Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 252
Мамлекеттик сатып алууларда потенциалды күчөтүү долбоору боюнча Институттук өнүктүрүү фондунун грантын (№TF016497-KG) берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (“Дүйнөлүк банк”) ортосундагы Макулдашуу - катты бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик сатып алууларда потенциалды күчөтүү долбоору боюнча Институттук өнүктүрүү фондунун грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (“Дүйнөлүк банк”) ортосундагы Макулдашуу - кат бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (“Дүйнөлүк банк”) аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Макулдашуу – катт Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат