Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2019-жылдын 12-июну № 08-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап – Тимур Эднанович Карабаевдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун, Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Айсулуу Жаныбековна Букамбаеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Т.Э. Карабаевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.М. Киргизбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 21-январында Т.Э. Карабаевдин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 31-беренесинин 3-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, арыздануучу Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексинин айрым жоболору жазык сот өндүрүшүнүн принциптери менен милдеттерине карама-каршы келет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында жабырлануучулардын жана жашы жете электердин кепилденген укуктарын бузууда дейт.
Кайрылуу субъекти белгилегендей, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процесстик макулдашуу жана кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу сыяктуу процесстик макулдашуулардын укуктук институтун өзүнө камтыган бир катар жаңылыктарды караштырат.
Оор жана анча оор эмес кылмыштар категориясына таандык кылмыштар боюнча күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процесстик макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. Бул макулдашуунун алкагында шектелүүчү же айыпталуучу жабырлануучунун зыянынын ордун толтурууга макул болгон шартында күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө өтүнүч киргизүүгө укуктуу. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процесстик макулдашууну түзгөн адамга сот эркиндигинен ажыратууга байланышпаган же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин конкреттүү беренеси менен каралган санкциядагы жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде жаза берилиши мүмкүн. Жазалар беренесинде эркинен ажыратууга байланышпаган санкция болбогон учурда эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза конкреттүү беренеде караштырылгандан бир категория ылдый берилет. Мында адам менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө пробациялык көзөмөл колдонулбайт.
Т.Э. Карабаев күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну колдонгондо мындай макулдашууну түзгөнгө жабырлануучунун макул же макул эместиги такыр эске алынбайт, бул өз кезегинде мамлекеттик жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулук көйгөйүн туудурат, анткени жабырлануучу кылмышкердин процесстик экономиянын коомдук кызыкчылыгынан улам гана тиешелүү жаза чарасын тартпай калышы менен макул болбой калышы мүмкүн деп эсептейт. Ушундан улам мындай аракеттердин адеп-ахлак жана мораль аспектилери менен айкалышуусун эске алуу менен калыстык маселелери актуалдуу болуп калууда.
Т.Э. Карабаевдин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдеринде мамлекеттик кызыкчылык жабырлануучулардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз басымдуулук кылууда. Мамлекет кылмышкердин күнөөнү мойнуна алууга жана аны эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны алууга жабырлануучу макул болбогон учурда, атүгүл мындай мамиле жасалууга каршы болгон учурда да билип туруп ага жол берүүдө. Ошентип, айыпталуучу адам күнөөнү мойнуна алуу аркылуу эркиндигинен ажыратууга байланышкан жазадан жеңил баш тарта алат же аны кыйла жеңилдете алат.
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасында жабырлануучунун пикири такыр эске алынбасын, себеби коомдук кызыкчылыктар жана түшүнүктөр жеке адамдын (жабырлануучунун) субъективдүү пикиринен кыйла жогору тургандыгын белгилейт.
Андан тышкары, Т.Э. Карабаев күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууларды түзүүдө өзөктүү чечимдерди кабыл алуу боюнча процесстен жабырлануучуну жокко чыгаруунун орундуулугу жана мыйзамдуулугу туурасында ал жогоруда көрсөткөн аспектилер суроолорду пайда кылууда деп белгилейт. Бул адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнүн адеп-ахлактык жана моралдык баалуулуктарына жартылай негизделген сот адилеттүүлүгүнүн тутумунун маңызын бурмалоо мүмкүндүгү бар, ал жабырлануучунун материалдык залака жана зыян көрсөткүчтөрү болбогон кызыкчылыктарын канааттандырууга да тийиштүү болушу мүмкүн.
Кайрылуу субъекти, кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашууну түзүү маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 4-бөлүгүндө жашы жете элек аны менен мындай макулдашуу түзүүгө мүмкүн болгон субъект катары көрсөтүлгөн эмес деп белгилейт.
Ушуга байланыштуу, Т.Э. Карабаев жашы жете элек мындай макулдашууну адвокат же мыйзамдуу өкүл аркылуу түзүүгө укуктуу деп эсептейт. Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, келтирилген жүйөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген кодулоого тыюу салуу, соттук коргонуу, өз пикирин билдирүү укуктары талашылып жаткан ченемдер тарабынан бузулушун ырастап турат.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 28-февралындагы аныктамасы менен Т.Э. Карабаевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
2019-жылдын 31-майында арыздануучу өзүнүн өтүнүчүнө толуктоо киргизген, анда ал талашылып жаткан ченемдер тарабынан жашы жете электердин укуктарынын бузулушуна тийиштүү кошумча аргументтерди келтирген. Маселен, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту жана 491-беренесинин 4-пункту жашы жете элек шектелүүчү жана айыпталуучу менен процесстик макулдашуу түзүү мүмкүндүгүн бербейт, бул ар кандай жагдай-шарттарга карабастан кодулоону тыюу салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу болуп саналат деп дагы бир жолу баса белгилеген.
Кайрылуучу тарап сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.Т. Молдобаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына кийинкидей негиздер боюнча карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруудан шектелүүчүнү, айыпталуучуну бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт, ушуга байланыштуу талашылып жаткан ченемдерде жабырлануучунун укуктары бузулган жери жок. Мыйзам чыгаруучу күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда да жабырлануучуга кылмыш менен келтирилген зыяндын орду тургузулушу керек деп караштырган. Жабырлануучу зыяндын, залаканын ордун толтуртуу укугунан ажыратылбайт, күнөөнү мойнуна алуу шектелүүчүнү, айыпталуучуну жазадан жалпысынан бошотпойт, болгону гана жумшагыраак жазаны караштырат. Жасалган кылмыш үчүн жазанын болушунун принциби сакталат.
Жашы жете электер менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу жөнүндө түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө талашылып жаткан ченемдердин талаптары алардын укуктарын бузбайт, себеби Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 54-главасына ылайык жашы жете электер туурасында жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчө тартиби караштырылат. Андан тышкары, жашы жете электердин укуктары аларга карата алда канча жеңил жаза чараларын караштырган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин ченемдери менен корголгон.
Жосунду акыл-эси жайында эместиги абалында жасаган же кылмыш жасагандан кийин психикалык дартка чалдыккан адамдар менен макулдашууну түзүүнүн мүмкүн эместиги бөлүгүндө талашылып жаткан ченемдердин талаптары Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылышы мүмкүн эмес, анктени бул адамдар өзүнүн психикалык абалына байланыштуу аракеттерине жооп бере албайт жана өзүнүн аракеттерин мойнуна алган күндө да алардын кесепетин биле албайт.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процесстик макулдашуу үчүн белгиленген шарттар жана чектөөлөр соттук коргоого болгон конституциялык кепилдиктерди бузбайт жана жаш курагы боюнча кодулоо катары бааланышы мүмкүн эмес, себеби жабырлануучу соттук талаш-тартышта сөз сүйлөөгө, айыпты колдоого, шектелүүчүдөн, айыпталуучудан, соттолгондон кылмыш менен келтирилген мүлктүк жана моралдык зыяндын ордун толтурулушун алууга укуктуу. Бирок, жабырлануучу айыпталуучу үчүн жазаны аныктоодо катыша албайт, бул соттун өзгөчө укугу. Прокурор сотту айыпталуучуга кайсы бир жазанын берилиши жөнүндө гана сурана алат. Демек күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдө жабырлануучунун катышуу зарылдыгы жок.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процесстик макулдашуу боюнча талашылып жаткан ченемдерде жабырлануучунун укуктарынын бузулган жери жок, анткени ал сот отурумунда катышууга жана сот актысына даттанууга укуктуу. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 492-беренесинин 6-бөлүгүндө өкүм 43-главанын талаптарына ылайык, тактап айтканда, жабырлануучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен жалпы тартипте чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясында каралган процесстик макулдашуулардын институту жазык процессинин колдонуудагы принциптеринин маңызын, укуктук мамилелер тармагынын максаттарына жана милдеттерине алардын өлчөмдөштүгүн түшүнүүдө, ошондой эле сот өндүрүшүнүн жеңилдетилген процедураларын киргизүүдө өткөрүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын бир бөлүгү болуп саналат. Бул процедуралар жазык сот өндүрүшүнүн дифференциациялоо белгилеринин чагылуусу болуп саналат жана принципиалдуу маанилүү орнотмолордун камсыз кылынышына муктаж. Ушул шарттарда макулдашылган өндүрүш контекстинде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу жабырлануучуга жазык кылмышынын же жосундун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун тургузуунун тездетүү ыкмасынын бири катары бааланат. Кызматташуу жөнүндө макулдашуу өзүнүн касиети менен өзгөчө кооптуу кылмыштардын ачылышына жана тергелишине көмөк болот. Процесстик макулдашуунун институту инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан коргоо; инсанды, коомду жана мамлекетти мыйзамсыз жана негизделбеген айыптоодон, соттоодон, анын укуктары менен эркиндиктеринен чектөөдөн коргоо; кылмыштарды жана жосундарды тез жана толук тергөө жана жазык мыйзамдарынын туура колдонулушу; материалдык зыяндын жана моралдык залаканын толтурушунун камсыз кылуу катары жазык өндүрүшүнүн ушундай милдеттерине туура келет.
Баяндалганды эске алуу менен, жоопкер тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын талаптарын канааттандыруудан баш тартууну суранууда.
Жоопкер тараптын башка өкүлү Ч.М. Бердимуратов А.Т. Молдобаевдин жүйөлөрүн колдогон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү А.Ж. Букамбаева кийинкидей пикирин билдирген.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын жазык процесстик мыйзамдарында жаңылык болуп саналат. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында келишимдин жардамы менен мамлекет менен укук бузуучунун ортосунда белгилүү бир компромисске жетишүү болуп жаткандыгына байланыштуу прокурорго шектелүүчү (айыпталуучу) менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү мүмкүндүгүнүн берилиши мамлекеттин жаңы идеологияга өтүшүн көрсөтүүдө.
Европа Кеңешинин Министрлер комитетинин № R (87) 18 рекомендациясында жазык сот адилеттигиндеги процесстик макулдашуулар жазык иштерди кароонун процедураларын процесстик үнөмдөө, жеңилдетүү жана кыскартуу, адамдардын кайтарууда болуу мөөнөттөрүн азайтуу, жазык иштерин кароого сарпталуучу каражаттарды сактоо, судьялардын иш жүгүн азайтуу ыкмалары катары чечмеленет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 1, 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык шектелүүчү, айыпталуучу анча оор эмес жана оор кылмыштар жөнүндө жазык иштери күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү жөнүндө өтүнүч киргизүүгө укуктуу.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө мындай макулдашуунун укуктук кесепеттери болуп жазык ишти жеңилдетилген тартипте кароо жана жазаны жумшартуу саналат.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 80-беренесине ылайык күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну адам менен түзгөндө сот, санкцияда каралган конкреттүү берененин жазанын минималдуу өлчөмүнүн чектеринде эркинен ажыратууга байланышпаган жазаны берет. Санкциясында эркинен ажыратууга байланышпаган берене болбогон учурда эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза санкциянын конкреттүү беренесинде каралгандан бир категория ылдый берилет.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу шектелүүчү, айыпталуучу жана мамлекеттик айыптоонун тарабы катары прокурор менен түзүлөт. Мында мамлекеттик айыптоонун тарабы жазык жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдын күнөөлүү экендигин далилдеп берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн адамдарга кылмыш жасаганын мойнуна алуу даярдыгын жана ниетин билдирүү менен жазаны кыска жолу менен баштап тартуу укугу берилет. Мында, чындыгында күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн жабырлануучунун макулдугу талап кылынбайт.
Бул жагдай күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө арыздарды жана өтүнүчтөрдү кароо тартибин караган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487, 488-беренелеринин жоболорунан келип чыгат жана жазык процессиндеги жабырлануучунун укугун чектебейт.
Ошентип, жаза дайым кылмыш жасаган адамды ар кандай мүнөздөгү жапа чегүүгө, укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө байланыштуу. Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 9-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталгандай дене-бой азабы же адамдык ар-намысты кемсинтүү жазанын максаты болуп саналбайт. Тескерисинче, реформаланып жаткан мыйзамдар жазаны орнотууда болушунча гуманизм жана оңолуу менен социализацияга жетиштүү принциптеринен чыгат. Ушул эле максат менен жазык мыйзамы берилип жаткан жазаны жумшартуу үчүн ар кандай процесстик мүмкүндүктөрдү орнотот.
Жаза мамлекеттин атынан, соттун өкүмү боюнча берилүүчү, жазык мыйзамы менен орнотулган, жасалган кылмыштын расмий мамлекеттик баасын билдирген мамлекеттик мажбурлоонун чарасы болуп саналат, бул жазык жазанын конкреттүү түрүн жана өлчөмүн аныктоо мамлекеттин өзгөчө укугу экенин көрсөтүүдө. Ушул принцип күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда жазаны берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 80-беренесинде орун алган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу, эгерде шектелүүчү, айыпталуучу кылмыштын жасалгандыгы боюнча иште болгон далилдерди, өздөрү келтирген зыяндын мүнөзүн жана өлчөмүн талашпаса, ошол учурда гана күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлөөрүн баса белгилеген. Ошентип, зыяндын ордун толтурууга болгон жабырлануучунун укугу толугу менен эске алынат.
Кылмыштардан жабырлануучунун укуктарын калыбына келтирүү мамлекеттин милдети болуп саналат, мында бул жобо бир эле маалда жабырлануучу адам тарабынан адамга жүктөлүп жаткан жазык жоопкерчилигинин чектерин алдын ала аныктоо укугу берилишин болжобош керек. Мындай укук, жазык-укуктук мамилелердин коомдук мүнөзүнө ылайык мамлекетке гана таандык болушу мүмкүн, ал эми башка учурда жумшагыраак жазаны колдонуу мүмкүндүгү жабырлануучунун абалына көз каранды болот. Андан тышкары, бул учурда каралып жаткан укуктук каражатты анын социалдык касиетине карама-каршы кара ниеттик менен пайдаланууну же жеке кызыкчылыктарга зыян келтирүү максатында болжогон жабырлануучу тарап укукту кыянаттык менен пайдалануу, шектелүүчүнүн же айыпталуучунун укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үчүн объективдүү тоскоолдуктарды жаратуу коркунучу бар.
Башкасынан тышкары, күнөөнү мойнуна алуу жөнүндөгү макулдашууну күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө прокурордун укугун караган жазык-процесстик мыйзамдын башка ченемдери менен бирге кароо зарыл. Мында, жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүнө жана мүнөзүнө ылайык макулдашуу түзүүнүн шартын жана жабырлануучунун сот чечимдерин, анын ичинде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө токтомду даттануу укугун эске алуу менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлүп жатканда жабырлануучунун көз карашы прокурор тарабынан эске алынаары болжол кылынууга тийиш.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, А.Б. Букамбаева Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 489-беренесинин 1-бөлүгү, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 492-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна карама-каршы келбейт деп эсептейт.
А.Б. Букамбаева Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 492-беренесинин 5-бөлүгүн талашылып жаткандыгы туурасында, чындыгында, жазык мыйзамы менен тыюу салынган жосундарды жасаган жашы жете электер жана акыл-эси жайында эмес абалда болгон же кылмыш жасагандан кийин психикалык жүрүм-туруму бузулган адамдар менен кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу түзүлүшү мүмкүн эместигин белгилейт.
Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар жана жосундар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн тартиби жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчө тартибинде жүзөгө ашырылат. Жашы жете электерге карата сот адилеттигинин тутуму, биринчи кезекте, жашы жете электин камын көрүүгө жана укук бузуучунун өзгөчөлүктөрүнө жана укук бузуунун жагдайларына жараша таасир этүүнүн чараларынын өлчөмдөштүгүнө багытталган. Жашы жете электер туурасында жазык мыйзамдарына ылайык тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын жана жазанын жумшагыраак чараларын кошкондо жазык-укуктук таасир этүү чараларынын өзгөчөлүктөрү караштырылган.
Мунун өбөлгөсү болуп өнүгүү процесси аяктай элек балдардын өзгөчө алсыздыгы жана алардын чектелүү мүмкүндүгү болот. Ошондуктан сот адилеттиги жашы жете электер туурасында өзүнүн көңүлүн жасалган укуктук бузуунун мүнөзүнө гана эмес, анын жасалышынын себептерине да бурат.
Жашы жете электер туурасындагы мындай талап негиздүү болот, себеби сот тарабынан далилдерди изилдөөнү жана баалоону болжобогон процесстик процедураны жеңилдетүү жашы электер үчүн кошумча кепилдиктерди колдонууну камсыз кылууга жана алар туурасында калыс чечим кабыл алууга жол бербейт.
Жашы жете элек бала өзүнүн жаш курагына, эмоционалдык, рухий жана интеллектуалдык жетилбегендигине байланыштуу кызматташуу жөнүндө берилген өтүнүчтүн мүнөзүн жана кесепетин толугу менен билбейт жана өзүнүн аракеттери менен коргоочунун, ата-энесинин же камкорчунун аракеттерине толук кандуу баа бере албайт. Бул учурда мыйзам толук кандуу соттук териштирүүнү жүргүзүү үчүн мындай адамдарга кошумча кепилдиктерди берүү зарылдыгынан келип чыгат.
Андан тышкары, жашы жете электердин иштери боюнча сот адилеттиги жаатында эл аралык укуктун жоболору жазык процессинин ар кандай стадиясында жашы жете электердин укуктарынын ар кандай түрдө чектелишине жол бербейт. Маселен, 1924-жылдагы Бала укугунун Женева Декларациясы, 1959-жылдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын Бала укуктарынын декларациясы, 1989-жылдагы Баланын укуктары жөнүндө Конвенция жана 2000-жылдагы Факультативдик протоколу, 1985-жылдагы Жашы жете электер үчүн сот адилеттигин жүргүзүү үчүн БУУнун Минималдуу Стандарт Эрежелери (Бейжин эрежелери) жана эл аралык уюмдардын башка актылары.
Ошентип, А.Ж. Букамбаева Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 492-беренесинин 5-бөлүгү жашы жеткен адамдарга карата жашы жете электерди кодулоочу ченем катары каралышы мүмкүн эмес, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков ушул сыяктуу көз карашта жана өңчөй аргументтерди келтирүүдө. Ушуга байланыштуу, Э.Б. Искаков арыздануучунун талашылып жаткан ченемдер менен жабырлануучунун, шектелүүчү жашы жете электин, айыпталуучунун укуктарынын бузулушу жөнүндө тыянактары негизсиз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т. Айтбаев Президенттин Аппаратынын жана Жогорку соттун өкүлдөрү менен өңчөй көз карашта. Ошону менен бирге, ал мындай адамды тиешелүү процесстик статуска жана жазык иштин калыс чечилиши, ага келтирилген зыяндын ордунун толтурулушу жана күнөөлүүнүн жазаланышы максатында өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүнө өз убагында ээ болушу мамлекеттин милдети экендигин кошкондо, соттук коргоого жабырлануучунун конституциялык укугун камсыз кылууну сөзсүз маанилүү экендиги жөнүндө белгилейт. Ушуга байланыштуу, У.Т. Айтбаев болжогондой, күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлүп жатканда жабырлануучунун көз карашы өзөктүү болушу керек деген пикирдин негизи бар, себеби ал кылмыштын кесепетинен жапа чегип жатат, ал эми кийин жагында соодалашуу мүнөзүнө айланган бул маселенин чечилишин мамлекеттик органдардын карамагына калтырганда, ал дайыма эле жабырлануучунун кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн эмес.
Андан тышкары, анын пикири боюнча, жазык сот өндүрүшүнүн тездетүүнүн актуалдуулугун эске алуу зарыл, анткени өткөн учурларда жазык иши боюнча тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн негизсиз созулушуна алып келген жабырлануучунун келбегендиги сыяктуу факторлор кеңири таралган болуучу.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, У.Т. Айтбаев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 489-беренесинин 1-бөлүгү, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 492-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн жоболоруна карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 492-беренесинин 5-бөлүгү туурасында У.Т. Айтбаев жашы жете электин укуктарынын чектелишинин талаш моменттеринин бири болуп кызматташуу жөнүндө макулдашуунун психологиялык жагы саналат деп эсептейт. Чындыгында, жашы жете электин мүнөздүү жаш курагынын өзгөчөлүгү ой-жүгүртүүнүн жетилбегендиги, социалдык тажрыйбанын жоктугу, психиканын туруксуздугу, ишенчээктиги ж.б. болуп саналат. Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу айыптоо тарабынан жашы жете элекке карата кыянаттык кылуу коркунучун толук жокко чыгаруу мүмкүн эмес, жашы жете элек кылмыштын тең-катышуучуларына жалаа жабуу коркунучу дайыма кала берет.
Бирок жазык-процесстик мыйзамдары жашы жете электердин, шектелүүчүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын камсыз кылуунун өзгөчө кепилдиктерин караштырган зарыл болгон ченемдерин камтыйт, аларды жүзөгө ашыруу милдети айыптоо, коргоо тарабынан өкүлдөрүнө, сотко жүктөлгөн, ал эми кылмыштын тең-катышуучуларына жала жабуунун мүмкүндүгүн болтурбоо жана шектелүүчүлөрдүн же айыпталуучулардын айткан көрсөтмөлөрүнүн негиздүүлүгүн текшерүү - ал тергөөчүнүн милдети.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлүнүн пикири боюнча жашы жете электи кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүү мүмкүндүгүнөн мыйзам аркылуу ажыратуу жашы жете электин укуктарын мерчемдүү түрдө чектөөдө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева кийинкини белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 486-беренесинин жоболорунда Конституциянын 40-беренесине ылайык шектелүүчүгө кепилденген соттук коргоого укук жабырлануучуга да берилери эске алынбай турат, жабырлануучу да күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү процедурасын колдонууга өзүнүн макул эместигин билдире алат. Ошентип, жазык-процесстик сот өндүрүшүнүн катышуучусу болгон жабырлануучу кодулануучу абалда калууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык мүмкүн эмес.
Жабырлануучу тарап катары мамлекет болгон кылмыштар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү жабырлануучу тараптын макулдугу талап кылынбайт деп болжойт.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө жана кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү процедурасын колдонууга укук жашы жете электерге жайылтылбайт. Жашы 18ге жете элек балага карата жазык сот өндүрүшү бул адамдын жаш курагына байланыштуу бир катар чектөөлөрдү камтыйт. Мисалы, жашы жете элек 24 саатка гана сот чечимине чейин кармалышы мүмкүн. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери шектелүүчү жашы жете элек нагыз кармалган учурдан же анын биринчи жолу суракка алынышынан тартып иште катышат.
