Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-майы № 298
Кыргыз мамлекеттик циркине Абубакир Изибаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, кыргыз профессионалдык цирк искусствосунун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон Абубакир Изибаевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын 2014-жылдын 5-декабрындагы № 21-145 чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз мамлекеттик циркине Абубакир Изибаевдин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |