Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 304
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
Монополисттик жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөргө жол бербөө максатында, "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз. Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 304 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары - Реестр), "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана монополияга каршы орган тарабынан Реестрди түзүү жана жүргүзүү үчүн колдонулат.
Ушул Тартипте "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Реестр табигый монополия абалында турган рыноктордон тышкары, тиешелүү товардык рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген жана туруктуу экономикалык-статистикалык байкоо зонасында турган чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмеги болуп эсептелет.
3. Реестрди түзүү жана жүргүзүү ага чарба жүргүзүүчү субъекттерди киргизүү же чыгарып салуу, чарба жүргүзүүчү субъекттердин аталышы, анын менчик формасы, юридикалык дареги жана товардын аталышы өзгөрүлгөн учурда Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен монополияга каршы орган тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Реестр жана Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү монополияга каршы органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде монополияга каршы органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Реестрде камтылган маалымат ачык болот жана монополияга каршы орган тарабынан, кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби
6. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди Реестрге киргизүү же андан чыгарып салуу аракеттери, чарба жүргүзүүчү субъекттердин аталышы, менчиктин формасы, юридикалык дареги жана товардын аталышы өзгөрүлсө реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү монополияга каршы органдын чечими менен жол-жоболоштурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Реестрге төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- юридикалык дарегин көрсөтүү менен чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы;
- чарба жүргүзүүчү субъект үстөмдүк абалды ээлеген товардын (жумуш, кызмат көрсөтүү) аталышы;
- монополияга каршы органдын Реестрге киргизүү, чыгарып салуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечиминин реквизиттери.
Реестр монополияга каршы орган бекиткен формада жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Реестр, эки бөлүмдөн турат: "I. Республикалык Реестр" жана "II. Региондук Реестрлер".
9. "I. Республикалык Реестр" бөлүмү монополияга каршы органдын борбордук аппараты тарабынан түзүлөт. "II. Аймактык Реестрлер" бөлүмү монополияга каршы органдын борбордук аппараты тарабынан анын региондук органдарынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча түзүлөт.
Ишин бир товардык рынокто ишке ашыруучу жана жактардын бир тобуна кирүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндөгү маалымат алар кирген топтун адамдарын көрсөтүү менен киргизилет.
10. Чарба жүргүзүүчү субъект (жактардын тобу) Реестрге менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү учурларда киргизилет:
- эгерде белгилүү бир рынокто анын үлүшү 35% жана андан ашык пайызды түзсө жана монополиялык жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөргө жол бербөө максатында анын иш-аракетине мониторинг жүргүзүү талап кылынса;
- эгерде "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык монополиялык чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк кылуучу абалы таанылса.
11. Чарба жүргүзүүчү субъектин (жактардын тобунун) үстөмдүк кылуучу абалын эсептөө, анын монополиялык абалын, рыноктук күчүн аныктоо ошондой эле рынокто үстөмдүк кылуучу субъектиге киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
12. Чарба жүргүзүүчү субъект (жактардын. тобу) Реестрге киргизилди (алып салынды) деп, монополияга каршы орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн баштап эсептелет (буйруктун катталган датада).
13. Чарба жүргүзүүчү субъект (жактардын тобу) аны Реестрге киргизгени жөнүндө монополияга каршы органдын чечими менен же Реестрде болгон маалымат менен макул болбогон учурда, чарба жүргүзүүчү субъект (жактардын тобу) монополияга каршы органга Реестрден чыгарып салуу тууралуу же Реестрдеги маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жүйөөлүү жана негиздүү өтүнүчүн жибериши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Чарба жүргүзүүчү субъектти (жактардын тобун) Реестрден чыгарып салуу тууралуу маселе монополияга каршы орган тарабынан төмөнкү негиздер болгон учурда каралат:
- товардык рынокко талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) белгилүү товардык рынокто үлүшүнүн азайышы;
- чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтогондо;
- чарба жүргүзүүчү субъектти (жактардын тобун) Реестрден чыгарыл салуу жөнүндө чечимди кабыл алууга зарыл болгон иш жүзүндөгү маалыматтар тиркелген (рыноктун көлөмү жөнүндө маалымат, чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктогу үлүшүн эсептөө, рыноктогу атаандаштардын саны, ишкананын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат, баалардын өзгөрүү динамикасы) жүйөлүү өтүнүч түшкөндө.
15. Жүйөөлүү арыз түшкөн учурда, чарба жүргүзүүчү субъектти (жактардын тобун) Реестрден чыгарып салуу же чыгаруудан баш тартуу тууралуу же Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим, монополияга каршы орган тарабынан арыз келип түшкөндөн кийин 30 күндүн ичинде, берилген материалдардын жана эсептөөлөрдүн негиздүүлүгү боюнча зарыл болгон экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Чарба жүргүзүүчү субъект (жактардын тобу) монополияга каршы органдын чечимине макул болбогон учурда, сотко даттануу арызы менен кайрыла алат.