Жашы жете электерге өзгөчө мамиле болуунун зарылдыгы Бала укуктарынын декларациясында, ошондой эле көптөгөн эл аралык документтерде каралат.
Кодулоого тыюу салуу Бала укуктары жөнүндө конвенцияда так аныкталган, 4-беренесине ылайык балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо балдарды кодулоого жол бербестик принциптерине жана баланын тагдырына тиешелүү чечимдерди кабыл алууда өзүнүн пикирин билдирүүгө баланын укугун камсыз кылууга негизделет. Ушундан улам, жашы жете электин жаш курагына байланыштуу, ага күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө жана кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашууну түзүүгө укуктун жайылтылбашы жашы жете электин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Мында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жашы жете электи жазык сот адилеттигинин тутумунан кийинкидей жагдайлардын болушунан улам колдонулуп жаткан чыгаруу институту караштырылган, ал: ал анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган; шектелүүчү жашы жете элек мурда соттолгон эмес; жашы жете элек жазык сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жана медиация программасында катышкан эмес; жашы жете элек жасаган кылмышын мойнуна алган.
Баяндалганды эске алуу менен, А.М. Курманбаева талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген тыянакка келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирин угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп жабырлануучулардын макулдугусуз күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдө жабырлануучудардын жана кызматташуу жөнүндө макулдашуунун субъекти боло албаган жашы жете электердин укуктарынын сакталышын текшерүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин төмөнкүдөй мазмундагы 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 489-беренесинин 1-бөлүгү, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 492-беренесинин 5-бөлүгү саналат:
«487-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмө билдирүүнүн тартиби
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй шарттар болгондо түзүлүшү мүмкүн:
1) шектелүүчү, айыпталуучу жашы жеткен адам болсо жана ал өзү билдирген өтүнүчтүн мүнөзүн жана натыйжаларын түшүнсө;
2) өтүнмө ыктыярдуу түрдө жана жактоочу менен консультация өткөргөндөн кийин билдирилсе;
3) шектелүүчү, айыпталуучу шектенүүнү, айыптоону жана кылмыштын жасалгандыгы боюнча иште болгон далилдерди, өздөрү келтирген залалдын мүнөзүн жана өлчөмүн талашпаса.
4. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй учурларда түзүлүшү мүмкүн эмес:
1) жазыктык мыйзамда тыюу салынган аракетти акыл-эси жайында эмес абалында жасаган же кылмышты жасагандан кийин психикалык дартка чалдыккан адамдар менен;
2) кылмыштар жыйынды түрүндө жасалып, алардын бири эле ушул беренеде каралган талаптарга туура келбегенде.
488-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмөнү кароонун тартиби
2. Прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) анын түзүлгөн датасы жана орду;
2) айыптоо тарабынан макулдашууну түзүүчү прокуратура жана тергөө органынын кызмат адамы;
3) макулдашуу түзүп жаткан шектелүүчүнүн фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, башка маалыматтары, коргоочу жөнүндө маалыматтар;
4) кылмыштын жасалган убактысын, жерин ошондой эле далилденүүгө жатуучу башка жагдайларын көрсөтүү менен анын сыпатталышы;
5) Жазык кодекстин ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, анын бөлүгү, пункту;
6) Жазык кодекстин айыпталуучуга карата колдонулушу мүмкүн болгон жеңилдетүүчү жагдайлары жана ченемдери, Жазык кодекстин 80-беренесинде каралган жазанын түрү жана өлчөмү.
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга прокурор, тергөөчү, шектелүүчү, айыпталуучу жана анын жактоочусу кол коёт.
489-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну тергөө судьясынын карашы
1. Тергөө судьясы прокурордон келип түшкөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну прокурордун, шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусу менен карайт.
491-берене. Сот отурумун жүргүзүүнүн жана токтом чыгаруунун тартиби
3. Айыптоочунун позициясын аныктоо менен судья жактоочуга жана мамлекеттик айыптоочуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата өздөрүнүн пикирин билдирүүсүн сунуш кылат, ошондой эле алардын макулдашууну колдой тургандыгын тактайт.
4. Айыпталуучу, мамлекеттик айыптоочу күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга каршы болгон учурда судья сот отурумун токтотуу жана жазык ишин жалпы тартипте кароону дайындоо жөнүндө токтом чыгарат. Мында айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алышы өкүмгө негиз болушу мүмкүн эмес жана ал башка далилдер менен бирге жыйынтыкталып, бааланышы керек.
492-берене. Кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмө билдирүүнүн тартиби
5. Кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу жашы жете элек адамдар жана жазыктык мыйзам тыюу салган жорукту акыл-эси жайында эмес абалда жасаган адамдар же кылмыш жасагандан кийин психикалык дартка чалдыккан адамдар менен түзүлүшү мүмкүн эмес.».
2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 15-февралындагы №№ 23-28 сандарында жарыяланган, «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 31-январындагы № 9 санында жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук катары, алардын түздөн-түз колдонулушу, ажырагыстыгы жана ар бир адамга төрөлгөндөн тартып эле таандык экендиги кепилденет. Алар бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт (16-берене 1-бөлүк).
Бул конституциялык орнотмо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде бир нече жолу белгилегендей, укуктук мамлекеттин ажырагыс атрибуту жана биринчи кезектеги милдети болуп адамдын өзүн баалуулук катары таануу жана анын субъективдүү укуктарын коргоо саналат. Алар мамлекетти коомдук мамилелердин негизги жөнгө салуучусу катары адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мыкты коргоону камсыз кылууга ылайыктуу укуктук тутумду курууга жана укуктук механизмдерди түзүүгө милдеттендирет.
Мамлекет тарабынан адамдын жана жарандын субъективдүү укуктарын таануунун негизги милдети болуп адамга өзүнүн жүрүм-турумун эркин аныктоого мүмкүндүктү кепилдикке алууда турат.
Ошону менен бирге, башка адамдарга, коомго, мамлекетке зыян келтирбеген ченемде гана жеке адамдын эркин жүрүм-турумуна жол берилет. Ушуга байланыштуу, тармактык (жарандык, административдик, жазык ж.б.) мыйзамдарда ар ким өзүнүн жүрүм-турумунун варианттарын тандоого болгон чектеринде уруксаттар менен тыюу салуулар орнотулат.
Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму укук коргоочу каражаттардын кеңири спектрин, анын ичинде юридикалык жоопкерчиликтин ар кандай формаларын, ошондой эле адамдын жана жарандын негизги укуктарынын дагы, коомдун (мамлекеттин) кызыкчылыктарынын дагы сакталышын жана корголушун камсыз кылууга жол берген жыйындысынын так чийилип көрсөтүлгөн процедураларын караштырат.
Коомдук коркунучтун жогорку даражасына байланыштуу юридикалык жоопкерчиликтин формаларынын бири болуп кылмыш жасаган адамга мажбурлап таасир этүүнүн укуктук каражаты болгон жазык жоопкерчилиги саналат. Жазык жоопкерчилигинин күчүнө кириши соттун өкүмүнүн негизинде адамды күнөөлүү экендигин таанууга жана конституциялык-маанилүү баалуулуктарга кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу үчүн анын укуктары менен эркиндиктеринин чектелишине алып келет.
Жазык жоопкерчилиги кылмыш жасаган адамдын укукка каршы аракеттерине коомдун реакциясы болуп саналат жана ошондуктан мамлекет жана ушул адам ортосунда пайда болуп жаткан укуктук мамилелер коомдук-жеке мүнөзгө ээ болот. Мындай укуктук мамилелер материалдык жана процесстик укуктун ченемдери менен регламенттелген өз ара укуктар жана милдеттер менен айкалышкан.
Материалдык укук инсанды, коомду жана мамлекетти жазык тарабынан жазалануучу жосундардын белгилерин жана анын квалификациялык мүнөзүнө жараша жазыктык-укуктук жоопкерчиликтин конкреттүү чараларын орнотуу аркылуу кылмыштуу кол салуулардан тике коргоо предметин аныктайт. Мында процесстик укук материалдык укукту жүзөгө ашыруу каражаты катары жазык сот өндүрүшүнүн субъектилерине карата жазык жоопкерчилигин колдонуу шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
3. Жасалган кылмыш үчүн калыс жаза берилишинин шарттарынын бири болуп жазык жоопкерчиликти мыйзам чыгаруу деңгээлинде дифференциациялоо саналат. Мындай дифференциациялоонун көптөгөн формалары менен бирге алдыңкы роль кылмыштардын оордугуна жараша категорияларга бөлүштүрүү институтуна таандык.
Бул жазыктык-укуктук институт маанилүү болуп саналат, себеби кайсы бир кылмышты анык бир категорияга киргизүү жазыктык-укуктук кесепеттердин кеңири курамына алып келет, бул натыйжада, жазык жоопкерчиликти дифференциациялоону жана жазаны жекелештирүүнү камсыз кылат. Кылмыштарды бул сыяктуу категориялаштыруу жазыктык мыйзамдын ченемдерин тутумдаштырууга жол берген табигый көрүнүш болуп саналат. Бул бир жагынан, анча маанилүү эмес кылмыштарды жасаган адамдарга карата жазыктык мыйзамдуу гумандаштыруу менен, экинчи жагынан, - коом үчүн өзгөчө кооптуу кесепеттерине мүнөздүү рецидивге ээ болгон, уюшкан кылмыштуулук үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу менен байланыштуу.
Анча оор эмес жана оор кылмыштардын түрү – бул Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде бекитилген жана өзүнүн мазмуну, коомдук коркунучтун мүнөзү жана сапаттык параметрлер боюнча бири бирине жакын кылмыштардын категориялары болуп саналат. Аларга кылмыштуулуктун жазыктык-укуктук кесепеттеринин типтүү (аналогиялуу же ушул сыяктуу) курамы таандык. Бул категориялар ортосунда айырма эң башкысы сандык параметрлерге келип такалат: ал коомдук коркунучтун даражасы жана жазыктык-укуктук түйшүктүн көлөмүнүн таасир этүү деңгээли.
4. Жазыктык-укуктук мамилелердин коомдук мүнөзүнө жараша мамлекет жазык жоопкерчилигинин чектерин гана эмес, сот адилеттигине жетишүүнүн ар кандай жолдорун караштырган процедураларды да, анын ичинде жазык жоопкерчилигинин чарасын жеңилдетүүгө жана жазык куугунтугунун процедурасын жеңилдетүүгө жол берген негиздерди мыйзамда аныктоого ыйгарым укуктуу.
Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар алкагында күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө, кызматташуу жана элдешүү жөнүндө макулдашууну өзүнө камтыган процесстик макулдашуунун укуктук институтун караштырган.
