Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 316
Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүүгө катышкан камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- калк арасында топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык камсыздандырылган адамдардын тандоосунун негизинде арыздарын кабыл алууну жана камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фонддорго же башкаруучу компанияларга пенсиялык топтоо каражаттарын которууну уюштурууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |