини каттоодон өткөргөн, бирок тийиштүү ишкерлик кылбаган жеке жакка таандык дегенди билдирет.
Ошентип, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченемдик жобосу Конституциянын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон интеллектуалдык менчик укугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин ченемдерине негизделген, товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу коомдук мамилелерди тутумдуу жана комплекстүү жөнгө салууга багытталган жана аларга карама-каршы келбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн «ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан ... жеке жак» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Төрагалык кылуучу – судья: Судьялар: | Э.Т. Мамыров |