Шектелүүчү, айыпталуучу өзүнүн күнөөсүн мойнуна алууга байланыштуу жасалган анча оор эмес жана оор кылмыш үчүн мамлекет жазанын өлчөмүн азайтууну кепилдегенде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу өзүнүн табияты боюнча жосундун жазыктык-укуктук квалификациясы жана жазанын өлчөмү маселесинде айыптоочу тарап жана коргонуучу тарап ортосунда макулдашууну бекиткен процесстик документ болуп саналат. Процесстик макулдашууну түзүүнүн негизги максаты мыйзамдуулуктун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо, күнөөсүздүк презумпциясынын принциптерин жана жазык процессинин башка негизги башаттарын катуу сактоодо түзүлгөн макулдашуунун шарттарына ылайык кылмыштарды тез жана толугу менен ачуу, тергөө жана ишти жеңилдетилген тартипте сотко чейинки тездетилген өндүрүш жана сотко чейинки териштирүүнү жүзөгө ашыруу жолу менен жазык процесстин башка милдеттерин ыкчам аткаруу болуп саналат.
Кылмыштын себептери, шарттары жана башка жагдайлары ачылганда, ага тиешеси бар башка адамдардын бети ачылганда жасалган кылмыш боюнча күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процесстик макулдашуунун максаты акыйкатты тезинен аныктоо болуп саналат. Мындай макулдашуу убакыттын, мамлекеттин (тергөө, прокуратура органдарынын, соттун) жана жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын күчүнүн жана каражаттарынын жумшалышын процесстик үнөмдөлүшүнө жетишүүгө багытталган.
Бирок мында, мамлекеттен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу сыяктуу мындай укуктук каражатты колдонууда, бир жагынан, шектелүүчүнүн, айыпталуучунун процесстик укуктарын жүзөгө ашыруунун бирдей шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, экинчи жагынан, башка жалпыга маанилүү конституциялык орнотмолорду аткаруу милдети алынбайт.
Укук колдонуу органдары процесстик макулдашуулар институтун колдонууда кылмыштуу кол салуулардан жабырлануучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын таанууга, сактоого жана коргоого мамлекеттин милдетин алдын ала аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптары менен байланыштуу болот (16-берененин 3-бөлүгү, 29-берененин 1-бөлүгү, 40-берененин 1-бөлүгү). Шектелүүчү, айыпталуучу менен процесстик макулдашуунун укуктук институтунун жүзөгө ашырылуусу жабырлануучунун соттук коргоого жана бузулган укуктары менен кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө болгон анын конституциялык укуктарынан ажыратуу менен байланышпашы керек. Жабырлануучунун көрсөтүлгөн укуктарынын кепилдикке алынганынын көлөмү да, даражасы да мамлекет тарабынан жазык куугунтугун жүзөгө ашыруу боюнча анын ыйгарым укугунун жүзөгө ашырылуусуна көз каранды боло албайт. Башкасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунда, 40-беренесинин 1-бөлүгүндө жабырлануучуга мамлекет тарабынан сот адилеттигине жетишүүсүн камсыз кылууга бекитилгенди гана эмес, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө жарыяланган мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптин да бузулушуна алып келмек.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнөн келип чыккандай, ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасоодо күнөөлүү деп эсептелбейт. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес. Башкача айтканда айыпталуучу тарабынан күнөөнү мойнуна алуусу өкүмдүн негизине салынышы мүмкүн эмес жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 491-беренесинин 4-бөлүгү талап кылгандай башка далилдер менен жыйынтыкталып бирге бааланышы керек.
Ошентип, мамлекет, процесстик макулдашуулар институтун киргизүү аркылуу жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн орнотуу менен жабырлануучулардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушунун кепилдигин, ошондой эле сот адилеттигине жетишүү максаттарын, күнөөсүздүк принциптеринин сакталышын жана жазанын болушун камсыз кылуу зарылдыгы менен байланыштуу.
5. Мыйзам чыгаруучу жазыктык-процесстик мыйзамдарда процесстик макулдашуулар институтун караштыруу менен аларды түзүүдө диспозитивдүүлүк принцибин орноткон. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык белгилүү бир шарттар сакталганда күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгү гана орнотулган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 488-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууга да, андан баш тартууга да укуктуу. Мында, күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 4-бөлүгүндө караштырылган негиздер күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууда прокурордун баш тартуусу үчүн толук кандуу негиздер катары кандайдыр бир ченемде каралышы мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн негиздер ар бир конкреттүү иштин жагдайларын объективдүү баалоодо жана мындай макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу үчүн башка себептерди аныктап билүүдө прокурорду чектей албайт.
Муну менен процесстик макулдашуулар институтун жүзөгө ашырууда прокурорго өзөктүү роль берилет, ага иш жана эсепке алуу боюнча бардык жагдайларды, биринчи кезекте, коомдук кызыкчылыктар менен айкалышта кылмыштуу кол салуулардан жабырлануучунун кызыкчылыктарын баалоо, күнөөсүздүк презумпциясынын жана жазанын болушунун принциптерин камсыз кылуу боюнча олуттуу функция жүктөлөт.
Ошентип, прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ар бир конкреттүү учурда мындай макулдашуунун түзүлүшүнүн канчалык зарылчылыгы бар деген маселеден келип чыгууга милдеттүү. Жабырлануучу күнөөлүү адамга салынып жаткан жазык жоопкерчилигинин чектерин жана көлөмүн аныктай албайт. Жазык жоопкерчилигинин коомдук мүнөзүнүн басымдуулук кылуусуна жараша мындай укук ыйгарым укуктуу органдары аркылуу иштеген мамлекетке гана таандык.
Ушуга байланыштуу, күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн жабырлануучунун макулдугун алуу жөнүндө талаптын жоктугу жабырлануучунун соттук коргоого, кодуланбоого, өзүнүн пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурлабоого конституциялык укугунун бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгү, 31-беренесинин 3-бөлүгү, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү).
6. Кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген жаш курагы боюнча кодулабоонун принцибин бузуп жатат деп болжойт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук көз карашына ылайык кодулабоонун конституциялык принциби негизделбеген мүнөзгө ээ болгон ар кандай мамилеге тыюу салууну болжойт. Укуктарды жана эркиндиктерди жүзөгө ашырууда кодулоонун бардык формаларынан коргоону кепилдеген конституциялык теңдик принцибинин сакталышы, башкасынан тышкары, объективдүү жана акылга сыяр акталууга ээ болбогон бир эле категориядагы адамдардын укуктарында мындай айырмачылыктарды киргизүүгө тыюу салууну билдирет (2016-жылдын 11-майындагы Чечим).
Бирок талашылып жаткан ченемдерди жашы жете электерге карата колдонулбагандыгы кодулоонун кайсы бир формаларын жаратпайт, анткени эл аралык укуктун ченемдери бул категориядагы адамдардын жазык жоопкерчилигине тартууга карата кызыкчылыктарын мыкты коргоону камсыз кылган укуктук ыкмаларды болжойт.
Ошентип, Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга катышуучу-мамлекеттер, ага ылайык жазыктык мыйзамдарды бузгандыгы таанылган, аны бузууда айыпталып жаткан же күнөөлү деп таанылып жаткан, балада ал татыктуу жана маанилүү экендигинин сезимин ойготууга көмөк болгон, анда адамдын укуктарына жана башкалардын негизги кызыкчылыктарына урмат кылууну бекемдеген жана баланын жаш курагы менен коомго кайра аралашуусун жана анда пайдалуу ролго ээ болушуна көмөктөшүүнү эске алып, ар бир баланын укуктарын тааныйт. Ушул максаттарда катышуучу-мамлекеттер эл аралык документтердин тийиштүү жоболорун эске алуу менен, маселен, бала жазыктык мыйзамдарды бузган же аны бузууда айыпталып жатат деп эсептелсе, ага күбөлүк көрсөтмөлөрдү берүүгө же күнөөнү мойнуна алууга мажбурланбайт деп жок дегенде эркиндик кепилдигине ээ болушун камсыз кылышат (40-беренесинин 1-бөлүгү жана 2-бөлүгүнүн «b» пунктунун «iv» пунктчасы).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген ченемдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү экендигин эске алуу менен жашы жете элек адамдар (18 жашка) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун да, кызматташуу жөнүндө макулдашуунун да катышуучусу же тарабы боло албайт. Ушуга байланыштуу, жашы жете элек менен кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашууну түзүүгө тыюу салууну караштырган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн ченемдик жоболору теңдик же жарандарды жаш курагы боюнча кодулоого тыюу салууга кепилдик болгон конституциялык принциптерин бузган катары каралышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин талаптарын эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу жашы жете электерге карата бул категориядагы адамдар туурасында жазык жоопкерчилигинин санкциялык бөлүгүн кыйла жеңилдеткен жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчө тартибин (54-глава) караштырган, ошондой эле аларга карата алдын алуучулук-тарбиялык мүнөздөгү укуктук каражаттарды колдонуу мүмкүндүгүн кеңейткен.
Маселен, Жазык-процесстик кодекси тергөөчүгө жашы жете электи жазык сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу мүмкүндүгүн берген (458-берене), ошондой эле сотту өкүм чыгарууда пробациялык көзөмөлдү, тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жазадан бошотуу же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазанын берилишинин мүмкүндүгүн кароого милдеттендирет (461-берене).
Жазык процесстин жүрүшүндө жашы жете элек шектелүүчүгө, айыпталуучуга жашы жеткендерге салыштырмалуу мамлекеттик мажбурлоо чараларынын ичинен кыйла жумшак процедуралар колдонулат. Ошентип, 24 сааттык кармоонун кыска мөөнөтү колдонулат, анын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 21 сааттык мөөнөт аяктаганга чейин чечилиши керек (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 12-беренесинин 1-бөлүгү, 99-беренесинин 5-бөлүгү).
Мында Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси жашы элек тарабынан жасалган кылмышты жазаны жумшартуу жагдайлардын бири деп тааныйт (73-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту), ушуга байланыштуу, ушул адамдарга коомдук жумуштар (65-берене), түзөтүү иштери (67-берене), айып (68-берене) сыяктуу ар бир категориядагы кыскартылган жаза берилет, ошондой эле ооругандыгына байланыштуу жазаны тартуудан бошонуу үчүн кыскараак мөөнөт караштырылат (91-берене).
Жашы жете электерге карата колдонулуучу тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана жазалардын өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 17 жана 18-главаларында өзүнчө регламенттелген.
Ошентип, жазык жана жазык-процесстик мыйзамдар жашы жете электерге карата жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчө тартибин жана жазык жазанын жеңилдетилген чараларын колдонууну караштыруу менен жашы жете электерге процесстик макулдашууларды түзүүдөн кем эмес преференцияларды алууга мүмкүндүк берет. Мында күнөөнү мойнуна алуу, ошондой эле тергөө менен кызматташуу жагдайы жаза чарасын аныктоодо сөзсүз эске алынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгү талап кылгандай баланын эң эле мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу зарылдыгынан келип чыксак, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштарды толук кандуу сотко чейинки жана соттук териштирүүнү жүзөгө ашыруу маанилүү жагдай болуп саналат. Жашы жете электерге карата иштерди жалпы тартипте кароодо сот актыларын даттануу жана ишти жогору турган сотто кайра каратуу процесстик укукту пайдалануу мүмкүндүгү сакталат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту).
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жашы жете электерди жазык жоопкерчилигине тартуунун мындай укуктук жөнгө салуунун белгилениши мыйзам чыгаруучуга жашы жете электердин кызыкчылыктарын эң эле мыкты кылып эске алган укуктук механизмдерди киргизүү шартында аларды процесстик макулдашуулар түзүлө турган адамдардын категорияларына киргизүүгө тоскоолдук кылбайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 489-беренесинин 1-бөлүгү, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү, 492-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 31-беренесинин 3-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