Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 292
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 12-глава менен толукталсын:
"
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кайрылмандарга күбөлүктөрдү берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 2-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында кайрылмандын күбөлүгүн берүү кызматын кошо алганда, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөн аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Этностук кыргыздар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (50-берене); "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 629 "Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кайрылмандын күбөлүгүн берүү менен "Кайрылман" макамынын ыйгарылышы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат төмөнкүдөй көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, менен жабдылган (имарат, жай); - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү жайлары, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болсо - сырттагы), жылытуу системасы, суу түтүгү, телефон болот. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, же эгерде алар тепкичтен көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арызын кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келгендерге ыңгайлуу болушу үчүн, кызмат көрсөтүлүүчү жайда кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 2 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 20 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана анын аймактык органдарынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mz.gov.kg сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык органдарына жеке кайрылууда; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин www.mfa.gov.kg жана www.dcsmfa.kg сайттарынан. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында жарандарды кабыл алуу - алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде - алар кайрылган күнү жана алдын-ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mz.gov.kg сайты; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин даректери, телефон номерлери жана иштөө режими www.mfa.gov.kg жана www.dcsmfa.kg сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келгендер менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди жүйөлөштүрө алуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү этиканын ченемдерин сактоону, таламдардын кагылышуусун болтурбай, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу функционалдык милдеттерин аткарышат жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу, көрүүсү боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде гана берилиши мүмкүн |
12 | Тиешелүү документтердин/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тизмеги | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - жеке өзү же ишеним берилген адамы аркылуу (нотариус аркылуу таризделген ишеним каты болгон учурда) эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин жооптуу кызматкерлерине кайрылуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген форма боюнча бланкта өтүнүч катын, ошондой эле кайрылмандын күбөлүгүн берүү жөнүндө анкетаны толтуруу. Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман макамын берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет: - паспорт же аны алмаштыруучу документ; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат; нике тууралу күбөлүк. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет: - жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири өгөй ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк; - алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүлөрдү тиркөө зарыл: - адамдын жүзүн даана чагылдырган 30х40мм өлчөмүндөгү түстүү сүрөт - 2 даана; - тез көктөмө - 1 даана; - кагаз конверт - 1 даана |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат алыш үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын дал келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун күткөндөрүнө дал келүүсү; - даттануу жана сунуштар китебинин керектөөчү үчүн жеткиликтүү жайда болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Жарым-жартылай берилет. Документтерди электрондук түрдө тапшырса болот, ал эми кайрылмандын күбөлүгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке өзүнө берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына ылайык келбеген учурда; - кайрылмандын күбөлүгүн берүүгө тоскоолдук болуучу фактылар жөнүндө маалымат ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан тастыкталган учурда; - эгерде керектөөчү тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш кылса; - эгерде керектөөчү мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырса; - эгерде керектөөчү Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыгып, анын аймагынын биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга чакырса; - эгерде керектөөчү террористтик аракеттери же киши өлтүргөндүгү үчүн соттолгон болсо; - эгерде керектөөчү келген максаты тууралуу өтүнүч катын берүү учурунда өзү жөнүндө жалган маалымат берген болсо; - эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки жана кат жүзүндө кайрылууга укуктуу. Кат жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун мазмуну, колу жана берилген күнү көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Кат жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү, катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда, керектөөчү эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |